Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:39

Ош жана Жалал-Абаддын жаңы планы иштелүүдө


Гүлгө оронгон Ош тополоң окуядан кийин күлгө оронду
Гүлгө оронгон Ош тополоң окуядан кийин күлгө оронду

Ош жана Жалал-Абаддагы жаңжал учурунда 1300дөн ашуун имарат талкаланып кеткен. Алардын көпчүлүгү калыбына келтирүүгө жарабай тургандыгын чыгымдарды эсептөө комиссиясы аныктап чыкты.

Жакында түзүлгөн Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча Мамлекеттик дирекция аталган шаарларды кайра куруу боюнча план архитекторлор тарабынан иштелип жаткандыгын кабарлады.

Ош жана Жалал-Абаддагы кандуу кагылыш жүздөгөн адамдарды үй-жайсыз калтырды. Канчалаган имараттар, кафе, дүкөндөр өрттөлүп жок болду. Тополоң алып келген зыяндын көлөмүн учурда өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу Дүйшөн Чотонов жетектеген комиссия иликтеп жатат. Мына ушул комиссиянын ушул күнгө чейинки иш-аракеттери Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча өткөн координациялык жыйын учурунда айтылды. Жыйын Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларын бириктирген телекөпүрө аркылуу өттү.

Жыйында Дүйшөн Чотонов талкаланган турак жайларды иликтөө мүмкүн болгон менен, ичиндеги буюм-тайым, жеке мүлктөрдү аныктоо кыйын болуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, бул үчүн Өзгөчө кырдаал министрлигинин, Башкы прокуратура, мамлекеттик курулуш, мамлекеттик каттоо, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн жана мониторинг жүргүзүү боюнча атайын адистерден турган төрт топ иштеп жатат.

Өзгөчө кырдаал министринин орун басары Бакир Жолчиевдин айтымында, ушул тапта Ош шаарынын тегерегиндеги Фурхат, Мады, Нариман, Кызыл-Кыштак айылдарындагы талкаланган имараттар, турак-жайлар иликтенип, зыяндын көлөмү такталууда:

- Базар-Коргон району боюнча чыгымдын көлөмү орто эсеп менен 83 млн сомго жакын. Сузак районунда 37 турак жай, 3 соода борбору иликтенди. Аынын материалдык чыгымы такталууда. Жалал-Абад шаары боюнча, 100 турак жай, 29 соода үйү, 3 мамлекеттик имарат иликтөөгө алынды. Ошол үйдүн ээлери жок же башка туугандарыныкында жашап жаткандыктан чыгымдарды аныктоо иштери кечеңдеп атат.

Жыйында белгилүү болгондой, Ош шаары боюнча жалпысынан өрттөлгөн жана талкаланган 506 турак жай, алтымыштан ашуун коммерциялык имараттар катталып, алардын 90 пайызы кайра курууга жараксыз деп табылган. Чыгымдарды иликтөө комиссиясы бул сандар акыркы сандар эместигин эскертүүдө.

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү максатында түзүлгөн дирекция мына ушундай талкаланган турак-жайлардын саны жана алардын чыгымы аныкталары менен толук кандуу ишке киришмекчи. Дирекция жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиевдин айтымында, ушул тапта мыкты деген архитекторлор ишке киришип, план иштелүүдө. Кандай гана чечим болбосун ал сөзсүз түрдө жергиликтуү бийлик жана коомчулук менен бирге кабыл алынат:

- Шаарды калыбына келтирүү боюнча дирекцияга бардык милдеттер жүктөлгөн. Азыр канча үй бузулганын изилдеп жатабыз. Бирок так санды бизге беребй жатат. Ар ким ар кандай сандарды айтып жатат. Ошондуктан көз карандысыз эксперттерди чакырганбыз. Эмки жумадан баштап алар өз жумуштарын баштайт. Архитекторлор да ишке киришти. Алар өздөрүнүн варианттарын сунушташат. Көп кабаттуу үйлөр сөзсүз курулат. Ал эми акча жөнүндө так маалымат жок. Буга чейин Убактылуу өкмөт жетекчисинин орун басарлары Алмазбек Атамбаев жана Темир Сариев айткан 100 млн. доллар бөлүнгөн.

Ж.Сатыбалдиев аталган эки шаарды калыбына келтирүү үчүн донор уюмдар, эл аралык каржы уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп жаткандыгын кошумчалады. Ошондой эле ал бардык тараптарды биргелешип иштешүүгө чакырды.

Убактылуу өкмөттүн социалдык тармагын жетектеген мүчөсү Элмира Ибраимова турак жайларды куруу, шаарды калыбына келтирүү боюнча ыкчам аракеттер көрүлүп жаткандыгына токтолду. Ал кышка чейин бул маселенин көбү чечилиш керек деп эсептейт:

- Биз кышка чейин абдан аз убакыт калганын жакшы түшүнүп турабыз. Ошондуктан кышка чейин турак-жайларды калыбына келтирүү иши толук бүтпөй калышы ыктымал. Анткени башкы планды иштеп чыгыш керек. Кандай түрдө ишке аша турганы жөнүндө эң мыкты идеяларды ишке ашырышыбыз шарт. Ошентсе да убактылуу болсо да кышкысын жашай турган жай түзүп берүү үчүн бардык аракеттерди көрөбүз.

Элмира Ибраимованын айтымында, Ош жана Жалал-Абад шаарындагы турак жай, имараттарды гана калыбына келтирүү менен тим болбостон жумуш орундарын түзүп, түштүк жергесиндеги экономиканы алдыга жылдырууну сунуштайт. Ал бул үчүн түштүк жергесине өндүрүш ишканаларын куруу зарыл деп эсептейт. Ал эми Ош жана Жалал-Абад шаарларын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция убактылуу Ошто мэриянын, Бишкекте Транспорт министрлигинин имаратына жайгашып, шаарды өнүктүрүү боюнча жакшы идеяларды жана сунуштарды күтөт.

XS
SM
MD
LG