Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:53

Кыргыз өкмөтү жаңы жылдан тартып ишкерликтин патент менен иштеген түрүн кыскартты. Байкоочулардын баамында бул системаны ишке киргизүү менен өкмөт ишкерлерди көмүскөгө качырат, ал эми жабылган ишканалардын эсебинен өлкөдө жумушсуздардын саны арбыйт.

Бүгүнкү салык системасы –тешик чака менен суу ташууга барабар

1-январдан тарта жаңы салык кодекси ишке кирди. Бирок анда ишкерликтин өнүгүүсүнө бут тоскон беренелер бар, деген нааразылыктар салык кодекси жаңыртылып жаткан учурда эле ишкерлер тарабынан айтылып жүргөн. Алардын бири жана эң негизгиси –патенттик системага киргизилген өзгөртүү болду, дешет ишкерлер.

Анткени жаңы салык кодексиндеги жаңы патенттик система боюнча мурда патенттик негизде иш жүргүзгөн ишкерликтин 122 түрүнүн 51 кыскарган. Мындан тышкары патенттин баасы ишкерликтин түрүнө жараша үч-төрт эселеп кымбаттады. Алсак, нан жана нан азыктарын даярдоочу ишканалар буга чейин чыгарган продукциясынын көлөмүнө жараша 2500 сомдон 5000 сомго чейин патент сатып алып, иш жүргүзүүчү.

Жаңы жылдан тарта алар алууга милдеттендирилген патенттин баасы 10000 сомго чыкты. Айрым байкоочулардын белгилөөсү боюнча мындай талап эң ириде ишкерликти көмүскөгө түртөт, башкача учурда ишканалардын жабылышына, же болбосо даярдалган продукция бааларынын кымбатташына алып келет. Кыргызстандагы “Нефтетрейдерлер” ассоциациясынын президенти Базарбай Мамбетов жаңы салык кодекси экономисттердин, ишкерлердин пикири менен эсептешпей туруп, жазылгандыгы үчүн аягы мына ушундай болуп жатат, деген оюн “Азаттык” менен бөлүштү:

-Салык кодексинин долбоорун түзгөн адамдар кичи жана орто бизнесте жүргөн кишилердин биринин да сөзүн уккан жок. Салык кодексин эч качан салыкчылардын өзү жазып, өзү түзүүсүнө мүмкүнчүлүк берилбеши керек эле. Муну нукура ишкер, аң-сезими жогору, дүйнөгө жана бизнеске жаңыча көз караш менен карай билген экономисттер жазуусу керек эле. Иш жүзүндө тескерисинче болгону үчүн дагы бүгүнкү күнү ишкерлер жана карапайым эл жабыркап жатат, -дейт Базарбай Мамбетов.

Патенттик система коррупцияны азайтуу жана ишкерликти көмүскөдөн алып чыгуу максатында ишке ашырылып келген. Азыркы система тескерисинче эми кичи ишканаларды көмүскөгө кетүүгө мажбурлайт. Салык кодекси боюнча эксперт-талдоочу Дастан Кадыровдун “Азаттыкка” айтканы боюнча жаңы салык кодекси менен мамлекеттик казынага акча түшүүсү кескин азаят:

-Жеке ишкерлерге салык көбөйдү, ал эми юридикалык, ири ишканаларга салык азайды. Бул таптакыр туура эмес жүргүзүлгөн реформа деп айтар элем. Мына көрөсүңөр: жылдын алгачкы кварталында эле казынага салык түшпөйт, түшсө да өтө аз өлчөмдө болот. Анткени 11 млрд сомго кемийт. Ал эми анын орду кандай жол менен толукталат, бул белгисиз.

Дастан Кадыровдун айтуусунда биринин ордун экинчисин ашыруу менен жабууга жасалган аракет ишке ашуусу күмөн.

Жаңы салык кодекси боюнча кошумча нарк салыгы 20%дан 12%га азайтылган. Айрым байкоочулар мындан эч кандай утуш болбой тургандыгын белгилешет. “Нефтетрейдерлер” ассоциациясынын президенти Базарбай Мамбетов бул өтө чоң жаңылыштык болуп калды, деген пикирде:

-Кошумча нарк салыгынан түшкөн салык биздин республикалык бюджеттин 43% түзчү. Бирок ага карабай биздикилер кошумча нарк салыгын ылдыйлатышты. Экономикасы өтө өнүккөн Орусия деле он жети жылдын ичинде быйыл гана кошумча нарк салыгын 18% түшүрдү. Биз кайдан жүрүп, 12% төмөндөтүп жибердик, таң калычтуу.

