Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:21

Жаңы мыйзамга ылайык, жайыттарга жайыт пайдалануучулар ээлик кылышат. Бул малчыларга да, жайыттардын экологиялык абалына да жакшы болору айтылууда.

Кыргызстан аймагынын 50% жайыттар ээлейт

Кыргызстанда 9,1 млн. гектар жайыт бар. Анын ичинен 1 млн. дон ашууну токой чарбасынын карамагында. Калганына жаз, жай мезгилдеринде мал жайылат. Мал жайылган жайыттардын ролу Кыргызстандын экономикасы үчүн чоң мааниге ээ. Адистердин айтуусунда, Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери жайыттарды туура пайдалануу маселеси арткы планда калып, жакшы көңүл бурулбай калган. Жайыттарды ижарага берүү менен эле жоопкерчиликти түртө салуудан улам, жайыттар каралбай, айрым мал үчүн тоюмдуу, пайдалуу болуп эсептелген чөптөр тукум курут болуп, анын ордун аткулак, алтыгана сыяктуу зыяндуу өсүмдүктөр басып кетти, дешет алар.

Мына ушундай көйгөйлүү маселелерден улам Айыл чарба министрлигинин алдындагы жайыт департаменти тиешелүү адистер менен бирге жайыттар боюнча жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгышкан. Аталган мыйзам жыл башынан тарта иштеп келет. Бирок жаңы мыйзамды ишке киргизүү оңойго тура койгон жок. Ар кандай түшүнбөстүктөрдүн алдын алуу, жаңы мыйзамдын артыкчылыгын көрсөтүү максатында айыл чарба министрлиги Таластын Бакай-Ата районундагы Акназаров айылдык округунда атайын эки-үч жылдан бери тажрыйба жүргүзүп келди.

Жайыттарды туура пайдалануу мына ушул жаңы мыйзамдын күчү менен жолго салынууда, дейт Акназаров айылдык округунун тургуну, чабан Соурбек Бусуранкулов:

- Мурда жайыттар каралбай калганы аз келгенсип, алыскы жайыттарга жетчү жолдор да таптакыр каралбай калган. Мамлекет тарабынан жайыттарды жакшыртууга каражат бөлүнчү эмес. Анын экологиялык абалы, жолдор, көпүрөлөрдү оңдоо жана башка маселелер жайыттарды ар кандай мөөнөткө ижарага алгандардын жоопкерчилигинде болсо дагы, булар ишке ашырылбай келген. Ремонт дегенди союз кулагандан бери көрбөй, такыр бүтөлүп калган жолдор да болгон. Жол тар болуп, аттар учуп кетип атчу, жүктөр учуп, сууга агып кеткен күндөр болгон. 1-2 киши да өлдү. Малчылар төлөгөн акчанын кайда, кимдин чөнтөгүнө кетип жатканы белгисиз болчу. Мына азыр жайыт комитеттери түзүлгөндөн кийин, жайыттарды кароо, жолдорду оңдоо иштери баары мына ушул комитеттердин мойнуна жүктөлүп, комитет мүчөлөрү тарабынан чогулган акча негизинен ушуга жумшала турган болуп жатат. Мына биздин комитет ишти быйыл эле баштады: көпүрө салдырды, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, биздин комитетке карабаган малчыларды биздин жайыттарга мал жайбоосун түшүндүрүп, жайлоолорго чейин барып, тил кат алып келип жатат. Иштесе болот экен, иштеп атабыз.

Жаңы мыйзамды бардык жерде ишке киргизүү максатында ушул тапта Айыл чарба министрлиги тарабынан түрдүү аракеттер жүрүп жатат. Министрликтин алдындагы жайыт департаменти жер-жерлерде атайын түшүндүрүү иштерин, семинарларды жүргүзүп келатышат. Аларга АРИСтин кызматкерлери да көмөктөшүүдө. 22-октябрда Таласта жайыт мыйзамы, ага ылайык жүргүзүлүүчү иштер тууралуу жергиликтүү эл, бийлик өкүлдөрү менен чогуу жыйын болгон.

Жайыт комитетинин иши кандай болот?

Жайыт пайдалануучулар бирикмеси түзүлгөндөн тарта бул боюнча калк арасында оң, терс көз караштагы пикирлер айтылууда. Бул маселе айрым бир айылдарда салкын көз караш менен каралып, ал жайыт пайдалануучу бирикменин жетекчилигине сабатсыз адамдарды ишке алып жатканынан байкалууда, дейт жайыт маселеси тууралуу көптөгөн макалаларын гезит бетине жарыялап келген “Талас турмушу” облустук гезитинин журналисти Улукбек Рысалиев:

- Өмүр бою малда жүрүп, оозуң кайсы десе мурдун көрсөткөн, сабатсыз, бирок малы көп бирөөлөрдүн эле талапкерлиги көрсөтүлүп жатат кээ бир жерлерде. Ал юридикалык эле эмес, билими да сабатсыз кишилер кантип иш алып барат?

Мындай пикирге каршы оюн билдирген Талас облустук АРИС долбоорунун координатору Бектурсун Момунбеков бул маселе айыл тургундары менен бирге чечилгенин жана бул иш абдан чоң түйшүктү талап кылаарын өз сөзүндө белгилеп кетти:

- Ушундай суроолорду айыл өкмөттөр жергиликтүү эл менен чогуу талкуулап, сүйлөшкөнбүз. Эл өзү талапкер көрсөтүп, өзү добуш берген. Айрым жерлерде чынында эле жайыт комитеттеринин кээ бир мүчөлөрү алынып, алардын ордуна башкалар шайланган учурлар да болгон. Бүгүнкү күнү Талас облусу боюнча жайыт комитеттеринин мүчөлөрү өз ишин билген адамдардан коюлган деп айта алам.

Талас районундагы Акматбек Нуржанов айыл округунун башчысы Эмил Тууганбаев жайыт пайдалануучулар бирикмесин түзүү бүгүнкү күндө чийки каралып, иш жүзүнө келгенде айыл өкмөтү менен жайыт бирикмесинин өкүлдөрүнүн ортосунда келишпестиктер көп жаралышы ыктымал деп божомолдойт:

- Иштин баары акчада жатат. Акча жайыт комитетинин өзүнө деле жетип кыйратпайт. Акча түшпөгөн соң, айыл өкмөтү да жайыт комитети менен иши болбойт, комитет өз алдынча калат. Ошондуктан, жайыт акысы үчүн төлөнгөн акчанын 40% айыл өкмөткө берүү керек. Ошондо айыл өкмөттүн да кызыкчылыгы болот эле. Болбосо 200-300 миң сом түшөт экен, бул комитет мүчөлөрүнүн өздөрүнөн артпай калышы толук мүмкүн.

Бакай-Ата районундагы Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Дүйшөнбек Нусубалиев жайыт пайдалануучулар бирикмеси баары бир айыл өкмөтүсүз иш кыла алышпайт деп тастыктоодо:

- Жайыт комитети да, айыл өкмөтү да юридикалык күчкө ээ. Менимче, жайыттарды тактап туруп, мамлекеттик актыны айыл өкмөт алышы керек. Анан атайын жайыт комитети менен келишим түзүп, “мынча гектар жайыт бар, мынча акча төлөйсүнң” деп келишимдин негизинде беришибиз керек болуп калды.

Бакай-Ата районундагы Оро айылынын жайыт комитетинде мүчө Элеман Сурапов негизи бул жайыт маселеси бир топ чатак менен барып бир натыйжага келээрин жана жайытка болгон салыкты малга жараша албастан жердин сапатына карап алуу дурус дейт:

- Али көп талаш-тартыштар болот болуш керек. Анткени колхоз тарагандан кийин, кээ бир жайыттар башка айыл өкмөттүн карамагына кирип кеткендери бар. Ошол жерлерди жакшылап такташ керек. Анын үстүнө ар бир жайыттардагы чөптөрдүн түшүмдүүлүгү ар түрдүү. Ошондуктан, мына ушуну да жайыт комитети барып иликтеп, ошол чөптүн түшүмдүүлүгүнө карап да салык салса дурус болот.

Кара-Буура жана Манас райондору боюнча АРИС долбоорунун эксперти Нуржан Токторбаев жайыт боюнча кандай гана оң-терс пикирлер болбосун бирок жайыт маселеси бүгүнкү күндө ээсин тапты деген оптимисттик көз карашын "Азаттыктан" жашырган жок:

- Эң жакшы жыйынтык болот деген оптимисттик көз караштамын. Анткени сиздерге белгилүү жайыттар чаржайыт болуп, алыскылары пайдаланбай, жакын жайгашкандарына эл көп чыгып, чөптүн түшүмдүүлүгү азайып кеткен болсо, чөп куурап топтоло берген алыскы жайыттарда өрттөр чыгып атчу. Эми болсо жаңы мыйзамдын негизинде мына ушул жайыттардын баарына бир кожоюн –жайыт пайдалануучу эл өзү көз салат. Бул албетте эл үчүн да, жайыттар үчүн да жакшы.
Алыскы жайыттар пайдаланбай, жакын жайгашкандарына эл көп чыккандыктан, чөп чыкпай, такыр болуп кеткен.,

Адискеп

Жогоруда айтылгандай, жаңы мыйзамга ылайык жайыт пайдалануучулар жер-жерлерде жайыт комитеттерин түзүшөт. Комитеттерге жергиликтүү жайыт пайдалануучулардан өкүлдөр кирет, комитетте он бешке чейин мүчө болушу мүмкүн. Ошентсе да, жайыт пайдалануучулардын биримдиги, жайыт үчүн төлөнүүчү акы, мамлекетке төгүлө турган салык тууралуу маселелер дагы деле элдин суроолорун пайда кылууда.

Ошондуктан биз Айыл чарба министрлигинин алдындагы жайыт департаментинин жетекчиси Абдымалик Эгембердиевди кепке тартып, айрым суроолорго жооп алууга аракеттендик. Жетекчинин айтканы боюнча, жергиликтүү элден турган жайыт пайдалануучулардын бирикмеси жайыт комитеттеринин курамын түзөт:

- Жайыт пайдалануучулардын бирикмесине ошол айыл өкмөттөрдө жашаган бардык эл киргенге укуктуу. Канча айыл болсо, ар биринен делегаттар шайланат. Алар өздөрүнүн чогулушунда жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетин түзөт. Комитетке он-он беш киши мүчө болсо болот, бул айылдардын санына жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин чечимине байланыштуу болот. Ага жайыт пайдалануучулар, айыл кеңешинин депутаттары, айыл өкмөттүн мүчөлөрү же башчысы мүчө болуп кирсе болот.

Жайыт комитетинин иши оңой эмес, алар жайытты иштетүүнүн планын иштеп чыгып, аны бекитүүдөн тышкары жайыт пайдалануучулардан акы чогултат жана аны тийиштүү максаттарга жумшоо иштерин да жүргүзүшөт, дейт биздин маектеш:

- Булар жайыт пайдалануунун планын иштеп чыгат жана аны бекиттирет. Жайытка чыккан малдын санына жана түрүнө жараша төлөнүүчү акыны белгилейт, аны жыйнайт. Ошондой эле түшкөн каражатты бир бөлүгүн айыл өкмөттүн бюджетине, бир бөлүгүн салыкка, бир бөлүгүн комитеттин ишине, калганын жайыттардын инфраструктурасын жакшыртууга жумшоо планын иштеп чыгат.

Абдымалик Эгембердиевдин айтуусунда, жергиликтүү элди жайыт комитетинин алып барган иши канааттандырбаса, алар комитетти кайрадан түзүүгө укуктуу.

Жаңыдан ишке киргизген мыйзамда жайыттарды ижарага берүү жокко чыгарылган, башкача айтканда ага тыюу салынган. Ал эми мурдагы мыйзам менен узак мөөнөткө жайытты ижарага алган адамдар жаңы мыйзам чегинде жайыт белетин алууга тийиш, дейт жайыт департаментинин жетекчиси Абдымалик Эгембердиев:

-Мыйзамдын 12-беренеси атайын ушул маселеге багышталган. Эгер жайытты ижарага алган киши мурдагы мыйзамдарды, токтом-жоболорду так сактап алган болсо, эгер анын малынын саны жайыттын аянтына туура келсе, анда анын ошол ижарага алган мөөнөттө пайдалануу укугу калат, бирок мал башына акы төлөөнү жаңы мыйзам менен жүргүзөт. Өзүнүн ижара укугун жайыт белетине алмаштырат. Эгерде анын малы ижарага алган жайыттын аянтына жетпесе, калган ашыкчасын жайыт пайдалануучуларга кайтарып бериши керек.

Жайыт белеттеринде мал качан, кайсы жайытка чыгары тууралуу да так жазылууга тийиш, анткени жайкы же күзгү жайыттын отун малга жазында эле жедирип жиберүүгө жол берилбеши керек:

-Жайыт белетинде кайсы жайытка качан барып отурукташууга болот, кайсынысы күздөө, кайсынысы жаздоо, кайсысы жайлоо болот, мына ушулардын баары так жазылат, -дейт Абдымалик Эгембердиев.

Жайытка төлөнүүчү акы, төгүлө турган салыктар тууралуу суроолор да көп берилген суроолордон. Жайыт үчүн төлөнүүчү акы мал башынан алынат, бул болсо ар бир жайыт комитети тарабынан өлчөнүп, чечилет. Ал эми салыктын өлчөмү азырынча чечиле элек. Бул боюнча атайын мыйзам долбоору даярдалып, жайыт департаменти тарабынан парламентке сунушталган. Жогорку Кеңеш бул долбоорду келерки жыл бюджетине киргизсе, анда ал дагы чечилип калуусу мүмкүн.

Кыргызстан жайытка эле эмес, түрдүү кен-байлыктарга да бай. Андай кен-байлыктардын көпчүлүгү мына ушул жайыттардын алдында. Өткөн жылы Таластагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн тургундары алтын казуучу "Андаш майнинг" компаниясынын казуу иштерин жүргүзүүсүнө каршы чыкканы белгилүү. Алар кен казган жердин ордундагы миңдеген гектарлаган жайыттарын сактап калуу үчүн чыгышкан.

Биздин маектеш, жайыт департаментинин жетекчиси Абдымалык Эгембердиевдин айтуусунда, мындай учурда жаңы мыйзам жайыт пайдалануучулардын пайдасы үчүн иштейт:

- Ошол кенди казып алуу үчүн лицензия алып жаткан учурда ал ошол жайыттан канча каражат түшөт, жайыт пайдалануучулар канча зыян тартат, мына ушунун баарын кен казуучу компания иштеп чыгуусу тийиш. Мына ушул болочок зыяндын өлчөмүн жергиликтүү элге бул компания төлөп бериши керек. Мындан тышкары кен казганда томкорулган жерлерди рекультувация кылып, кайра калыбына келтирүү милдети да ошол кен казуучу компанияга жүктөлгөн. Бирок тилекке каршы, буга чейин мындай иштердин көзөмөлгө алынышы жакшы жолго коюлбай келген, бул маселелер акырындык менен жолго түшүшү зарыл, анткени мыйзам ушуну талап кылат.

Кыргызстандын дээрлик 50% аймагын жайыттар түзөт. Санынан сапаты демекчи, бүгүнкү күндө жайыттардын абалы начар, бир нече жыл жакшылап көңүл бурулбаганы үчүн каралбай калган жайыттарды ар кандай тикенектүү бадалдар, уу чөптөр басып кетти, дешет адистер. Бул маселе тууралуу биздин "Адам жана базар" аттуу апталык программабыздын кийинки уктурууларында өзүнчө сөз болмокчу.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG