Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:56

Б. Жээнбеков: Божомолубуз боюнча баалар төмөндөйт


Баалардын кымбатташы, ага карата көрүлүп жаткан чаралар туурасында Монополияны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бабырбек Жээнбеков “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Соңку бир аптанын ичинде ун чыгаруучу жети ишканага бааларды жасалма көтөргөн деген эскертүү берилип, ундун баасы 1-2 сомго төмөндөдү. Бирок жалпы баалар дагы деле өсүп жатканы байкалып атат. Сиздер кандай чараларды көрүп жатасыздар?

Бабырбек Жээнбеков: Ооба, бүгүнкү күндө Бишкек шаарында жайгашкан 6 ун комбинатка эскертүү бергенбиз. Андан тышкары Кыргызстандын аймагында жайгашкан 30дан ашык ишканаларга ундун баасын жасалма кымбаттатууну токтотуу боюнча эскертүү берилген.

Бүгүнкү күндө Ош аймагында, түштүк жергесинде көпчүлүк ун чыгарчу комбинаттар бааны 5 сомго чейин төмөндөтүштү. Бул аябай эле жакшы көрсөткүч. Ал эми Бишкек шаарында негизинен 1-2 сом 50 тыйынга чейин баалар төмөн түшүп жатат. Бул биздин алгачкы жеңишибиз деп эсептейм.

Бүгүнкү күндө шаардагы 6 ишкананын бааны көтөрүү боюнча иш аракеттерин текшерүү биздин кызматкерлер тарабынан жүргүзүлүп жатат. Биз келе жаткан жуманын шейшемби, шаршемби күндөрү текшерүүнү бүтөбүз го деп ойлоп отурабыз. Эгерде бүтсөк натыйжасы чыгыш керек.

- Унга да баалар төмөндөшү мүмкүнбү?

Бабырбек Жээнбеков: Биздин божомолубуз боюнча баалар төмөндөш керек. Анткени баалардын кымбаттай баштаганына бир ай болуп калбадыбы. Ошол мезгилде баалардын кымбатташына эч кандай негиздер жок болчу. Башка жактан, же болбосо биздин республикада өндүрүлгөн буудайды сатып алуу ал мезгилде жүргүзүлгөн эмес. Алар мурдагы баада сатып алган буудайлар менен иштеп атышкан, эч кандай өндүрүштүк кошумча сарптоолор болгон эмес. Ошондуктан бааларды көтөрүүгө эч кандай негиз болгон эмес деген негиз менен кайра мурдагы калыбына алып келгиле деген талаптарды коюп атабыз буларга.

- Мындан башка дагы азык-түлүк продуктылары, анын ичинде суу май, кумшекердин баасы да кескин өсүп атпайбы. Сиз ушулардын баасын көзөмөлдөө үчүн да өкмөткө сунуш киргизгениңизди айттыңыз эле. Бул маселе кандай чечилип атат?

Бабырбек Жээнбеков: Бул маселе президент Роза Исаковна Отунбаеванын көзөмөлүндө турат. Ал киши бизге кайра-кайра телефон чалып, эмне кылып атасыңар, кандай чара көрүп атасыңар дегенден кийин биз болгон күч аракетибиздин бардыгын жумшап атабыз. Бирок, тилекке каршы, биз бүгүнкү күндө базар экономикасын рынок бааларын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүгүбүз болбой жатат. Анткени мыйзам буга уруксат бербейт. Биз ушул маселени көтөрүп, өткөндө президентке кайрылганбыз. Биз 10 чакты элге негизги керектүү деп эсептелген продуктылардын бааларынын жүрүшүнө көзөмөл жүргүзүүгө Указ чыгарып берүүсүн өтүнүп кайрылган элек. Азыр ал маселе каралуунун үстүндө, ашып кетсе бир жуманын ичинде чечилип калат деген ойдо турабыз. Эгерде чечилип калса, анда биз эң керектүү делген кумшекер, суу май, ун, нандын баасына көзөмөл жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алат элек.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG