Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:45

А. Бешимов: Эски күчтөр келиши коррупция күчөшүнө алып келет


Аскар Бешимов "Азаттыктын" студиясында.

Аскар Бешимов "Азаттыктын" студиясында.

Ири бизнести колдогон күчтөр парламенттик шайлоодо жеңиши өлкө экономикасына кандай таасир тийгизет?

“Ата Мекен” партиясынын мүчөсү? экономист Аскар Бешимов эски күчтөрдүн келиши коррупциянын күчөшүнө алып келет деп эсептейт.

Аскар Бешимов: Бул боюнча мурунку убактан эч нерсе өзгөрбөйт. Бизде 2008-жылдан баштап эле экономикабыз ылдый түшүп атпайбы. Кытайдан өткөн реэкспорт товарлар азайып, Бажы союзу түзүлүп, ошого карата майда соодагерлер дагы кыйналып атпайбы. Дагы эле ошол жол менен кете берет.

“Азаттык”: Бирок 2010-жылдын башында кичине өзгөрүү, оңолуунун белгилери пайда болбоду эле. Себеби Казакстанда, Орусияда жылыш болгону Кыргызстанга пайда боло баштаган. Бирок апрель окуялары, июндагы окуялар жана Бажы союзуна Кыргызстандын кириши кайра баарын артка тартып кетпедиби. Бизнести колдогон күчтөрдүн келиши оң жагына таасир тийгизиши мүмкүнбү? Мисалы Орусиядан көбүрөк инвестиция болушу мүмкүнбү?

Аскар Бешимов: Эң негизги таасир бүгүнкү күндө менин оюмча, инвестицияга, майда соодага, биздин экономиканын түзүлүшүнө эң чоң таасир кылып атканы - бул коррупциянын көлөмү, көмүскө экономиканын көлөмү. Ошону азайтмайынча эч нерсе өзгөрбөйт, мындан ары турумушубуз оңолбойт. Мындан ары кайра иштетүү ишканалары ачылбайт, эч өнүгүү болбойт. Азыркы учурда шайлоонун жыйынтыгы боюнча эски күчтөр келгенден кийин кайра эле көмүскө экономика ошол бойдон калат, мурункудай эле системалар түзүлөт. Сиз айткан туура, жылдын башында аз-маз жылыштар болуп, Казакстан, Орусия кризистен чыгып, астыга жыла баштабадыбы, элде акча пайда болуп, алар дагы соода-сатыкка, сатып алууга мүмкүнчүлүктөрү пайда болгон. Ошол дагы биздин Кыргызстандын экспортуна таасир эткен эле. Бирок апрелден кийин чек аралар жабылды, чек ара жабылгандан сырткары, ичибизде экономиканын түзүлүшүн көрүп атасыздар, ошону менен биз тартыштыкка түшүп калдык. Эми азыр октябрда кандай коалиция түзүлөт, кандай өкмөт болот, бул акылга сыйбаган нерсе, бул кандай болоорун азыр элестете албайм.

“Азаттык”: «Ата Мекен» менен КСДП алдыга чыкканда кандай өзгөрмөк эле?

Аскар Бешимов: «Ата Мекен», КСДП биринчи көмүскө экономика менен коррупцияны кескин түрдө кыскартабыз, ошого карата чечкиндүү кадамдарды кылабыз, ачык, барына түшүнүктүү экономиканы түзөбүз деп чыккан эле. Ошол гана чоң инвестицияларды, кытай, түрк, арабдардын инвесторлору келишине чоң көмөк болот эле.

“Азаттык”: Сиз атап өткөн инвесторлордун арасында Орусиянын инвесторлору жок, бул эмнени билдирет. «Ата Мекен», КСДП Орусия менен мамилеси начар болгондуктан, демек Орусия менен экономикалык байланыштар дагы үзгүлтүккө учурайт беле?

Аскар Бешимов: Эми андай деле айтса болот. Бирок Орусия өзүнүн өзүнүн өнүгүү деңгээли менен башка өлкөлөргө чоң инвестиция кыла турган өлкө эмес бүгүнкү учурда. Ал өзү жаңы технологияларды башка жактан тартып атат, ал өзү Бажы союзун түзүп, импортко бөгөт коюп, ички чыгарылган продукциясынын өнүгүүсүн каалап атат. Чет өлкөдөн инвесторлор Орусияга келсин деп Бажы союзун түзгөнүнүн максаты ошол да. Ошол эле учурда бизге берилген жардам, же ГЭСтерге, өнүгүү фондуна берген акча бул бардыгы саясат да, бул чыныгы инвесторлук эмес.

“Азаттык”: Бажы союзуна Кыргызстан эми киреби, же кирбейби?

Аскар Бешимов: Мен ойлойм, жакын арада 1-2 жылдын ичинде биз кааласак да кире албайбыз. Себеби дүйнөлүк соода уюмунун арасында бизде милдеттемелерибиз бар.

“Азаттык”: Эгер кирсе, анда Кыргызстандын майда соодасы үчүн, азыр көрүп атасыз, «Дордой» иш жүзүндө мурдагы өзүнүн таасирин жоготту. Ушуга байланыштуу бажы маселелерин, Казакстан жана Орусия менен экономикалык мамилелеринен Кыргызстан кандай түзүшү керек ушул кырдаалдан чыгышы үчүн?

Аскар Бешимов: Бир түшүнүк керек, биз Бажы союзуна кирген учурда дагы соода, «Дордой», кытайдык реэкспорт товарларын, ошонун бары ансыз деле жоюлат. Кирсек дагы, кирбесек дагы ал кыскарып атат.

“Азаттык”: Анын ордун эмне басышы керек?

Аскар Бешимов: Анын ордуна жаңы экономикалык түзүлүш болуш керек. Түзүлүшүндө бизге негизги айыл чарба, кайра иштеп чыгаруу ишканаларды ачуу, тигүү секторун, куруучу материалдарды өнүктүрүшүбүз керек. Бизде андан башка жол жок. Туризмди да өнүктүрүш керек. Кызмат кылууну, башка экономикабызды, алтынды айтапай эле коёлу. Бирок абдан чоң, эки, же үч эсе бюджетти көтөрүү бул көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу.

“Азаттык”: Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG