Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:54

Саясат экономикага таасирин тийгизүүдө


Кыргызстандагы экономика тармагындагы көйгөйлөр, дыйкандардын, ишкерлердин абалы тууралуу экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев “Азаттыкка” маек курду.

- Убактылуу өкмөттүн тузүлгөнүнө туура бир ай болуп калды. Сиздин оюңузча өкмөт экономикалык проблемаларды кандай чечип жатат? Кыргызстан менен чектешкен өлкөлөр менен болгон чек араларынын узакка жабылышы кыргыз экономикасына кандай таасир тийгизип жатат?

Жумакадыр Акенеев: Мен ойлойм, Убактылуу өкмөткө абдан эле кыйын болду. Себеби 7-апрелден кийин көп баш аламандык болду. Бир айдан бери Казакстан, Өзбекстан чек аралары жабылды, майрамга байлыныштуу Кытайдын да чек арасы 10 күнгө жабылды. Ошон үчүн экономика тарап жаткан Убактылуу өкмөткө абдан эле кыйын болду. Бирок жыйынтыгында 97 пайызга бюджет аткарылды деген бул Убактылуу өкмөттүн жасап аткан ишин белгилейт.

Бирок бир ай келечек экономикабыздын жыйынтыгына абдан чоң өзүнүн оор таасирин көрсөтүп атат. Мына, бүгүнкү күнгө чейин чек ара ачыла элек. Өзгөчө эки тармакка абдан кыйын болот. Бул айыл чарба тармагына жана май айынан баштап туризм тармагына да оор таасирин көрсөтөт.

Былтыр күзүндө буудайды 10 сомдон өкмөт алалбай, дыйкандар күздүк буудайды азыраак көлөмдө эгишкен, 30 пайыз эле. Быйыл ошонун кесепетинен күйүүчү майдын баасы көтөрүлүп, мына жакында эле мен көлдөн келдим, 38-10го чейин чыгып кетиптир. Башка тоолуу райондорунан да дыйкандар “былтыр өзүбүз ойлогон талаа иштерди аткаралбай жатабыз” деп айтып атышат.

- Убактылуу өкмөт Орусиядан бажы төлөмү кошулган күйүүчү майды 10-апрелден тарта сатып ала баштарын билдирди. Күйүүчү майдын кымбатташынан дыйкандар жапа чегип, Кыргызстанда үзүмчүлүк болбойбу. Бул жаатта кандай кошумча иш-чаралар керек?

Жумакадыр Акенеев: Сиз абдан туура суроо берип атасыз. Сөзсүз болот. Себеби кымбат баа менен келчү күйүүчү май Орусиядан 10-майдан баштап келе баштайт. Буга чейин анча-мына запаста болгон майдын баасы 3-4 сомго көтөрүлүп, кээ бир жерде андан да кымбат сатылып атат. Бул келечектеги өңдүрүлгөн продукциянын деле баасын өтө көтөрөт да.

Бир топ азык-түлүккө да баа көтөрүлдү. Мен ойлойм, бюджет толушу мүмкүн. Себеби бул Убактылуу өкмөт таза иштесе, бажы, салык жактан төлөмдөр көбүрөөк түшөт. Андан сырткары гранттар анча-мынча берилип атат. Ошонун эсебинен бюджетти жапса болот.

Негизги экономиканын көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 10-15 пайызга азыраак болот, себеби бир ай экономикабыз чек ара жагынан абдан катуу жапа чегип атат. Азыр муну да бир башка шарт менен өстүрүш өтө кыйын болот. Бардык тармак өзүнүн өндүргөн көлөмдүү продукциясы жылдын жыйынтыгы боюнча азаят деп ойлойм.

- Убактылуу өкмөт мурунку президент Курманбек Бакиевдин сыртка чыгарып кеткен акчаларын издөөгө АКШнын борбордук каржы органын жардамга чакырып атат. Бул иш-чаралар мамлекеттик казнадан чыгарылып кетти деген миллиардаган акчаларды ордуна келтире алабы?

Жумакадыр Акенеев: Мен ойлойм, жакында эле Барак Обаманын жардамчысы келип сүйлөшүү өткөрүп, АКШ жактан чара көрүлөт деп маалыматтар чыкты. Чындап келгенде мамлекеттик деңгээлде чара көрүлсө, сөзсүз туура эмес жол менен которулган акчанын бардыгын АКШ кайтарып берүүгө жардам берет.

Мындай мисал болгон: Украинанын экс-премьер-министри Лазаренко “менин 300 млн. долларым бар” деп банктан көрсөткөндө, ошону АКШ изилдеп, бул акча кайдан чыкканын текшерип, түздөн-түз 300 млн. долларды Украинага кайтарып берген да, АКШнын өзүндө Лазаренкону жоопко тартып, 12 жылга кесип салган. Бул жерде мамлекет чара көрөм десе, АКШга которулса, мен ойлойм, ал каражат келиши мүмкүн. Ошол каражаттар аркылуу мүмкүн Убактылуу өкмөт өзүнүн берген убадасын, пенсиялар, бюджетте иштеп жаткан акча төлөнөт деген милдетин аткарууга мүмкүнчүлүгү болот.

XS
SM
MD
LG