Салыктын азаюусунан мамлекетти казына зыян тартат. Мындай учурда эң биринчи бюджеттик кызматкерлер менен пенсия-пособия алгандарга берилүүчү акча тартыштыгы пайда болот, деп белгилейт салык боюнча эксперт Дастан Кадыров:

-Салык кодексинде жакшы жактары бар. Кошумча нарк салыгын азайтуудан коррупция азаят, муну айтыш керек. Бирок экономикада жылыш болбосо, мамлекетке пайда түшпөсө.. кандай болот. Эртең бюджеттен айлык алгандарга маяна берүү керек. Биринчи орунга мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы коюлушу керек эле. Кыскача айтканда бул салык системасы –тешик чака менен суу ташыган менен барабар.

Талдоочулардын белгилөөсү боюнча мына ушундай мазмундагы салык кодекси мезгилсиз кабыл алынып калганы да Кыргызстандын экономикасы үчүн терс таасирин тийгизет. Анткени дүйнөлүк каржылык кризиси буттан алып турган учурда бул салык системасын киргизүү “өлгөндүн үстүнө көмгөнгө” барабар, дешет алар. Мындан тышкары өлкөнүн өзүндөгү энергетикалык кризис да ишкерликтин өнүгүүсүн тушап турат, ушундан улам кичи ишканалардын жабылуусу менен жумушсуздардын саны көбөйөт же салыктын баалардын эсебинен төлөнүүсүнөн кымбатчылык болот, демек, кыйынчылык келип-келип карапайым элге түшөт, деп белгилешет байкоочулар.

Ишкерликти коргоо эмес, кордоо болуп калды

Жаңы жылдан тарта ишке кирген салык кодексиндеги салыктардын көбөйтүлүшү жана патенттик системадагы өзгөртүүлөрдөн эң көп жабыркадык, дегендердин башында оюн-зоок тармагын, б.а. казино, оюн автоматтары, лото, бильярд жана ушул сыяктууларды уюштуруу менен шугулданган ишкерлер турат. Булардын өкүлдөрү бейшемби күнү парламенттин алдына нааразылык акциясын уюштуруп, салык кодексине өзгөртүү киргизүүнү өтүнүштү. Бишкек шаарында бильярд ойнотуучу залдын ээси Асылбек Акималиев “Азаттыктын” кабарчысы менен болгон маегинде салыктардын көбөйтүлүшү чындыкка дал келбейт, деген пикирин билдирди:

-Бишкектеги ар бир кафеде бильярд ойнотулат. Бирок ошолорго барып карасаңар, кечинде гана эки-үч саат оюн болот. Элдин баары эле күнү-түнү бильярд ойнойт элек, деп кезекте турган жок да.

Асылбек Акималиев оюн-зоок тармагынын ээлери оюн-зоок үчүн төлөнүүчү салыктан башка дагы бир канча жерге салык төлөө зарылчылыгы бардыгын белгилейт:

-Бильярд столунан башка төлөй турган жер салыгы, ижара акысы, электр энергиясы, жумушчуларга айлык акы деген бар. Мына ушулардын баарына жеткирүү оңой эмес.

Нааразылык билдирип чыккандар ишкерлигин бутуна тургузуу үчүн олчойгон насыя акчаларды алгандыгын айтышат. Сауна иштеткен Айнагүл Бекбоеванын эсеби боюнча жаңы жылдан тарта ага ай сайын 100 миңге чукул акчаны жалаң салыкка, электр энергиясына жана газ үчүн төлөөгө туура келүүдө:

-Салыкты мурдагы боюнча калтырсын. Ай сайын 7,5 миң сомдон араң төлөп атканбыз. Анткени газдын баасы көтөрүлдү. Күнүнө 60 кубдан жагабыз. Айына 40 миң сомго чыгат. Соцфондго 20% салык бар, муну төлөйбүз. Электр өчөт, күнүнө үч-төрт сааттан иштеп атабыз, Алар биздин кирешени кайдан алып, кантип эсептеп жатышат, түшүнүксүз.

