Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:01

Ишкерлер бирикмесинин жетекчиси Ч. Турсунбеков салыктын жүгү алып саткан ишкерлерге караганда өндүргөн ишкерлерге көбүрөөк түшүп жатканын айтат.


- Чыныбай мырза, Дүйнөлүк банк Кыргызстанды ишкерликке шарт түзүү боюнча лидер өлкөлөрдүн катарына кошуп жатат. Ишкерлер чын эле жеңилдикти сезип жатасыздарбы?

- Чындыгын айтканда, мурдагыга караганда азыркы кезде өкмөт жеке эле жолугушууларды өткөрбөстөн ишкер ассоциациялар менен, кандайдыр бир чечкиндүү, конкреттүү кадамдарга бара баштады. Анын натыйжасын сезе баштадык деп айтсак болот. Өкмөттүн бул кадамдарын билбей, көрбөй коюу мүмкүн эмес. Өзгөчө премьер-министр Игорь Чудинов, вице-премьер-министр Бабанов жана экономика жана өнүгүү министри Жапаровдор ишкер ассоциациялар менен тез-тез жолугушуп, алар менен атайын семинарларды өткөрүп, алардан пикирлерди чогултуп, анан аларды кандайдыр бир деңгээлде чечүүгө жасаган аракеттери бизди кыйла шыктандырып койду десек болот.

- Сиз ишкер катары өзүңүз кайсыл тармактарда жеңилдөөлөрдү сездиңиз?


- Кийинки кезде, өзгөчө август айында Бабанов ишкерлер ассоциациясынын дээрлик көпчүлүк тармактары менен, анын ичинде айыл-чарба продукцияларын кайра иштетүүчү тармактын өкүлдөрү менен жолугушуп, алардын ой-пикирлерин жазып алып, аны мыйзам түрүндө чечүүгө бекем ниетин билдирди, муну көрүп атабыз. Экинчи нерсе, жалпы эле ишкерлерге тиешелүү Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү, жеңилдиктерди берүү багытында иштер бар. Бирок ошол эле учурда мурда Салык кодексинде кабыл алынып калган жакшы учурларды бюджет толбой калат деген коркунуч мененби, шылтоо мененби кечеңдетүүнүн багыттары да бар. Муну баса белгилеп коюшубуз керек. Өзгөчө сатуудан алына турган салык 2010-жылы 1-январда 0,5 пайызга түшүш керек эле өндүрүшчүлөр үчүн. Муну кармап калууга аракет кылып атышат. Биз, ишкер ассоциациялары суранар элек, бул маселени кандай убада берсе, ошондой калтырыш керек деп.

- Ишкерликке шарт түзүүнүн үстүндө дагы кандай иштер жүргүзүлүш керек?

- Уруксат берүүнү жөнөкөйлөштүрүү маселеси чечилгенсип калды, бирок анын ишке ашышында кичине тоскоолдуктар көп. Экинчи нерсе, бул текшерүүлөрдү азайтуу багытында иш жүргүзүлүп атат. Бирок ал дагы көп учурда ведомстволордун жеке кызыкчылыгынан улам өсүп, алардын кызыкчылыктары үстөмдүк кылып кетип атат. Бул жагында да азыр мыйзамдарды кабыл алуу менен бирге ошол мыйзамдардын иштеп кетишине аракет кылуу керек, көзөмөлдү күчөтүү керек, мыйзамдардын иштешине шарт түзүү керек деген ниет бизде көбүрөөк пайда болуп атат.

- Өкмөт бүгүн кыймылсыз мүлккө салык киргизүү маселесин кайра карай баштайт. Ишкерлер салыктын бул түрүнүн киришин кандай карап жатат?

- Негизи эгерде салыктын бул түрү өтө эле көп оордук кылбай, акылга сыя тургандай деңгээлде болсо ишкерлер төлөйт. Анткени салык төлөнүш керек экенин баардыгы түшүнүшөт. Бирок аны эгерде жөн эле кыймылсыз мүлккө салыкты ыгы жок көбөйтүп, анан ар кандай шылтоолор менен бюрократия жолго айландырып, андан бир нерсе өндүрүүгө багыт алса аны ишкерлер көтөрө албай калышы ыктымал. Ошон үчүн бул жети өлчөп бир кесе турган маселе. Өткөн жылкы бир мисалды айтып коелу, Ысык-Көл облусунда кыймылсыз мүлккө салыкка мораторий киргизгени үчүн бизге жакшы салык түшпөй калды деп, жергиликтүү бийлик дароо жер салыгын бир жылга көбөйтө коюшту. Алар салыкты алуунун жолдорун таап атышат, бир жагынан алалбай калса, экинчи жагынан чыгарып алып атышат. Ошон үчүн бул жагынан көзөмөл да күчтүү болуш керек. Анан бир айтылган, жасалган нерсе бат-бат өзгөрүп турбашы керек.

- Кыргызстан экономикалык атаандашууга жөндөмдүүлүгү боюнча Тажикстандан да артта калып, 123-орунда экен. Бул деген өлкөдө реалдуу өнөр жай, алдыңкы технологиянын жоктугу, алсыз айыл чарбасынан кабар берет да?

- Мен дайыма эле какшап келатам. Биринчи кезекте өндүрүштү алдыга жылдырууга шарт түзүш керек, өндүрүшкө жардам бериш керек. Салык боюнча болсо бизде бир аз кызыктай кырдаал бар, алып саткандарга салыктын жеңилдиги көбүрөөк, ал эми өндүргөнгө салыктын оордугу көбүрөөк болуп калган үчүн ишкерлердин көбү товар өндүрүүгө эмес, товарды алып сатканга көбүрөк кызыгышат. Анткени алар көбү патент менен иштешет. Бир товарды алып сатып, же бир өлкөдөн алып келип экинчи өлкөгө сатып, же фирмадан алып элге саткандын салыктык жеңилдиги өтө көп. Ал эми товар өндүргөндөрдү көзөмөл кылуу, административдик текшерүү, салык алуу да жеңил, ал эми жүгү оорурак. Ошон үчүн биз айтып атабыз айрым бир салыктарды баардык ишкерлерге алып сатар болобу, же өндүрүшчү болобу бирдей деңгээлге жеткириш керек. Негизи өңдүрүштү жеңилдетиш керек.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG