Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:01

Кыргызстанга дүйнөлүк каржы кризистин таасири анча тийген жок. Бул тууралуу Эл аралык валюта фондунун отчетунда айтылат.

Эл аралык валюта фондусунун баяндамасында каржы кризисинин терс таасири Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрү ичинен Кыргызстан, Тажикстан, Грузияга анча тийбегени айтылат. Фонддун эксперттеринин белгилешинче, мунун башкы себеби - бул аталган мамлекеттердин экономикасынын дүйнөлүк экономика менен байланышы аздыгында.

Мурдагы экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров “Азаттыкка” курган маегинде, кризистен салыштырмалуу жеңил-желпи чыгышыбыздын себептери тууралуу буларды айткан:

- Экономикалык көрсөткүчтөргө кайрылсак, 8 айда ички дүң продукциянын өсүшү үч жарым пайыздын тегерегинде болду. Инфляция болсо бул аралыкта нөл пайызды түздү. Жыл аягына чейин экономикалык өсүш эки, инфляция 3-4 проценттин тегерегинде болот деп жатабыз. Булардын бардыгы каржы каатчылыгына туруштук берүү боюнча өкмөттүн атайын программасынын ишке ашып жатышынан болуп жатат. Программадагы чаралар 90 пайызга аткарылгандыктан бир да банкыбыз жабылган жок.

Дегени менен экономист Жумакадыр Акенеев өлкө экономикасынын каржы кризисине анчалык тушукпаганы - экономиканын начардыгынан деген пикирде:

- Мен Валюта фондусунун тыянагына кошулам. Бирок биз каржы кризисинин таасирин экономикабыздын мыктылыгынан эмес, тескерсинче, начардыгынан улам анча сезген жокпуз. Кризис өнүккөн, ири өлкөлөрдү каптады. Биздин сырткы байланышыбыз болгону Орусия, Казакстан жана Кытай менен чектелип атпайбы. Дүйнөлүк экономика менен анчалык деле мамилебиз жок.

Өткөн жылы каржы кризиси дүйнөнү каптай баштаганда, айрым серепчилер ал кризис Кыргызстанга да өтө чоң тасир этет деп божомолдошкон. Четтеги мигранттар жиберген каражаттар азайып, алардын көбү ишсиз калып, өлкөдө жумушсуздук күчөйт деген боолгоолор болгон.

Ушул тапта экономикада азыраак өсүш байкалууда. Бирок, серепчилердин пикиринде, каржы кризиси такыр эле өлкөнү кайгып өтүүдө деген туура эмес. Анын терс таасири курулуш, өнөр-жай, соода тармактарына тийди.

Өнөр-жай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары Гүлбарчын Асанованын айтымында, кризис өзгөчө кийим тигүү тармактарын аксатты:

- Каржы кризисинен улам заказдар төмөндөп кетти. Башкы кардарлар болгон Орусия менен Казакстан соода-сатыкты азайтышты. Жыл башынан тарта 40 пайыз продукцияны жоготтук.

Жогоруда сөз болгон баяндамага ылайык, Кыргызстан экономикасы Борбор Азиядагы башка мамлекеттерге салыштырмалуу 2010-жылы көзгө көрүнөөрлүк өсүшкө жетишет. Муну ишке ашыруу үчүн фонддун серепчилери экспортко багытталган тармактарды өнүктүрүү керектигин белгилешет.

Мындай пикирге экономист Оруйпа Сулайманова толугу менен кошулат:

- Биз сырттан эле товарларды ташый берип, өз продукцияны четке сатууну азайтып жибердик. Мына, ушул тапта бизде тышкы соодада тескери сальдо 1 млрд. 64 миллион долларды түзөт. Эгерде биз мындан ары да каржы каатчылыгына туруштук беребиз, ал гана эмес, экономиканы өстүрөбүз десек, анда экспортту колго алуу зарыл.

Башка экономист Улан Рыскелдиев дагы эмдиги жылы экономикада өсүш байкалат деген пикирде:

- Менимче 2010-жылы кризис солгундап, коңшу мамлекеттерде экономикалык өсүш байкалат. Бул, өз кезегинде, биздин экономикабызга дагы оң таасирин тийгизет.
XS
SM
MD
LG