Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:48

Экономика илимдеринин доктору, профессор Жумакадыр Акенеев менен өтүп бараткан жылдагы экономикалык өнүгүү, өзгөрүүлөр тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди. Профессор өкмөттүн тарифтерди көтөрүү чечимин туура эмес чечим катары баалап, ал элге терс таасир тийгизет деген ойдо.

- Жумакадыр мырза, узап бараткан жылы экономикадагы орчундуу проблемалардын бири - дүйнөлүк каржы каатчылыгы болду. Сиздин оюңузча, Кыргызстанга каржы каатчылыгы кандай таасир этти, айрыкча андан кайсы тармак көбүрөөк жабыркады?

- Биз, экономисттер дүйнөлүк кризис биздин да экономикага анча-мынча таасирин тийгизгенин айтып келатабыз. Эми түздөн-түз тийгизбесе да тышкы соодабыз үч мамлекет: Кытай, Казакстан Россия менен тыгыз байланышта эмеспи. Анан ушулар аркылуу бизге да катуу тийди. Эми тийген себеби өзүбүздүн өндүргөн продукциябыздын 30%ын өзүбүз пайдаланабыз ,70%ын чет жактан алып келебиз да. Анан биздин сомубуздун курсу долларга карата бир аз арзандап, баягы алып келген продукциянын баардыгы долларга алынат да. Кыргызстанга келгенде сом менен сатылганда сомубуз долларга караганда 30%га чейин арзандап кетти, анан ошол пайызга анча-мынча баалар өстү кээ бирлерине.

Мындан сырткары өнөр жайга да катуу тийди. Былтыркы жылга салыштырмалуу 14% ылдый. Бирок быйыл айыл чарба тармагыбыз жакшы иштеди, ал ички дүң продукцияда 46%ды түзөт. Биздин Кыргызстан жылды 3,5 – 4% өсүш менен бүтүрүп атат. Бул жакшы көрсөткүч, себеби КМШ мамлекеттерин алганда болгону 4 мамлекет жылдык өсүш менен бүтүрүп атат. Калгандарынын бардыгы былтыркы жылга салыштырмалуу азыраак продукция өндүрдү. Мындай деле карап көрсөк башка мамлекеттердикиндей бизде бир да банк жабылган жок. Өнөр жай ишканалары анча-мынча токтогону менен таптакыр жабылган жок. Экинчи жарым жылдыкта кайра иштей баштады, маселен, Канттагы шифер комбинат, Токмоктогу айнек чыгаруучу завод. Жалпысынан мен ойлойм кризисти эске алып биз жыйынтык чыгарсак болот - быйылкы жыл Кыргызстан үчүн жаман эмес жыл болду деп.

- Кыргызстанда ишкерликти өнүктүрүү боюнча кандай шарттар түзүлгөн. Жакында эле ушул жылдын бизнес рейтинги боюнча Кыргызстан ишкерликке шарт түзүп берген алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирбедиби. Айрым серепчилер бул кагаз жүзүндө ошондой болгону менен иш жүзүндө тоскоолдуктар көп деп айтып атышат...

- Бул жерде чындап келгенде анча-мынча кагаз жүзүндө деген деле туура болуп атат. Бирок негизги биздин мыйзамдар ошол жеке менчик ишкерлерге мындай шарт түзүүгө жазуу жагына жылды да. Мурун болсо жеке менчик ишкерликти ачыш үчүн 2-3 ай ар түрдүү макулдукту ала албай элдер кыйналчу. Бир топ тоскоолдуктар алынды. Чындап келгенде Кыргызстан былтыр, анан быйыл кескин түрдө жеке менчик ишкерликке шарт түзүү боюнча жылыш бар деп, биздин мамлекетти 200 мамлекеттин ичинен 51- орунга койду. Бул жагынан чоң жумуш жүрүп атат, бирок бул дагы жетиштүү эмес. Мисалы менин билишим боюнча, бир топ мыйзамдар, документтер даярдалып атат чет мамлекеттен келген инвесторлорго шарт түзүп берүү боюнча.
Тышкы карызыбыз 2,5 жарым миллиард долларга жетип калды.

Аларга дагы Кыргызстандын жаранындай 49 жылга жерди ижарага алууга мүмкүнчүлүк түзүп, менчик мекемелерди иштетиш үчүн жанакындай менчик алууга шарт түзүлөт. Себеби андай шарт түзбөсөк чет мамлекеттен келген инвесторлор Кыргызстанда дагы шарт түзүлө элек деп кичине өзүн кармап турат да. Азыр биздин эл аралык финансылык, экономикалык мекемелерден алган тышкы карызыбыз 2,5 миллиардка жетип калды. Ошон үчүн бир эле жол бар, ал - түз инвестор тартып экономиканы алдыга жылдырып кетүү. Ошон үчүн мен ойлойм, буюрса дагы бир жыл ушул жакка көңүл бурсак иш жакшы эле болот.

- Кыргызстанда инвесторлорду тартып келүүнүн бирден бир тоскоолдуктары коррупция эмеспи, бул жаатта абал кандай болду сиздин оюңузча?

- Эми коррупция мурункудай эле жогорку деңгээлде. Мына бүгүнкү күнү биз аны бардыгыбыз билип отурабыз. Жанагы айтылган кагаз жүзү деген ошол. Министрликте отурган чиновниктер, акимчиликтер жактан да жардам бергендин ордуна тоскоолдук түзүп, мен бул жактан кандай пайда көрөм деген көрүнүштөр бар. Бул жагынан иш жүргөнү менен кагаз жүзүндө муну оңдош керек деп бүт бардыгын туура жолго кое элекпиз. Президент жасаган акыркы реформа менимче, ошону кичине жоюга шарт түзөт. Себеби мына бүгүнкү күнү өкмөт жалаң гана аткаруу милдетин өзүнө алып калды да. Өнүктүрүү маселеси бардыгы борбордук агенттикке өтүп кетти. Борбордук агенттик өзүнүн жумушун жакшылап аткарса бул экономикага түрткүч болот. Бирок анан түзүлгөнүнө 1-2 ай болду, чечкиндүү бир төрт долбоор менен чыгышты, менимче, жылдын башталышынан баштап борбордук агенттик экономиканы жылдыруу маселесин өз колуна алыш керек деп ойлойм.

- Жумакадыр мырза, экономикалык абалды оңдош үчүн өкмөт энергетика тармагында соңку реформаларга барбадыбы, мына жаңы жылдан тарта жылуулуктун электр кубатынын баасы бир топ эсе кымбаттаганы турат. Чынында эле кымбаттатуу менен экономиканы оңдоого болобу?

- Менимче, өкмөт жанакындай чечимди бир аз шашып кабыл алды. Себеби мындан мурун, беш жылдан бери жанакы тарифтерди өзгөртүү керек деген сөздөр болуп аткан. Бул баягы карызды эл аралык Дүйнөлүк банктан, эл аралык валюттук фонддон алгандан баштап ошолордон келген адистердин бардыгы силер эмне үчүн тарифти канча жылдан бери өз калыбына эле калтырып көтөрбөйсүңөр, башка мамлекеттердей деген сөздү көтөрүп келаткан. Анан ошого байланыштуу Игорь Чудинов башкарып атканда өкмөт эки жылдын ичинде этап менен көтөрүү деген жакшы программа түзгөн, аны дагы өкмөт өзү алып чыгып, Жогорку Кеңеш бекиткен.
тарифтерди көтөрүү чечимине 3-5 айлык мораторий жарыялап, энергетика тармагын көз карандысыз комиссия текшерип чыгышы керек.

Ал эми ноябрь айында эч нерседен эч нерсе жок эле биринчи январдан электр кубатына эки эсе, жылуулукка беш эсе бааны көтөрүү терең ойлонулган иш эмес. Көтөрсөк эл аны көтөрүп кетет деген ой менен көтөрүштү да. Бул жагынан көптөгөн окумуштуулар, профсоюз мекемеси, ошол эле коомдук палата өзүнүн оюн айтты. Коомдук палатанын мүчөсү катары мен буга 3 же 5 айлык мораторий жарыялап, ошонун ичинде электр энергия тармагын көз карандысыз адистер менен, коомчулуктун катышуусу менен бүт баарын текшерип туруп андан кийин, тарифти көтөрүүнүн кажети барбы, жокпу деген чечимге келип, ошолордун атынан элге кайрылыш керек деп айтат элем. Баанын 2-3 эсе кымбаттоосу өкмөттүн туура эмес чечими болуп калды.

- Сиз айткан шашылган чечимдин кесепети кандай болушу мүмкүн?
Электр кубатына баа көтөрүлүшү менен менчик ишканалар өз продукцияларына бааны көтөрөт.

- Баа кымбатташы менен жеке менчик ишкерлер өзүнүн чыгарган продукциясына сөзсүз түрдө бааны көтөрөт. Алар болсо баягы өзүнүн алган кирешесинен төлөбөйт, бааны көтөрүп туруп ошонун эсебинен төлөйт да. Менимче, Кыргызстандагы продукцияга баа көтөрүлөт, жанакы 3-4 пайыз деген бул туура эмес. Бизде чыгарылып жаткан кээ бир продукцияларга 10-15 пайызга чейин баа көтөрүлүшү мүмкүн. Жакында кабыл алган бюджетте бул баалар мынча пайызга көтөрүлөт деген чечимдер жок. Мунун баары түздөн-түз элге таасирин тийгизет да. Анан элдин негизги бөлүгү, 60 пайыздайы жакырчылык шартта жашап атат деп өкмөт тараптан да, коомчулук жактан да айтылып атат. Ошол адамдарга катуу тийет да мунун бардыгы. Акча төлөгөнгө шарты жоктуктан кайрадан уурулук күчөп, энергетика тармагында коррупциянын күчөшүнө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

- Рахмат маегиңизге
XS
SM
MD
LG