Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:00

Быйыл Кыргызстандын эгемендик алганына 18 жыл толот. Өлкө экономикасынын бул арадагы күнгөй-тескейи тууралуу адистер ой бөлүшөт.

1991-жылы эгемендикти алган соң Кыргызстан пландуу экономикадан рынок экономикасына өткөн эле. Ал жылдары өлкө экономикасы кыйын кезеңди баштан өткөргөн. Инфляция, ресурстардын жетишсиздиги жана башка себептерден улам экономикадагы негизги көрсөткүчтөр ылдыйлагандан ылдыйлап отурган. Абал 1997-жылы өзгөрүп, өндүрүш деңгээли өсүп, инфляция ооздукталган. Улуттук валюта кабыл алынып, кийинчерээк мамлекет Дүйнөлүк Соода Уюмуна мүчө болуп кирип, өлкөгө чет элден насыялар келе баштаган.

Ал жылдары мамлекетке таандык ишканалар жеке колго өтүп, төрт жүзгө жакын ири колхоз-совхоздор жоюлган.

Экономист Жамин Акималиевдин айтымында, ошол кездеги реформалардын туура эмес жүрүшү өлкө экономикасына балта чапкан ири катачылык болгон:

- 1994-жылдан тарта колхоз-совхоздорду жоюу ишке ашырыла баштаган. Ал маалда мен парламенттин мүчөсү болчумун. Бир топ депутаттар жакшы эле ири колхоздорду жойбой калтыра туралы деп айткан элек бирок бизди ал кездеги президент Аскар Акаев уккан жок. Ошентип, айыл чарбасы түп-тамырынан бери талкаланып калды. Ошол жылдан тарта 2004-жылга чейин айыл чарбасынын абалы начарлагандан начарлап, азыркы кезде биз керек болсо 1989-жылдын деңгээлине да жете элекпиз.

Жаш экономист Талант Кемелов болсо СССР убагында гүлдөп турган өнөр-жай тармагынан айрылып калганыбыз негизги жоготуу болду деп эсептейт:

- Өнөр-жайдан кол жууп калганыбыз негизги жоготуу болду. Бирок жетишкендиктерибиз деле бар. Эң башкысы адамдардын аң сезими өзгөрдү. Мурдагыдай мамлекетти эле карап отурбай, өзүбүздүн жаныбызды өзүбүз багууга үйрөндүк. Ошондой эле Дүйнөлүк Соода уюмуна мүчө болуп киргенибиз да жетишкендик деп ойлойм.

Кийинки биздин маектеш экономист Айылчы Сарыбаев. Ал эгемендик алгандан бери экономикадагы өзгөрүүлөр тууралуу “Азаттыкка” буларды айтты:

- Эгемендик алган соң, рыноктук экономиканын принциптерин өздөштүрүп алганыбыз башкы жетишкендик деп ойлойм. Бул жаатта бизде керектүү тажрыйба пайда болду. Өзгөчө банк сектору рыноктук экономиканын прициптерин жогорку деңгээлде өздөштүрдү. Буга дүйнөлүк каржы кризисине жергиликтүү банктардын туруштук бере алышы мыкты далил.

Айылчы мырзанын айтымында, Камбар-Ата ГЭСтеринин курулушунун жанданганы дагы экономикадагы ири ийгилик.

Сөз болуп жаткан теманын тегерегинде Бишкек ишкерлер клубунун аткаруучу директору Улук Кыдырбаев “Азаттыкка” буларды айтты:

- Мен негизги жетишкендик деп беш жылдан бери талкууланып, акыр аягы кабыл алынган жаңы салык кодексин айтат элем. Ошондой эле текшерүүлөр жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынышы дагы ишкерчиликти өнүктүрүүдө жакшы өбөлгө түзөт. Ал эми терс жактарды айтсам – бул өлкөнүн өнүгүшүнө бут тосуп жаткан коррупциянын дале жоюулбай жатышы.

Экономист Жумакадыр Акенеевдин айтымында, эгемендүүлүктү алгандан бери экономикада көзгө көрүнөөрлүк жылыштар акыркы 3-4 жылдан бери байкалууда:

- Экономика аз-аздан болсо да акыркы үч-төрт жылда жанданды. Бул аралыкта ички дүң продукту эки эсе көбөйдү, бюджет дагы ушунчага өстү. Бишкек шаары көрктөндүрүлүп, жолдор салынып атат. Мунун баары өзүбүз тапкан акчанын эсебинен болуп атат. Бирок өкмөт мындан да жакшы иштеши керек.

XS
SM
MD
LG