Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:20

Каржы каатчылыгы кычап турган чакта акча сактоо жолдору биртоп адамдарды ойлонто баштады. “Азаттык+” “Бизнес сабактары” түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышын ушул темага арнады.

Адисттердин билдиришинче, Кыргызстан калкынын көпчүлүк бөлүгү акчаларын банктарга деле салышпайт. Эгер алардын колунда акча болсо анда алар сандыка, же төшөктүн арасына катып үйдө эле кармашат. Анткени каалаган маалда керектелген сумманы алса болот. Бирок акчаны үйдө кармоо деле коопту, ууру-кескини кайдан, качан келет деп күтүп болбойт эмеспи.

Каржы ишканаларына элдин акча сактабаганынын себебин адисттер, банктар банкрот болуп калышы мүмкүнбү деген күдүк суроо калкты көп түйшөлткөнү менен түшүндүрүшөт. Маселен, “Меркюри-банк”, “Курулуш”, “Инсан” сыякттуу банктар банкротко учурап, бир топ аманатчылар акчасыз калган.

Негизи адиттер банктарга ишенип, каражатын банкта сактоону чечкендерге, ал жактагы дипозиттин пайызына эмес банктын ишмердүүлүгүнө, канча убакыттан бери иш жүргүзүп келатканына айрыкча көңул бурушу абзел, деп эскертишет.

Мурдагы жылдарга салыштырмалуу банктарга дипозит катары салынып жаткан сумма 26% өсүп, 2009-жылдын январында 30 миллиард сомго жакындады. Ал эми 2007-жылы бул көрсөткүч 23,5 млрд. сомду түзгөн. Демек, финансы мекемелеринде акча сактагандардын саны азырынча азая элек экен.

Акчаны кайсы валютада сактоо керек, деген суроого атын атагысы келбеген жаш банкирлердин бири төмөнкүчө жооп кайтарды:

- Чогулткан акчаны кийин эмнеге жумшайсыз? Ошого жараша мамиле кылуу зарыл. Эгер үй же автоунаа алам десеңиз, Кыргызстанда доллар менен эсептешүү жүргөндүктөн доллар менен сактоо туура болот. Эгер 3-5 жыл коротпойм десеңиз алтын алып койсо болот. Негизинен жарымын доллар, 25 пайызын евро, калганын сом менен сактасаныз деле уттурбайсыз.


Азыркы тапта дээрлик көпчүлүк валюталардын куну кетип турган чак. Экономисттердин эсебинде,акыркы беш жылда АКШ доллары менен евро 12-15% чейин арзандаган. Бүгүнкү күндө орустардын рублу дагы төмөндөөнүн үстүндө. Ал эми сом боюнча айтсак, 2008-жылы инфляциянын деңгээли 20 пайызды түзгөн, бул сом 20 пайызга арзандады дегенге барабар.

Азыркы тапта каражатты кыймылсыз мүлкө салуу дагы коопту. Үйлөрдүн баалары 2004-жылдагы баага түшөөрү болжолдонууда. Ал учурда бир бөлмө үйдүн баасы 12000 долларга барабар болчу. Ошол эле маалда жер аянттарынын наркы да төмөндөшү мүмкүн экендиги тууралу божомол бар. Бирок кыймылсыз мүлк арзандаганы менен ижара баасы ошол эле бойдон калууда. Демек үй алып аны ижарага берсем дегендер да уттурбаса керек.

Акчаны сактоонун дагы бир ыкмасы алтын сатып алуу. Алтын монеталар менен катар зергер буюмдары да кымбаттодо жана дагы дүйнөлүк рынокто алтындын баасы акыркы алты айдагы жогорку көрсөткүчкө жетип унцийи 928.4 долларга барабар болду. Акчаны алтын менен сактайм десеңиз анда инфляция маселинен чочулабай эле койсонуз болот. Бирок бул учурда акча алтынга айланганы менен көбөйүүгө учурабайт.

Бизнес чөйрөсүндөгү адамдардын баамында акча айланууда болушу керек. Ишкерлер банктагы дипозитти эмес акчанын айланышын биринчи орунга коюшат дейт Ишкерлер союзунун башчысы Үсөн Кадыралиев:

- Ишкерлер өз акчасын банкка кармабай көпчүлүк учурда айлантууга салышат. Алар депозиттик акчасын алып деле жата беришсе болот эле. Бирок алар андап көбүрөөк акча табуу максатында бизнес кылышууда. Негизинен алардын акчасы айланууда болот.




XS
SM
MD
LG