Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:47

Салык кодексин салыкчылар өздөрүнө тууралап алышканбы?


Жаңы Салык Кодексине нааразы болгон ишкерлер көчө акцияларына чыгууда.
Жаңы Салык Кодексине нааразы болгон ишкерлер көчө акцияларына чыгууда.

13-февралда биринчи вице-премьер-министр өлкөдөгү ишкерлер бирикмелеринин өкүлдөрү менен жолугушту. Анда жаңы салык кодекси, патент төлөмдөрүнө байланыштуу маселелер талкууланды.

Ушул жылдын башынан бери ишке кирген Салык кодекси ишкерлер тарабынан кескин сындалып келет. Андыктан ортодо пайда болгон талаш тартыш суроолорду чечүү үчүн биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов баш болуп өкмөт мүчөлөрүнөн түзүлгөн атайы комиссиясы өкмөт үйүндө ишкерлер менен жолугушуу өткөрдү.

Аталган жыйында ар түрдүү бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү дүйнөлүк каржы кризиси орун алган чакта, жаңы салык кодексинин ишкерлерге тийгизе турган таасирине баа беришти. Жана ишкерлердин көпчүлүгү жаңы Салык кодексиндеги көп түшүнүктөр чечмеленбей калганын белгилешип, аларды бирден-экиден оңдобой, жалпы кодексти оңдоп чыгуу зарылдыгын белгилешти. Ал эми мунай ташуучулар ассоциациясынын президенти Базарбай Мамбетов өз сөзүндө Салык кодексин салыкчылар өздөрүнө тууралап алышкан деп билдирди.

-Цивилизациялуу өлкөлөрдө жаңы Салык кодексин иштеп чыгуу Экономика министрлиги менен ишкерлер ассоциациясына ыйгарылган, Кыргызстанда болсо бул иш салыкчыларга жүктөлүп калгандыктан алар кодексти өздөрүнө тууралап алышкан. Ал эми мен буга чейин жаңы Салык кодексти талкуулоо иш-чараларына бир нече ирээт катышкан болчумун, бирок бир да сунушум өткөн жок, дегеле бардык ишкерлер бирикмелеринин сунуштарынын токсондой пайызы кодекске кирбей калыптыр.

Деген менен Салык жана жыйымдар боюнча комитеттин жетекчиси Акматбек Келдибековдун пикиринде нааразы болгондор Салык кодексине тиешеси жок ар түрдүү палата, ассоциациялар болуп жатат. Анын айтымында талаш-тартыштарды козутуу менен алар пайда табышат. Ал эми жаңы кодексинин артыкчылыгы тууралуу Келдибеков буларга токтолду:

-Мамлекет бутуна турсун десек, салык ар бир атуулдун парзы болуш керек, ар бир жаран салык төлөө менен мамлекетке колдоо көрсөтүп жатам деп билиш керек. Себеби салыктын эсебинен мамлекет чыңалат. Ал эми жаңы Салык кодексинин урунттуу жагдайлары бул кодексте буга чейинки баардык нормативдик документтердин топтолушу, андагы карама-каршылыктардын жоюлушу болду.

Ишкерлердин пикирлерин уккан өкмөт мүчөлөрү деле жаңы Салык кодексинде бир топ кемчиликтер бардыгын ырастап, аны оңдоого чогуу чаран аракеттер көрүлүшү керектигин айтышты. Жыйынтыктоочу сөзүндө биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов бул кодекс кылдат окуп чыгууну талап кылаарын белгилеп жана аны жакшыртуу үчүн чаралар көрүлүп жаткандыгын белгиледи.

-Патент менен ишкерлик кылуу жана патенттин акысын азайтуу боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлүп, Жогорку Кеңешке долбоор жөнөтүлдү . Ага ылайык, дагы 27 патенттин түрү киргизилмекчи. Экономикалык каатчылыкка байланыштуу тигүүчүлөрдүн патент акысы кайрадан каралат. Кыргыз өкмөтү парламент менен биргеликте ишкерлердин өтүнүчү менен ишкерликтин айрым түрлөрүнүн салыктарын азайтты. Бүгүн айтылган сын-пикирлерде да негиз бар. Андыктан ишкерлер биримдиктерин дагы бир ирээт сунунштарыңарды бергиле деп өтүнөм.

Ишкерлерди угуу үчүн жыйынга келген өкмөт мүчөлөрү бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн улам узаткан суроолоруна жооп кайтарууга үлгүрбөй жатышты. Андыктан бардык кызыктырган суроолорду жазма түрүндө жиберүү сунушталып, атайы түзүлгөн комиссия бардык талаш-тартыш маселелерди тегерек стол үстүндө талкуулаганга даяр экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG