Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:07

14-октябрда президент К.Бакиев Камбар-Ата ГЭСтерин куруу жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдын күчүн жоготуу тууралуу мыйзамга кол койду.

Бул мыйзам коомчулукта ар кандай пикирди жаратууда. “Ак жол” фракциясы көпчүлүктү түзгөн Жогорку Кеңеш Камбар-Ата ГЭСтерин сатууга жана күрөөгө коюуга тыюу салган мыйзамдын күчүн жоготуу чечимин чагылгандай тездик менен кабыл алды.

“Акжолчулардын” көз карашында, Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушун аягына чыгаруу үчүн аталган мыйзамдын кабыл алынышы “аба менен суудай” керек.

Социал-демократтар партиясы бул тагдыр чечүүчү маселе боюнча өкмөт башчы менен президенттин пикирин билүү зарыл деген чечимге келишкен. Кыргызстан коммунисттери фракциясы бул мыйзамдын жокко чыгарылышына каршы экендиктерин ачык эле айтып чыгышты.

Коммунисттер фракциясынан депутат Бейшебек Акунов убагында Камбар-Ата ГЭСтерин куруу жана аны пайдаланууга берүү жөнүндө мыйзамды парламентке сунуштаган адамдарды жоопкерчиликке тартуу маселесин көтөрдү.

Депутат Бейшебек Акуновдун мындай пикирине Мамлекеттик мүлк комитетинин төрагасы Турсунбек Турдумаматов жооп берип, мурдагы мыйзам долбоорун өкмөт парламентке сунуштабаганын эскертип, Камбар-Ата ГЭСтери боюнча мыйзам күчүн жоготсо эле менчикке берилет деген сөз туура эместигин белгиледи.

Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев бул мыйзам долбоору парламенттин өткөн чакырылышында Алмаз Атамбаев өкмөт башчы болуп турганда кабыл алынганын эске салып, Камбар-Ата ГЭСтерин сатууга жана күрөөгө коюуга тыюу салган мыйзамдын күчүн жоготуу чечимин колдоого депутаттарды үндөдү.

2007-жылы 16-июнда Жогорку Кеңеште “Камбар-Ата ГЭСтерин куруу жана аны пайдаланууга берүү, аталган эки курулушту өзгөчө макамынан чыгаруу жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынганда президент Курманбек Бакиев барган.

Ал депутаттарга: - “Жанагы «оозу күйгөн, айранды үйлөп ичет» дегендей көп маселелер сиздердин тынчыңыздарды алды, баары түшүнүктүү. Биз эч качан энергетика байлыгыбызды, суу байлыгыбызды, дегеле байлыгыбызды бирөөгө берип коюп эле көз каранды болуп калбайбыз. Буга эч ким жол бербейт”,-деп баса айткан.

Ошол кездеги отун, энергетика, суу ресурстары комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жаңы кабыл алынган мыйзам долбоору Кыргызстан экономикасы үчүн өзгөчө экенин баса белгилеп, өлкөнүн жаңы тарыхындагы революциячыл мыйзам болду деп баасын берген.

Оппозициячыл саясатчылар, көз карандысыз эксперттер бул мыйзамдын күчүнө кириши менен Кыргызстан Камбар-Ата ГЭСтерине, суу ресурстарына ээлик кылуу укугунан ажырап, Камбар-Атанын күрөөгө коюлушу жеке менчикке өтөт, мамлекеттин менчиги болуудан калат деген сөз экенин айтышууда. Алардын пикиринде эки жыл айланбай президент Курманбек Бакиевдин аталган мыйзамды жокко чыгаруусу күмөн туудурат.

Саясат талдоочу Табылды Акеров Камбар-Ата ГЭСтерин сатууга жана күрөөгө коюуга тыюу салган мыйзамдын күчүн жоготуу
чечиминин артында ГЭСтерди менчиктештирүү кызыкчылыгы бар деген ойдо.

-Азыр Кыргызстанда энергетика тармагын жеке колго өткөрүү аракети болууда. Эгер андай болуп кетсе кыйын. Казакстан Алматы ТЭЦин сатып ийип, кайра өзү сатып алышка мажбур болгон. Анан акционерлештирилсе ишкана жетекчилери акциянын баарын өз колунда сактап калганга аракет кылышууда. Энергетика комплекси татаал иш. Андай болсо аны колдон чыгарып ийүү коркунучу да бар.

Ал эми “Ата Мекен” партиясынын төрагасынын орун басары Ташболот Балтабаевдин айтымында, шайлоо алдында президент Курманбек Бакиевдин “ГЭСтерди өз күчүбүз менен курабыз” деген ураанынын астында Улуттук каналдан байма-бай көрсөтүлгөн видео-ролик калп болуп чыкты:

- Менимче, Кыргызстан эч кандай пайда таппайт. Мамлекет кыргыз элинин, кыргыз мамлекетинин кезектеги стратегиялык
байлыгын келечекте жоготот. Кыскасын айтканда, бүгүнкү бийлик Кыргызстан гана үчүн эмес, бүткүл Орто Азия үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон суу жана энгергетика боюнча объектти сатууга жол ачты десек болот. Себеби мурунку мыйзам сатууга жана күрөөгө коюуга тыюу салган эле.

Расмий бийлик өз кезегинде Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушун улантууга насыя акча алуу үчүн ГЭСтин өзүн күрөөгө коюу зарылдыгын билдирүүдө. Алардын айтымында, эгерде Камбар-Ата ГЭСи боюнча мурдагы мыйзам жокко чыгарылбаса Өнүктүрүү кору анын курулушуна өкмөт сурап жаткан 100 миллион доллар каражатты бербей коет экен. Белгилүү болгондой, бул корго мамлекет кепилдиги менен Россиядан алынган 300 миллион доллар насыя өткөрүлүп берилген.

Нефтрейдерлер ассоциациясынын президенти Базарбай Мамбетов келечекте Камбар-Ата ГЭСтеринин бөлөк колго өтүп кетүү коркунучу бар дейт.

Ошондой коркунуч бар. Себеби биздин Өнүктүрүү фондусунун башында Алексей Елисеев деген туруп атпайбы. Ошол эле Алексей Елисеев деген "Кыргыз алтын" акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы жана биздин "Кыргызгаз" деген мекеменин директорлор кеңешинин төрагасы. Ушундай эле көп нерселердин башында туруп атат. Эгерде ушул кыргыз адистери, кыргыз өкмөтү Орусиядан келген түз инвестицияны 300 млн. долларды ошол Елисеев, Ширшев, Гуревичтери жок эле, кыргыз адистери жокпу, ошону туура колдонуп, өкмөт катуу көзөмөлдөп, түздөн-түз азыр курулуш токтоп калган Камбар-Ата-2 ГЭСине бергендин ордуна, эки айдан бери айгайлап кыйкырып эч нерсе кыла албай, Орусияны дагы биз азыр иренжитип турабыз
-деди Базарбай Мамбетов

Ал эми саясат таануучу Карыбек Байбосуновдун пикиринде, мындай ГЭСтерди жеке колго өткөрүү керек.

- Адамдар коркпой-үркпөй эле мындай ГЭСтерди жеке колго алып иштетиши керек. Өнүккөн мамлекеттерде деле корпоративдик ээликтер бар. Ошолор энергетикалык булактарга ээлик кылып башкарышат. Анан жаңкы тариф жагынан чочулоолор болушу мүмкүн. Аны кетирилип жаткан чыгымдарга жараша, анан өзүнүн ала турган пайдасына жараша балансты кармап, кандайдыр бир тарифти орнотсо болот. Бул жерде эч кандай зыян болбойт. Жеке колго өткөрүү керек.

Ал эми айрым эксперттер мамлекет өзү кепилдикке алып келген насыяны Кабар-Ата-2 ГЭСин куруу боюнча улуттук долбоорго түздөн-түз жумшабай, эмне үчүн менчик Өнүктүрүү фондун ортого кыпчыш керек деген суроону коюшууда.

- Толук коркунучу бар. Себеби бүгүн Кыргызстанды Бакиев өзү башкарбай калды. Ошонун дагы бир көрүнүшүн байкап атабыз. Эмне үчүн 300 млн. доллар Орусияга грант катарында, эгерде өзүбүздүн акчабыз жок болсо ал кайда кетти? Эмне үчүн бүгүнкү бийлик ошол жөнүндө отчет бербейт? Эмне үчүн аны Кыргызстан үчүн күйбөгөн Елисеев деген жигит башкарыш керек? Ошол парламенттин, өкмөттүн алдында талап коюш керек, - деди Ташболот Балтабаев

Өкмөт болсо “Камбар-Ата-1 жана 2 ГЭСтери жөнүндөгү” мыйзамдын күчүн жоготтуруп, ГЭСтерди күрөөгө коюу менен Алексей Елисеев жетектеген Өнүктүрүү корунан Камбар-Ата-2 ге 100 миллион доллар насыя алуу аракетин көрүп жатканы менен түшүндүрүүдө.
XS
SM
MD
LG