Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:43

Time журналы Дональд Трампты “Жыл адамы” деп атады


АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Time журналынын бетинде.
АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Time журналынын бетинде.

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Time журналынын версиясы боюнча “Жыл адамы” наамына татыды. Бул тууралуу басылманын өкүлдөрү NBC телеканалы аркылуу жарыялашты.
“Бул мен үчүн сыймык. Мен үчүн чоң мааниге ээ”-деди Трамп аталган каналган берген маегинде.

“Жыл адамы” наамын Time журналы 1927-жылдан бери тапшырып келет. 2015-жылы бул наамга Германиянын канцлери Ангела Меркель татыган.

2016-жылы көрсөтүлгөн талапкерлердин кыска тизмесинде Орусиянын президенти Владимир Путин, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, АКШ президенттигине Демократиялык партиядан ат салышкан Хиллари Клинтон жана Facebook социалдык баракчасынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг да бар эле.

XS
SM
MD
LG