Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:10

Э. Өмүралиев: Бажы биримдиги ДСУнун талаптарына жооп бербесе келечеги болбойт


Бажы биримдигине Орусия, Беларус жана Казакстан мүчө

Бажы биримдигине Орусия, Беларус жана Казакстан мүчө

Мурунку өнөр жай, соода министри Эсенгул Өмүралиев менен Кыргызстандын Россия, Беларус жана Казакстан түзгөн Бажы биримдигине кирүү мүмкүнчүлүгү тууралуу мурдагы өнөр жай, соода министри Эсенгул Өмүралиевди сөзгө тарттык.

- Эсенгул мырза, кезинде сиз Кыргызстандын Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүсү боюнча сүйлөшүүлөрдүн башатында турган элеңиз. Азыркы мезгилде өкмөт жаңы Бажы биримдигине кирүү ниетин билдирди. Белгилүү болгондой, Дүйнөлүк соода уюмуна Кыргызстандын киришин оң баалагандар да бар, ал Кыргызстандын өнөр жайын талкалады деген пикирлер да айтылган. Сиз өзүңүз азыр аны кандай баалап жатасыз?

- Оң жактарын айтсак, ошол убакта биздин өкмөттө андан башка жол жок болчу. Себеби Советтер Союзу кыйрап, карым-катнаштардын баары бузулуп турганда эгерде өнөр жайдын, айыл чарбанын, дегеле экономиканын өсүшүнө жаңы жолдорду таппасак, анда келечек кыйын болуп калмак. Мен азыр деле ошону айтып келатам, эгерде биз жаңы рынокторду ачпасак, анда биздин экономикабыз үчүн кыйын болуп калмак. Ошон үчүн Дүйнөлүк соода уюмунун Кыргызстанга тийгизген пайдасы абдан эле чоң. Анын инструменттерин убагында толук колдонбой калган ал башка маселе, ал мамлекеттин саясат жүргүзүүсүнүн жыйынтыгынан келип чыккан маселе.

- Эсенгул мырза, жогоруда белгиленгендей Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө. Ал эми Бажы биримдигин түзүп жаткан үч мамлекет мүчө эмес. Мына ушул маселе кандай карама-каршылык жаратат?

- Бул жерде карама-каршылык пайда болушу мүмкүн эмес. Эгерде түзүлүп аткан Бажы союзу Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун принциптеринде түзүлсө, эч кандай карама-каршылык болбойт. Эгерде эсиңиздерде болсо, мындан 15 жыл мурда Бажы союзу түзүлгөн, бирок ал ушул убака чейин иштебей келди. Себеби ал Бажы союзу дүйнөлүк соода уюмунун принциптерине негизделбей, тескерисинче, ошолордон изоляция катарында түзүлүп калган. Ошон үчүн ал иштебей калды. Азыр Минскиде кол коюлган бажы союзу ДСУнун принциптеринин негизинде түзүлдү деп айтылып атат, бирок мен окуп көрө элекмин. Эгерде ошондой түзүлсө, анда мунун келечеги бар. Мисалы ошондой негизде түзүлгөн кээ бир эл аралык андай уюмдар азыркыга чейин татынакай иштеп атат.

- Демек бул Россиянын премьер-министри айткандай, Россия, Беларус жана Казакстандын биригип туруп Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүсүнө жасалган кадам катары да, Кыргызстандын да бир позициялары жакындашат экен да анда?

- Булар баары бир ички Бажы союзун түзгөнү менен акыры жүрүп отуруп Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна коллективдүү мүчө болушат. Антпесе мунун келечеги жок. Анткени өзүнчө түзүлүп алып эле өзүнчө жашай албайт да, булар дүйнө менен алака түзүш керек. Ал үчүн алар баары бир ошол жака мүчө болуп кирет. Ал үчүн 2-3 жыл убакыт керек деп ойлойм. Анын ичинде биз өзүбүздүн позициябызды булар менен сүйлөшүп, жакындатып, дүйнөлүк соода уюмуна мүчө катары калып дагы, бул жака да кирип, булар менен аралашып кетсек болот.

- Кыргызстандын Россия, Беларус жана Казакстан түзгөн Бажы биримдигине кирүүсү ого бетер сырьелук өлкөгө айлантат деген пикирлер да бар. Бирок Кыргызстандын өсүп келаткан тигүүчүлүк тармагы, айыл чарбасы үчүн Казакстан, Россиянын базарынын мааниси да чоң. Кыргызстандын жаңы Бажы биримдигине кирүүсүнүн оң жана терс жактарын айта кетсеңиз...

- Биз үчүн бул жаңы түзүлгөн бажы аймагы абдан эле жакын болуш керек. Себеби биринчиден, бул биздин стратегиялык өнөктөштөр, жакын кошуналар. Экинчиден, маданий жактан да жакын чөйрө, ишкерлер, жалпы эле эл үчүн ыңгайлуу аймак. Ошон үчүн бул жактан биз көбүрөөк пайда алышыбыз мүмкүн. Эгерде жалпы дүйнөлүк соодадан ажырабай, изоляция кылынбай, ошол тарапта иштесек.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG