Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:12

Азык-түлүк коопсуздугу жана айыл чарбасындагы негизги көйгөйлөр “Азаттыктын” суроолоруна айыл чарба техникалары менен камсыздоочу «Фармани» компаниясынын башкы директору, техникалык илимдердин кандидаты Манас Саматов жооп берди.

- Ушул тапта өкмөттө азык-түлүк каатчылыгын алдын алуу, азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө тууралуу сөздөр болуп атат. Орусияда миңдеген гектар буудай аянттары өрттөлүп кетип, буудай экспортоону алар чектеп койду. Кандай ойлойсуз, Кыргызстан азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө үчүн кандай чараларды көрүш керек?

Манас Саматов: Сөздүн башында бир нерсени айткым келет, азык-түлүк коопсуздугу деген сөздү ар бир бурчта ким болсо ооздонуп, бирок анын түпкүрү, тамыры кайда, эмне дегендикке жатат, жалпак тил менен сүйлөбөй өзүнчө эле түшүнүксүз жагдай болуп калды деп ойлойм.

Азык-түлүк жөнүндө сөз кылганда биз биринчи иретте айыл чарба өндүрүшү кандай абалда, бүгүнкү дыйкандын орду, абалы, өндүрүшү кандай, эгер биз өзүбүз өндүрө билбесек, ошол эле буудай болсун, капуста болсун, башка болсун, анда азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө кандай сөз болушу мүмкүн? Бизде азыр айыл чарбасын тейлейм деген ишканалардын, башкаруучулардын саны көбөйүп кетти.

Менин оюмча, ушул күндө биз айыл чарба тармагында толук чечкиндүү реформаларды жасай турган мезгил келип жетти. Себеби айыл чарба министринен баштап, дыйкандарды тейлейм деген «Агропродкорпорация», «Кыргыз ресурс», «Кыргыз айылтехсервис», Каржы министрлигинин астындагы фонд сыяктуулар жалаң эле бөлүштүрөм дегендей аңдып отурат. Ал эми дыйкандын мамлекеттик саясатта таптакыр орду жок болуп атат.

- Сиз кандай реформалар тууралуу айтып атасыз?

Манас Саматов: Башкаруу тармактары ушунчалык даражага келип жетти, мисалы Айыл чарба министрлигин жоюп койсо эч кимге эч кандай зыян болбойт. Себеби бүгүнкү күндө Айыл чарба министрлиги дыйкандардан таптакыр ажырап калды. Маселенин башында дыйкан туруш керек, мамлекет тарабынан бериле турган жардамдар дыйканга жалаң эле акчалай түрүндө берилиш керек, дыйкандын тандоо укугу болуш керек. Ошол эле үрөндөн баштап, күйүүчү май, айыл чарба техникаларын өзүнүн акылы боюнча, каалоосу боюнча тандап алыш керек. Бизде азыр бүт тескерисинче болуп атат. Ким болсо дыйканга акыл үйрөтүп атат. Мисалы, Кытайдан трактор алып келип, башка жактан айыл-чарба шаймандарын, үрөндү алып келип туруп дыйкандарга таңуулап атат деген сөз. Көбүнесе бул дыйкандардын кызыкчылыгына төп келбей жатат.

- Мыйзамдык жактан болобу айыл чарба тармагында иштегендерге, ошол эле дыйкандарга кандай шарттар түзүлгөн? Бизде айыл чарба товарларын өндүргөнгө толук шарттар барбы?

Манас Саматов: Биздин мыйзамдарыбыз өтө жакшы. Мыйзамдын бул иштерге эч кандай тиешеси жок. Айыл чарба тармагын башкаруу системасын өзгөртүш керек. Бүгүнкү күндө Айыл чарба министрлиги өзү менен өзү убара, өзүн-өзү тейлөө менен убара. Бир да дыйкан келип жумушун бүтүрүп кете албайт бул жерде.

- Балким министрлик болобу, башка органдар болобу дыйкандарга шарттарды түзүп берүү менен гана алектенип, инвестицияларды тартууда жардам берип, маселен кайра иштетүүчү ири заводдорду, же чакан ишканаларды куруп берүү боюнча көмөктөрдү көрсөтсө оңурак болор?

Манас Саматов: Инвестор деген сөздүн өзү эл үчүн кандайдыр бир сөгүнүүнүн бир түрү болуп калды окшойт. Инвестор кимге, кайсы жерге, качан келет? Эгерде мамлекет ошол сарамжалдуу инвестордун акчасын сактап, элге пайда келтире турган, киреше алып келе турган мекемени түзүп туруп, анан “айланайын инвестор кел, бул ишкананын акыркы үч жылдык тарыхын, финансалык жолун изилдеп көр” десе, ошону карап туруп келиши мүмкүн. Анан бүгүнкү иштеп аткан министрликтин ишин көрүп, ошол эле «Кыргыз ресурсу», же «Агропродкорпорация», же Каржы министрлигиндеги фондду көрүп туруп алыс качат да инвестор, андайга келбейт.

- Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG