Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:21

Капаска кармаган келишим


Кыргызнефтегаз” мамлекеттик ишканасынын жаңы жетекчилиги мунай бургулоочу түзүлүштү орноткон “Юнитрейд” компаниясы менен соттошууда. Жогорку Сот бул боюнча ишти кароону кийинкиге калтырды.

Май жыттанабы?

“Кыргызнефтегаз” мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчиси, учурда “Республика” партиясынан депутат Исхак Пирматов өткөн жылы октябрь айында “Юнитрейд” компаниясы менен келишим түзүп, өздүк баасы 4 миллион долларлык бургулоочу түзүлүштү 8 жарым миллион долларга алып келип орноткон. Бул тууралуу “Кыргызнефтегаздын” жаңы жетекчилигинин аталган келишимди жокко чыгаруу боюнча доо арызында көрсөтүлгөн.

Ишкананын чарбалык иштер боюнча департаменттинин директору Өмүралы Анарбаевдин айтымында, жогорулатылган баадагы жабдуудан баш тартуу соттошууга алып келди:

- Биз акционерлердин чечими менен ал бургулоочу түзүлүштүн баасы өтө жогору экен деп иштетпей койгонбуз. Ал азыр ошол алып келген боюнча турат. Биз аны алып келген “Юнитрейд” компаниясын кайра алып кетишин талап кылганбыз. Алар болсо келишимди бузуп жатасыңар деп сотко беришти. Андан кийин сүйлөшкөнгө болбойт экен деп биз да ал келишимди жокко чыгаруу талабы менен сотко бергенбиз. Чындыгында ал келишим компанияны тоноого багытталган келишим. Биздин адистер Кытайга барып сапаты жагынан андан ашып түшкөн жана баасы беш миллион долларга арзан жабдууну таап келишти. Мурдагы жетекчилик менен бул “Юнитрейд” ишканасы бизди алдаган экен.

Дооматчылыкпы же жоомартчылыкпы?

Ошол эле учурда “Кыргызнефтегаздын” мурдагы жетекчилиги коюлган дооматты четке какты. Мурдагы жетекчилик бургулоочу түзүлүш түз сатылып алынбай, убактылуу теңшериктик келишимдин негизинде келгендигин жана мындай шартта тендер өткөрүлбөй тургандыгын белгиледи. Алардын айтымында, келишимде көрсөтүлгөн бургулоочу түзүлүштүн өзүнүн баасы 4 миллион АКШ долларынан ашпайт.

“Кыргызнефтегаздын” башчысынын мурдагы орун басары Ринат Макенов жаңы жетекчилик теңшериктик келишимди бузуу үчүн сандарды атайылап бурмалап жатат деп айыптады:

- Беш скважинаны толук камсыздай турган жабдуулары менен дагы төрт миллион болуп, Гуанчжодон алып келген жол киреси жарым миллион долларга түшкөн. Ошону менен баарын кошкондо 8,5 миллион болуп жатат. Ага “Кыргызнефтегаз” бир дагы сом төлөгөн эмес. “Юнитрейд” өзүнүн акчасына сатып келип, өз ара кызматташуу келишими аркылуу казылып алынган мунайдан бөлүшөсүңөр деген гана шарт болгон. Эки жылдан кийин жабдуулардын бардыгы силердики болот деп келишимде көрсөтүлгөн. Ошондуктан лизинг катары тендер өткөрүлгөн эмес.

Кара майдын карызы

“Юнитрейд” компаниясы мурда түзүлгөн келишим боюнча бургулоочу түзүлүштүн ордуна эки жыл аралыгында 31 миң тоннадан ашуун мунайзат алмак. Анын ар бир тоннасы 275 доллардан көрсөтүлгөн.

“Кыргызнефтегаздын” юристи Гүлсина Кожоярова мурдагы жетекчилик жана “Юнитрейд” компаниясы мамлекеттик ишкананы чыгымга учураткан бул келишимден эки кабат пайда көрүүнү көздөгөн деп эсептейт:

- Ошол мунайдын тоннасын 275 доллардан бергенде 8 миллион беш жүз миң доллар болуп жатат да. Ошол эле учурда мунайдын өздүк наркы жеринде 313 долларды түзөт. Анан мунайдын рыноктогу баасы ошол учурда деле мындан бир топ жогору болушу керек болчу. Бул жерде эки жактан пайда көрүшкөн. Биринчиси алып-сатуудан жабдуунун баасын жогорулатышкан. Экинчиси анын ордуна алына турган мунайдын баасын келишимде кескин төмөндөтүп жазышкан. Натыйжада аудитордук компаниялардын изилдөөсү боюнча “Кыргызнефтегаз” ушул келишимди аткарса 14 миллион долларга чыгым болот. Бул деген сөз компания кудуретсиз абалга кептелди дегенди түшүндүрөт.

Талаш: мурдагы арзанчылык, азыркы кымбатчылык

Бирок мурдагы жетекчилик келишимде көрсөтүлгөн “Юнитрейд” компаниясына бургулоочу түзүлүштүн акысына берилүүчү мунайдын баасы ошол учурдун шарттары менен көрсөтүлгөндүгүн эскертет. Анткени Ринат Макеновдун айтымында, келишимде берилүүчү мунайдын баасынын коюлушуна 2009-жылы анын кескин арзандап кеткендиги себеп болгон:

- 2009-жылы, өзүңүздөр билесиздер, кризис болгон. Бул мунайдын бир тоннасын 275 доллар деп келишүүдө биз ошол учурдагы бензиндин баасына карата эсептеп чыгарганбыз. Ошондой эле мунайдын аймактагы баасынын негизинде коюлган. Мисалы, ошол кезде Борбор Азияда бир тонна мунайдын баасы 240 долларга чейин түшкөн. Биз ага отуз беш доллар кошуп туруп, келишимде 275 доллар деп жазган болчубуз. Бул ошол учурдун шарттарына туура келген.

Буга чейин “Юнитрейд” компаниясы менен “Кыргызнефтегаздын” ортосундагы келишимдин мыйзамдуулугу боюнча маселе райондор аралык сотто каралып, биринчисинин пайдасына чечилген. Андан кийинки Бишкек шаардык сотунун чечими “Кыргызнефтегаздын” кызыкчылыгын коргогон. Бул маселеге акыркы чекитти жакында Жогорку Сот коймокчу.

XS
SM
MD
LG