Көмүскөдө иштөө да оңой эмес

-Чыныбай мырза, жаңы жылдан тарта ишке кирген салык кодексинин дарегине нааразылыктар айтылып жатат. Сиз кандай ойдосуз?

-Албетте, маселенин бир жагы бар: бүгүнкү дүйнөлүк каржы кризиси учурунда көпчүлүк өлкөлөр бардык нерсени ылдыйлатууга, жеңилдетүүгө аракет кылып жатат. Мисалы: салыктарды, үстөк пайыздарды, деги эле ишканалардын, ишкерлердин мойнуна салынган жүктүн оордугун азайтууга, ошону менен соода-сатык, экономикалык кыймылды күчөтүүгө аракет кылып жаткан мезгилде, биздин салык кодекси бир аз ыңгайсызыраак көрүнүп атат. Бирок ачык айтып коюшубуз керек, Кыргызстандын экономикалык жашоосунда салык реформасы бышып-жетилген болчу. Анын жакшы жактары да, көйгөйлөрү да бар. Бул жаңы салык кодекси маселенин баарын толук чече алган жок.

-Мына ушул жаңы салык кодексинде кошумча нарк салыгы азайтылып, муну менен ишкерликти көмүскөдөн чыгаруу ниети бардыгын кыргыз өкмөтү белгилеп келет. Бирок андагы жаңы патенттик системанын киргизилүүсү, салыктын мындай түрүнүн бир нече эселеп кымбатташы менен иш кайра артка кетпейби? Анткени жаңы патенттик система кичи жана орто ишканаларды кайра көмүскөгө кетүүгө мажбурлайт, деген пикирлер бар?..

-Кошумча нарк салыгы 20%дан 12% түштү. Мунун зыяны, пайдасы жакында көрүнө баштайт. Ал эми азыр чуру-чуу болуп жаткан маселе – патент менен иштеген ишкерлердин мурда төлөп келген акыларын бир нече эсеге көбөйүп кеткени жөнүндө болуп жатат. Албетте буга чейин 2000 сом төлөп келген кишиге быйыл келип, 4 миң сом төлө десең дагы, 40 миң сом төлө десең дагы, кандай гана болбосун, мурдагыга караганда көбүрөөк төлө дегенде нааразылык пайда болот. Эгерде мурда төлөп келген 2 000 сом ишкерге жеңил болгон болсо, ал анча-мынча нааразы болгону менен төлөй берет. Ал эми кээ бир патент менен иштеп, тапкан пайдасы аз эле болгон ишкерлер бар. Аларга да өзүнө жараша мамиле керек.

-Ишкерликтин көмүскөгө кетиши –мамлекеттик казынага акча аз түшүүсүнө, бул болсо өз кезегинде бюджеттик кызматкерлер менен пенсия-пособиянын көзүн карап отургандарга кыйынчылык алып келери турган иш?..

-Жаңы салык кодекси менен жок дегенде ушул жылы иштешибиз керек, ошондо көрөбүз. Анткени бардыгын мезгил көрсөтөт. Албетте кандай гана мыйзам, кандай гана салык кодекси болбосун, эгерде ал ишкердин жүгүн, төлөмдөрүн оорлотууга багытталса, ал эми анын атаандаштарынын башка жеңилирээк мүмкүнчүлүктөрү бар болсо, анда албетте, андай жерде көлөкөгө (көмүскө экономика) кире качкандар көбөйөт.

Тескерисинче жүгү жеңилирээк болсо көлөкөдөн чыгып, ачык иштей тургандар көбөйөт. Мен бир нерсени билем: көлөкөдө иштөө да оңой эмес, ал үчүн дагы кимдир-бирөөнүн чөнтөгүн толтуруш керек. Көзөмөл органдын өкүлдөрү менен иштешүүгө туура келет. Бул дагы чыгым, бул дагы каражат. Кандай иштегенде, ачыкпы, көлөкөдөбү кайсынысы көбүрөөк пайда апкелет, ошого жараша болот.

-Чыныбай мырза, маегиңиз үчүн чоң рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG