Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

Ю. Тойчубеков: Каржы полициясы өзүнчө болгону дурус


Кыргызстандын экономикалык абалы, өлкөнүн бюджети тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна коомдук ишмер Юруслан Тойчубеков жооп берди.

- Жакында ички иштер министри Кубатбек Байболов Каржы полициясын кайрадан Ички иштер министрлигине өткөрүү боюнча айткан. Ага каршы пикирлер айтылууда. Каржы полициясын Ички иштер министрлигине өткөрүлгөнүнө кандай карайсыз?

Юруслан Тойчубеков: Биринчиден, бүгүнкү күндө ал бизге кандай пайда алып келгенин карап көрүшүбүз керек. Ошого карата бул шашылыш иш болуп атат деген ой бар. Себеби Каржы полциясы банк системасы жана башка кылмыштар менен да иштейт.

Ички иштер министрлигинин бүгүнкү күнү жалпы тартипке күчү жетпей жаткандан кийин, анын үстүнө биз каржы жагын да кошуп койсок бир аз шашылыш болот го деген ойдомун. Себеби Ички иштер министрлиги өзүнүн милдетин жакшынакай аткарып берсе жакшы болот эле. Каржы полициясында болгон артыкчылыгы – биринчиден, ага жакшы адистер барат. Экинчиден, ал эл аралык уюмдар жана башка мамлекеттеги өзүнө караштуу структуралар менен көп келишим түзгөн.

Кыргызстанда өзгөчөлүк бар: дайыма бир нерсени түзүп, ал жерде жакшынакай структура болуп адистерди чогултса, аны же кошуп, же ажыратып, же алмаштыра берет. Ошон үчүн азырынча буга эрте. Себеби парламенттик шайлоо болгондо жаңы келген премьер-министр өзүнүн программасын айтканда, ошонун ичинде жаңы структураны түзөт. Мына ошондо дагы бир жолу талкуулап көрүш керек го. Бирок мен өзүм финанасы системада иштегендиктен Каржы полициясы өзүнчө болгону дурус деп ойлойм.

- Эми республиканын бюджетине да пикириңизди билдире кетсеңиз. Бюджеттик тартыштык бар экендиги айтылып атат. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын экономикасынын абалы боюнча маалыматыңыз барбы?

Юруслан Тойчубеков: Биринчиден, бюджетте жетишпеген каражаттын саны 25 миллиардга чейин чыгып кетет деп айтып атышпайбы. Төрт айдан бери ишканалар жакшы иштебей жатып ошого карата киреше болбой жатат.

Экинчиден, биз жалаң бир багыттуу иштеп атабыз. Бизнесте жүргөн ишкерлер өздөрү аракет кылып, бир нерсени жасаш керек. Мамлекет эч качан жардам берген эмес буга чейин, Убактылуу өкмөт да бүгүнкү күнү жардам бералбай жатат. Ошого карата бюджеттин дефицити абдан эле өсүп кетти. Бул боло турган иш эле, ошондуктан ушундай болуп калды.

Менимче мындан коркпош керек, жаңы көп ыкмалар бар. Баалуу кагаздардын санын мамлекет көбөйтүш керек. Бизде бир маалымат боюнча 1 триллионго жакын, экинчи маалыматтар боюнча 900 миллиардга жакын тоо кендеги болгон байлыгыбыз бар деп айтып атпайбы. Ошого да байланыштырып баалуу кагазадарды чыгарып, чет мамлекеттерге алып барып, карыз алып келип, биздин ишкерлерге көбүрөк акча бериш керек. Бул абалдан чыгуу үчүн коркпой, экинчиден, жакшы планды түзүп чыкканга аракет кылыш керек. Буга ар бир багыт боюнча кесипти билген адистерди ишке биз тартышыбыз керек.

- План демекчи, үч айга түзүлгөн техникалык өкмөттүн экономикалык программасы жок экендиги айтылып атат.

Юруслан Тойчубеков: Булар “биздин экономика мындан ары жаман болуп кетпесе эле, биздин планыбыз ошол” деп айтты. Үч айга план эч качан түзүлбөйт. Ошого карата бул өкмөт шайлоону өткөрүп, туруктуу өкмөт түзгөнгө жардам берсе, экинчи жагынан жакшынакай иштеп кете турган парламентти түзсө, ошол эң жакшы план болот го деген менде чоң ишеним бар. Экономикалык өнүгүү планды кеминде 5 жыл, мындай айтканда 10 жылга түзүш керек. Мына ошондо гана бир жыйынтык болот.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG