Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:26

Ош: ишкерге берээр акча жок


Оштогу тополоңдо 120 чакты ишкана өрттөлүп, таланып-тонолгон.

Оштогу тополоңдо 120 чакты ишкана өрттөлүп, таланып-тонолгон.

Июндагы массалык башаламандыктан түштүк борборундагы 362 ишкана катуу жапа чекти. Мунун 120 чактысы өрттөлүп, таланып-тонолду. Жалпы чыгым азырынча 412 миллион сомго бааланууда. Бирок борбордук органдар жабыркагандардын ал-жайын али сураштыра элек. Бул туурасында экономиканы өнүктүрүү министри менен ишкерлердин Ош шаарындагы жолугушуусунда сөз болду.

Ош шаардык бийлиги маалымдашынча, июндагы массалык башаламандык мезгилинде түштүк башкалаасында 362 ишкана талкаланган. Анын ичинен 120 чактысы өрттөлүп жана таланып-тонолгон. Атайын комиссиянын эсебинде, жалпы чыгым азырынча 412 миллион сом деп айтылууда.

Аткарылбаган декрет

Убактылуу өкмөттүн эки ай мурдагы № 77-декретине ылайык чоң программа жарыяланып, анда жаңжалдан жабыркаган ишкерлерди үч жылга чейин салыктын түрлөрүнөн бошотуу жана алардын тарткан зыяндарын мамлекет казынасынан төлөө милдеттери камтылган. Бирок ушул тапшырманын эмдигиче аткарылбай жатышы экономиканы өнүктүрүү министри Эмил Үмөталиев менен Ош шаарынын вице-мэри Алымжан Байгазаковду кайым айтыштырды.

- Декретте «программага киргендер» деп жазылып калыптыр. Демек, ага кимдер киришет? Дал ушуга жооптуу биз аткарбаптырбыз. Эми мындай кылалычы. Ким тизмени түзөт, ошонун үстүндө ылдам иштейли. Антпесек, сурап атышат. Биз чындап убакыттан уттурдук. Элден дагы уялып бүттүк, - деди экономиканы өнүктүрүү министри Эмил Үмөталиев.

Жооп иретинде сүйлөгөн Ош шаарынын вице-мэри Алымжан Байгазаков буларга токтолду:

- Биз Декреттеги программаны толук аткарып, а түгүл тизмелерди ирээттеп койгонбуз. Жергиликтүү бийлик тарабынан комиссия уюшулуп, кесепеттин тоскон пайызы такташтырылган. Өкмөткө жети-сегиз жолу кат жөнөттүк. Бирине дагы жооп жок. Айла куруганда кечээ өзгөчө кырдаал министри менен байланыштым. «Силер комиссия төрагасысыңар, биз силердин тапшырмаларды бүтүрдүк. Мындан аркысын кандай кылабыз?» десем, ал «Тиякка билдирдим. Кат дагы жөнөтттүм» деди. Иш ошо бойдон токтоп турат. Бул жерде биздин күнөөбүз жок. Ош шаар жетекчилиги олтуруп алган жерибиз жок. Күнү-түнү иштеп атабыз.

Андан ары өз сөзүндө Өкмөт мүчөсү Эмил Үмөталиев № 77-декреттин аткарылбай калышына борбордук да, шаардык да бийлик бирдей айыптуу экендигин белгилеп, мындан ары бул маселенин үстүндө ийиндеше иштешүү милдети тургандыгын эскертти.

Ошту экономикалык кризис такымдап турабы?

Бул арада жабыркагандар тизмесине илинген оштук ишкерлер айтышынча, декрет күчүнө киргенине карабастан салыктын бардык түрлөрүн кадимкидей төлөттүрүп, Өкмөт алардын таламын талашпай келаткандыгы күмөндүү ойлорду жаратууда. Мисалы, Кудайберди Арипов жетектеген «АрТур» ишканасы Ош окуясында кыйыр мүнөздө зыянга учураган. Ошентсе да, бул жөнүндө сураган бийлик жок. Тескерисинче, мекемеге мурдагыдай эле план тагып, аткарууга мажбурлашууда.

- Аралаш уюмдардан мендеги экөөсү күйүп кетти. Биз аларга жабдыктарды тапшырган элек. Аларды ремонттоп туруп колубузга карматышмак. Чындыгында, өнөктөштөрүбүздүн биздин алдыбыздагы милдеттенмебизди аткара албай калдык деген шылтоосу жүйөөлүү. Ошол эле учурда биз дагы жабыркадык да. Мисалы, жанагыл жумуштарды аягына чыгаруу үчүн тигилерге ири суммадагы акчаны алдын ала төлөгөнбүз. Декретте өрттөлгөн ишкана-мекемелер жана күйгөн мүлктөр гана мамлекет тарабынан калыбына келтириле тургандыгы айтылган. Ошентип, биз азыркыга чейин абада асылып турабыз. Бул жерде, менимче, калыстык жана адилеттүүлүк болбой жатат, - деди Кудайберди Арипов.

Ош жергесиндеги жападан жалгыз арак заводу, кийинчерээк «Акказ» атыккан жоопкерчилиги чектелген коомдун күлү да жайдагы тополоң мезгилинде көккө сапырылган.

- Ушул тапта жүздөн ашуун адам жумушсуз калды. Эми заводду толук бойдон тикелөө үчүн жок дегенде бир миллион доллар керек. Кытайдан донор таптык. Алар менен тил табышып сүйлөшсөк, «Силер мамлекеттик ишкана эмес экенсиңер. Ошондуктан, ишенчилик жок. Андыктан, Өкмөтүңөр кепилдик беришсин, ошондо гана каалаган суммаңарды аласыңар!» деп шарт коюп жатышат, - деди «Акказ» арак заводунун башчысы Урматбек Эргешов. Анын ырасташынча, ишкана жыл сайын мамлекет казынасына 35-40 миллион сом салык төгүп турчу экен.

Анткени менен бизнес чөйрөсүнүн айрым өкүлдөрү алардын кыйраган ишкана-мекемелери мэриянын атайын комиссиясынын көңүл сыртында калгандыгын, аларды кошкондо чыгымдардын көлөмү дагы өсөөрүн ачыкташты.

- Мага таандык лагманкана жана «Надырбек» кафеси экөө тең талкаланды. Ичинде эч нерсеси калбаптыр. Жадагалса, кашык-табагына чейин талап кетишкен. Каржы полициясы текшерди. Ал эми талап-тооноочулукту милиция карайт экен, аларга даттансам, унчукпай кутулушту. Мэрия комиссия түзүптүр, меникине алар азыркыга дейре басып барышпады, - деди жеке ишкер Ибрагим Хайтиев.

Өз кезегинде экономиканы өнүктүрүү министри Эмил Үмөталиев жергиликтүү бизнесмендерди колдоого мамлекеттин чама-чаркы жоктугун, ал эми кредит маселесин мындан ары жаңыдан уюшулган Өнүктүрүү банкы чечээрин, ал дагы күздөгү парламенттик шайлоодон кийин ишке киришээрин билдирди:

- Бюджетте акча жок. Андыктан биз эч нерсе убада кылбайбыз. Тигил Бишкек деле ушундай ойдо турат. Кантсе да, ишти кыла береликчи, калганы бирдеме болоор.

Ошол эле учурда жергиликтүү талдоочулар инвесторлордун чөнтөгүнөн эмес, ички мүмкүнчүлүктөрдүн эсебинен бүлүнгөндү толуктап, кыйраганды тикелөөгө болоорун айтышууда. Ошого улай борбордук бийлик бул өңүттө чукул чараларды көрбөсө, Ош шаары жакын арада экономикалык кризиске кабылаарын да эскертишүүдө.
XS
SM
MD
LG