Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:02

Энергетиканын эсеби...


Энергетика тармагын менчиктештирүүгө каршы нааразылык акциядан, Москва району, 16-декабрь, 2008-жыл.

Энергетика тармагын менчиктештирүүгө каршы нааразылык акциядан, Москва району, 16-декабрь, 2008-жыл.

Өкмөт энергетика тармагындагы бөлүштүргүч компанияларды саттыка коюуга даярдык көрүүнү Мүлк министрлигине тапшырды. Даярдыктын негизги кадамы катары өкмөт тарифтерди 5-10 эсе көтөрдү. Көтөрүлгөн тарифтер энергетикалык, жылуулук ишканалардын чыгашасын жабабы?

Кыргызстандын энергетикалык ишканаларынын ичинен Бишкек жана Ош жылуулук электр борборлору өзгөчө чыгашалуу экени белгилүү. Бишкек жылуулук борбору "Улуттук электр станциялар" акционердик коомунун курамындагы ишкана. Ошондуктан анын чыгашалары жыл сайын кайсы бир деңгээлде "Электр станциялар" аркылуу жабылып келет. Маселен, "Электр станциялар" акционердик коому Казакстанга электр кубатын сатып, анын ордуна көмүр алат. Көмүрдү Бишкек жылуулук борборуна берет. Мына ушундай схема мурдатан келатат жана азыркы мезгилде Бишкек жылуулук борборуна берилген жардамдын көлөмү 1,5-2 млрд сомду түзөөрү белгилүү.

Өз кезегинде Бишкек жылуулук борбору электр энергиясын, жылуулук жана ысык суу иштеп чыгып, аны керектөөчүлөргө сатат. Борбордо өндүрүлгөн электр энергиясынын өздүк баасы 3 сомдун айланасында экени кабарланган.

Ал эми жылуулуктун бир гикакалориясын “Бишкекжылуулуктармактар” ишканасына азыркы мезгилде 156 сомдон сатып жатат. Бул маалыматты “Бишкекжылуулуктармактар” ишканасынын жетекчиси Мирбек Батаканов тастыктады:

- Бүгүн Бишкек жылуулук борборунан бир гикакалорийди 156 сомдон алабыз. Элге 500 сомдон сатабыз.

Бардык чыгашаны тарткан Бишкек жылуулук борбору бир гикакалорий жылуулукту “Бишкекжылуулуктармактар” ишканасына эмне үчүн 156 сомдон, ал эми “Бишкекжылуулуктармактар” ишканасы аны үч эседен ашык кымбаттатып, калкка 500 сомдон сатып жатканы түшүнүксүз?

Белгилей кете турган нерсе, “Бишкекжылуулуктармактар” ишканасынын 87 миң абоненти бар. Алардын ар бири жылытуу мезгилинде (жаңы тарифтер менен алганда) 15 миң сомдон төлөгөндө 13 млрд. сом же 300 млн. доллардан ашуун акча болот.

Ал эми Бишкек жылуулук борборунун жыл бою жага турган 1 млн. тоннага жакын көмүрү 40 млн. доллардын тегереги, 100 миң тонна мазуту 20 млн. доллардан ашуунга турат. Салыштырып көргөндө энергетикалык ишканалардын пайдасы арбын болору айкындалат.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Орозбек Дүйшеевдин маалыматы боюнча, Бишкек жылуулук борбору жараткан 1 гикакалорий жылуулуктун өздүк баасы 2003-жылы 450 сом болгон. Андан бери Бишкек жылуулук борборунун негизги отуну болгон көмүрдүн баасы 30 пайыздан ашуунга кымбаттаган. Маселен, 2003-жылы бир тонна көмүр 30 доллар болсо, азыр 40-44 доллар турат.

Бишкек жылуулук борборунун жетекчиси Юрий Фрик эгерде бир гикакалорий жылуулук 1050 сом болсо чыгашалар акталбасын, ал эми 2500 сом болгондо акталарын белгиледи:

- 1050 сом болгондо биздин чыгашаны жаба албайт. Ал эми тарифтер 2500 сом болгондо актайт.

Кошумчалай турган нерсе, бир гикакалорий жылуулукка тарифтер 1050 сом болгондон кийин Бишкек жылуулук борбору “Бишкекжылуулуктармактар” ишкансына 312 сомдон сата баштайт экен. Өкмөт токтомуна ылайык, 1-январдан тарта бир гикакалорий жылуулуктун баасы 1050 сом, ал эми 1-июлдан тарта 2500 сом болот.

Ал эми электр энергетика тармагынын чыгашасы эмес, жоготуулары көп. Бул коррупцияга байланышуу экени белгилүү. Орозбек Дүйшеевдин маалыматы боюнча, Кыргызстан ГЭСтери иштеп чыгып жаткан электр энергиясынын өздүк наркы 8 тыйын, ал жогорку чыңалуудагы электр линиялары аркылуу бөлүштүргүч компанияларга чейин 20 тыйынга барабар болот. Ошондуктан аны калкка 1 сом 50 тыйындан, андан өтүп 1 сом 90 тыйындан сатуу акылга сыйбаган нерсе. Анын үстүнө энергетика тармагы 2001-жылы тарифтер 43 тыйын болуп турганда 1 млрд. 700 млн. сом пайда алган. Азыркы мезгилде ал пайдаларды расмий түрдө техникалык, коммерциялык жоготуулар, чындыгында тармакты тейлеген энергобарондор, коррупционерлер жалмап кетүүдө.

Ошентип өкмөт бааларды көтөрүү менен Бишкек жылуулук борборун, бөлүштүргүч компанияларды сатууга, алардын келечектеги кожоюндары арбын пайда көрүүсүнө кеңири жол ачты.

Айтмакчы, бөлүштүргүч компаниялар декабрь айынын соңунда, жаңы жылдын оро-парасында саттыка коюларын Жогорку Кеңештин депутаты Анаш Сейтказиев билдирген.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG