Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:05

Бажы биримдигине кирбеген Кыргызстан кыйын күнгө кабылабы?


Кыргыз-казак чегинде токтоп турган автоунаалар. Кең-Булуң айылы, 1-март, 2010-жыл.

Кыргыз-казак чегинде токтоп турган автоунаалар. Кең-Булуң айылы, 1-март, 2010-жыл.

Акыркы бир жумадан бери Кыргызстандан жашылча-жемиш жана башка товар ташыган жүк ташуучу автоунаалар кыргыз-казак чек арасында Казакстанга кире албай турушат.

Чүйдөгү Кең-Булуң бажысында бир нече күндөн бери турган айдоочулар Казакстан жүк үчүн алынуучу бажы төлөмдөрүн кескин кымбаттатканын айтышууда. Кыргызстандык экономисттер болсо кеп төркүнү кымбаттаган бажы төлөмдөрүндө эмес, Кыргызстандын Бирдиктүү бажы союзуна кирбей калганында жатат деп эсептешет.

Чүйдүн Казакстан менен чектешкен аймагындагы Кең-Булуң бажы түйүнүндө кырктан ашуун Кыргызстандын, Казакстандын жүк ташуучу автоунаалары алды бир жумадан, арты бир күндөн бери Казакстанга өтө албай турушат. Айдоочулар бир ооздон Казакстандын бажы төлөмдөрү көтөрүлгөнүнө байланыштуу кире албай турганын айтышты.
Казак тарап жаңы бажы төлөмдөрү боюнча төлөөнү талап кылышууда. Алар айткандай төлөсөм мага эмне калат?

Аты-жөнүн атоодон баш тарткан ишкердин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, ал акыркы беш-алты жылдан бери Казакстанга жашылча-жемиш ташыйт:

- Казакстандык бажычылар көпчүлүк учурда эле бажы төлөмдөрүн жүктүн жарым-жартылайына алып, калганына “сол чөнтөккө” кетүүчү акча аркылуу көз жумуп кое беришчү. Мына акыркы бир жумадан бери жаңы бажы төлөмдөрү боюнча төлөөнү талап кылып атышат. Аркы Кордайда текшерүү жүрүп жаткан имиш. Эгер мен алар айткандай кылып, мобу турган 4 машина жүгүмдүн баарына бажы төлөм төлөй турган болсом, мага эмне калат? Жалаң чыгашага иштеп каламынбы?

Кең-Булуңда казак бажысынын коё беришин күтүп турган айдоочуларды кепке тартып жүрүп, жогорудагы ишкердин сөзүн жокко чыгарган жүйөөлөрдү да уктук. Өзүн Бауржан деп тааныштырган казакстандык айдоочу бажы төлөмдөрү Казакстанда азык-түлүктүн кымбатташына байланыштуу жогорулаганын айтат. Ал жүктөрүн дайыма расмий түрдө тиешелүү документтер менен камсыздап, чек арадан өтүп жүргөнүн белгилеп, бул жолу бажы төлөмдөрүн төлөөгө акчасы жетпей калганын билдирди:

- Биз капустаны 6-7 сомдон сатып алабыз деп ойлогонбуз. Бирок баа 11 сом 50 тыйынга чыгып кетиптир. Ошондуктан, азыр Казакстанга кирүү үчүн бажы төлөмдөрүн толук төлөөгө акчам жетпей, үч күндөн бери үйдөн акча күтүп отурам. Ишемби күнү банк эрте жабылган, жекшемби күнү дем алыш болду, мына бүгүн азыр жиберишти, күтүп отурам. Ооба жүктү Кыргызстанга алып кирүү арзаныраак, Казакстанга кымбат. Мындай бүгүн эле чыга калган жок, дайыма эле ушундай

Февраль айынын башынан бери Казакстан Кыргызстанга алыскы чет өлкөлөрдөн келе жаткан жүктөрдү өткөрбөй келе жатканы белгилүү. Эми мындай маалымат чыгып отурат. Кыргызстандын Бажы кызматынын басма сөз катчысы А. Малдыбаев казакстандык кесиптештери тарабынан расмий түрдө эч кандай маалымат берилбегенин билдирди.

Казакстандын бажы кызматтары тарабынан Кыргызстанга өткөрүлүүчү жана Кыргызстандан алып кирилүүчү жүктөргө карата ар кандай тоскоолдуктар түзүлүп жатканы саясатчылар, экономисттер тарабынан түрдүү талданууда. Оппозиция муну Кыргызстандын бүгүнкү бийлиги жүргүзүп жаткан алешем тышкы саясаттын жемиши деп эсептейт.

“Ата Мекен” партиясы мурдараак тараткан билдирүүсүндө президент Бакиев орустардын ишениминен чыкканы үчүн Бирдиктүү бажы союзуна киргизилбей, экономикалык блокадага алынып отурат деп маалымдаган. Ал эми белгилүү экономист, мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетовдун айтуусунда, Кыргызстан Бирдиктүү бажы союзуна кирбегени мындан ары дагы көп кыйынчылыкты жаратат:
Бирдиктүү бажы союзуна кирбесек бизди дагы далай экономикалык кыйынчылыктар күтүп турат.

- Ушундай бир татаал кырдаал түзүлүп отурат. Мына жакында эле бизге Орусиядагы мунай иштетүүчү заводдордон кат келди. Анда үч өлкөнүн Бирдиктүү бажы союзу түзүлгөн соң, бизге берилип жаткан мунай азыктарынын ар бир тоннасына 194 доллардан кошумча экспорттук төлөм киргизилери айтылып, ошого карата Кыргызстанда мунай заттардын элге сатылуучу баасын көтөргүлө деген көрсөтмө жазылган. Ушундай эле көрсөтмө газ боюнча да келди. Демек, Бирдиктүү бажы союзуна кирбесек, бизди дагы алда канча экономикалык кыйынчылыктар күтүп жатат.

Базарбай Мамбетовдун белгилөөсү боюнча, Бирдиктүү бажы аймагына кирүүгө Кыргызстанга мурдараак кирип алган Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчөлүгү тоскоол болууда. Анын айтуусунда, Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмуна өзүнүн шартын коюп, Бирдиктүү бажы союзуна кирүүгө аракет кылса эми деле кеч эмес, эң негизгиси каалоо керек:

- Дүйнөлүк соода уюму менен кошумча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргызстандын Бирдиктүү бажы союзуна кирүүсүнө мүмкүнчүлүк берүүсүн өтүнүү керек. Биз бул боюнча мурда да иштегенбиз, 1998-жылдан тартып Дүйнөлүк соода уюму менен мына ушундай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө аракет кылганбыз. Бирок 2006-2007-жылдары ошол жасалып жаткан иштердин баары ара жолдо калды. Буга негизинен акыркы жылдары тиешелүү кызматтарда бул маселени жакшы билбеген адамдардын иштеп жатканы да өтө чоң тескери таасирин тийгизди. КМШнын аткаруу комитетиндеги экономикалык комиссияда Кыргызстандын өкүлү бар, ЕврАзЭШте да атайын Кыргызстандын кишиси отурат, аткаруу комитетинде дагы эки кыргызстандык жигит иштейт. Орусияда, Казакстанда Кыргызстандын элчилери бар. Ушулар Кыргызстандын бүгүнкү экономикалык кыйынчылыгы үчүн элдин алдында жооп бериши керек. Анткени алар убагында Бирдиктүү бажы союзуна кирген учурда же кирбеген учурда кандай утуштарга же жоготууларга туш болорун өкмөткө, президентке, тышкы иштер, экономикалык министрликтерге маалымдоого тийиш болчу.

Белгилүү болгондой кыргыз өкмөт башчысы Д. Үсөнов 27-февралда Москвада кыргыз-орус өкмөттөр аралык жыйынга катышып келди. Анда козголгон маселелердин бири Бирдиктүү бажы союзуна Кыргызстандын киришине арналган болчу. Кыргыз өкмөтү иш сапардын жыйынтыгы эки тарапка бирдей жемиштүү болгонун белгилөөдө, ошентсе да өкмөт башчы Д. Үсөнов 24.kg маалымат агенттигине берген интервьюсунда Бирдиктүү бажы союзуна кирүү маселеси азырынча толук чечилбегенин билдирген.

Ал эми жыйындын Орусия тараптан теңтөрагасы Сергей Шматко эки тараптуу кызматташууну алдыга жылдырууга бардык шарттар бар, бирок башкы маселе – бул тараптардын бири-биринин кызыкчылыгын эске алып, өзүнө алган милдетин толук аткарышында жатат деп билдирген. Ушундан улам айрым талдоочулар кыргыз-орус мамилесинде баары тептегиз деген кыргыз өкмөтүнүн билдирүүсүнө кошулууга мүмкүн эместигин айтып, Бирдиктүү бажы союзуна мүчө болбогон Кыргызстан үчүн экономикалык кыйынчылыктар али алдыда экенин белгилешүүдө.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG