Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:52

А.Сарыбаев: Кыргызстан 15-20 миллион кишини багалат


Кыргызстандын экономикасынын келечегине байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев жооп берди.

- Мына бүгүн убактылуу өкмөт башчысынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев Түркиянын тышкы иштер министри менен 11 миллион доллар өлчөмүндөгү грантка кол койгону жатат. Жаңы Конституция кабыл алынып, Кыргызстан мыйзамдуу жолго түшкөндөн кийин айрым чет мамлекеттер убада кылган акчалай жардамдар эми келе баштайбы?

Айылчы Сарыбаев: Албетте бүгүнкү инаугурация Кыргызстандагы мыйзамдуулукту, тартипти сактоонун эң биринчи кадамы. Мындан ары жаңы президентибиз мурдагы президенттерге окшоп эки күндөн кийин калп айта баштабай улантса анда бизге сөзсүз түрдө чет өлкөлөрдөн жардам келери бышык. Себеби Кыргызстанга оң көз менен караган, боор тарткан, Кыргызстан менен иштешсем деген мамлекеттер тегерегибизде толтура. Ошолордун бардыгы сөзсүз жардам берерине мен ишенем.

- Айрым чет элдик саясатчылар Кыргызстанды экономикалык кыйроо алдында деп чыгышты. Алардын болжолдору канчалык жүйөлүү?

Айылчы Сарыбаев: Экономикалык кризисти Акаев менен Бакиев алып келген. Кыйроо алдында деген эмес, бизде кыйраган экономика бар. Ал эми Ош, Жалал-Абаддагы жаңжал биздеги болгон кыйынчылыктарды бир топ көбөйтүп койду. Эгерде өлкөдө мындан ары тартип орноп, жаңы өкмөт курамына жакшы адистер келсе жаңы президент айткан ой-тилегине жараша бизде экономикалык бир калыптуулук, андан ары өнүгүү баштала бериши толук мүмкүн.

- Кыргызстандын экономикасы кандай болот? Ушунун айланасында ой жүгүртүп көрсөңүз?

Айылчы Сарыбаев: Бүгүнкү күнгө чейин жыйырма жыл ичинде эки президенттин тең биринде да экономиканы башкарайын, өнүктүрөйүн деген ойлору болбогону белгилүү. Анын негизинде 7-апрель чатагы чыкты. Андыктан эмки өкмөт экономикалык программаны иштеп чыгыш керек. Иштеп чыккандан кийин жөн эле кагаз жүзүндө “биз ушуну кылабыз” деп мурдагыдай декорация кылып айтпастан, ошону ишке ашыруу механизмдеринин бардыгын тактап, иштеп чыгып, ошол механизмдердин талуу жерлерин ишке ашыра ала турган күчтүү адистерди алып келиш керек.

Талапты катуу мыйзам алдына коюп иштетиш керек. Мына ошонун негизинде биз кадимкидей эле эки-үч жылдын ичинде бутубузга туруп кетебиз жана андан ары бизде өнүгүү темпи тездеп кетет. Бизде экономикалык потенциал абдан чоң. Биздин элибиз 5 эле миллион. Кыргызстан 15-20 миллионго чейин кишини багууга мүмкүнчүлүгү бар. Биз жөн эле жатып, же талап-тоноп эле оокат кылып атабыз. Эгерде биз өнүгүү жолуна түшсөк бизде өнүгүү сөзсүз болот.

XS
SM
MD
LG