Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:21

7-8-апрелде Бишкектеги талап тоноочулуктан көптөгөн ишкерлер жапа чегишкен. Учурда алардын айрымдарына мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлүүдө. Ошол эле маалда өлкөнүн түштүгүндө соода, кызмат көрсөтүү багытында эмгектенишкен атуулдардын июнь окуясынан кийинки абалы кандай?

Бишкекте апрель окуясы маалында борбордук көчөлөрдө орун алган соода түйүндөрү талап-тоноочулука кабылышып, жеке ишкерлик секторго келтирилген чыгым 1 мрлд. 56 миллион сомду түзгөн.

Анда жалпысынын бул чөйрөдөгү 355 ишкер жапа чеккендигин тастыкташып, бүгүнкү күнгө карата өкмөт аларга үч этаптан турган жардам көрсөтүүдө. Чыгым тарткан бул соодагерлерге 53 миллион сом бөлүштүрүлүп, кайтарылгыс жардам катарында берилүүдө. Ошондой эле төмөнкү пайыздагы насыя жана салык, социалдык төлөм жаатында да ишкерлерге женилдиктер каралган.

Баш калаадагы “Караван” соода түйүнүндө эмгектенген ишкер ижарачы Аида Аширова колдоо болуп жаткандыгына ыраазы:

- Ишкерлер ар кандай өлчөмдө чыгым тартышты. Эми адамдар ар кандай болушат да, мүмкүн кээ бирлери өкмөт тараптан көрсөтүлгөн жардамга канаатанышпай турушкандыр. Биз апрелдеги талап-тоноочулуктан банкротко учурап калганбыз. Эми бизге бир аз колдоо болуп жатат. Мындан аркы ишмердүүлүгүбүз өзүбүздүн аракетибизге жараша болот, - деди соодагер Аида Аширова.

Негизинен өкмөт тараптан колдоо алуу үчүн тизмеге кирген ишкерлерди прокуратура, каржы полициясы жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери текшерип төлөгөн салыктарына жана айлануудагы акчасына жараша компенсация төлөп берүү чечимине макулдук беришкен. Бирок ишкерлердин айтымында өкмөт тараптан көрсөтүлгөн жардам алардын чыгымынын бир бөлүгүн кана түзөт.

Апрель айында башкалаадагы талап-тоноочулукта чыгымга учураган ишкерлерге аз-аздан колдоо көрсөтүлүүдө. Бирок июнь айында Ош, Жалал-Абад окуяларында жапа чеккен бизнес чөйрөсүндөгү атуулдардын абалы кандай?

- Ош шаарында Садык кары иштеткен “Түркестан” ашканасында көп адам эмгектенчү. Алар тамак-аш, самсы сатуу менен алектенип келишкен. Ошол жолдун эки бетинде кафе, чайханалар жайгашкан эле. Алар тополоң маалында орду түбү менен өртөлүп жок болду. Күйгөнү күйүп бүттү. Эми болсо күйбөгөн имараттардын ээлери ашканаларын иштете албай, коркутууга дуушар болушууда. Ишкерлерди колдоп, аларга мүмкүнчүлүк түзүлбөгөндүктөн, көпчүлүгү чет жака кетип калышты. Азыр Оштун көчөсүнө чыгып карасаңыз, көчөдө эч ким жок, - деди Оштогу “Акыйкат, сот, чындык” укук коргоо борборунун башчысы Равшан Гапиров.

Буга чейин өзгөчө кырдаал министри Дүйшөн Чотонов башында турган мамлекеттик комиссия Ош, Жалал-Абад областтардына болгон баш аламандыктарда келтирилген чыгым 3,2 млрд сомдон ашкандыгын маалымдашкан. Анын ичинде Ош шаарында зыян 2 млрд 200 млн сом, Ош областында 351 млн, ал эми Жалал-Абад шаарында 715 млн сомду түзгөн. Бирок бул эсептөө жалпылай жүргүзүлгөндүктөн, ишкерлерге келтирилген чыгымдын так суммасы аныкталган эмес.

Жакынкы аралыкта комиссия түзүлүп, түштүктөгү ишкерлердин чыгымын аныктоо менен аларга жардам көрсөтүү маселеси карала тургандыгын Экономиканы жөнгө салуу министрлигинин анализдөө бөлүмүнүн кызматкери Бакыт Шабданов белгилеп өттү:

- Бизге президенттик администрациядан Ош, Жалал-Абаддагы ишкерлердин чыгымын аныктоо максатында комиссия түзүү зарылдыгы белгиленген тапшырма келип түштү. Жакынкы аралыкта комиссиянын мүчөлөрү аныкталат. Түштүктөгү окуяларында жапа чеккен ишкерлер ошол курамга кайрылышса, алар изилдеп чыгарган тыянагана жараша колдон келишинче жардам көрсөтүшөт.

Ишкерлер буга чейин түптөп өнүгүү жолуна койгон бизнестерин эми кантип кайрадан калыбына келтирүүнү билбей турушат. Ошондуктан адистер “өкмөт ишкерлерге жеткиликтүү жардам көрсөтсө кана, алар кайрадан өндүрүштү өркүндөтүүгө жол ачышат” деп белгилешүүдө.
XS
SM
MD
LG