Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:53

Быйыл жайкы Ысык-Көл жана эл аралык туризмдин жыйынтыгы жыл башында болжолдогон эсептен алда канча артта калды. Алдын ала эсептөөлөргө караганда күтүлүп жаткан туристтердин быйыл 20 пайызы гана келген.

Анткен менен быйыл Ысык-Көлгө кыргызстандыктар жылдагыдан көп барды. Кыргызстанда жайкы туристтик сезон кандай болду? Апрель жана июнь окуялары туризм тармагына кандай таасирин тийгизиди?

Күттүргөн туристтер...

2010-жылдын апрель жана июнь айларында болгон кандуу окуялар Кыргызстандын туризм тармагына бир топ терс таасирин тийгизип, мамлекет жыл башында болжолдоп жаткан кирешесин ала албай калды. Адистер быйыл жайкы сезондо Ысык-Көлдө пансионаттардын 30-50 пайыз гана толгондугун айтышууда. Ал эми жеке туристтик фирмалар менен ишканалар бир топ чыгашага дуушар болгону белгиленип жатат. Айрым серепчилер жеке фирмалар ар жыл сайын эле чет элдик эс алуучулар жана чөнтөгү калыңдар үчүн катуу аракет кылышаарын, карапайым калктын көбү барбай кала турганын белгилеп келишкен.

Быйыл Ысык-Көлдө пансионаттар жана жеке үйлөрдүн баасынын жылдагыдан арзанырак болгону кыргызстандыктардын эс алуусуна мүмкүнчүлүк түзгөндөй болду. Быйыл жеке үйлөрдүн баасы бир суткасына киши башына 150 сомдон жогору бааланды. Бул былтыркыдан 100 сомго арзан. Ал эми пансионаттардын баасы орто эсеп менен миң сомго чейин түшкөндүгү айтылган. Анткен менен жайкы сезонго кызмат көрсөтүү жагынан, же дагы башка өзгөчөлүктөрдүн киргизилгени көп деле байкалган жок. Жолдор да толугу менен бүтпөй калган.

Экономиканы тескөө министри Эмил Үмөталиев быйыл Кыргызстанда эл аралык жана жайкы туризм жокко эсе болду деп эсептейт. Ал муну апрель жана июнь айындагы окуяларга байланыштырды.

- Кыргызстандагы жазгы кырдаал учурунда жайкы Ысык-Көлдөгү туризм баштала элек болчу. Ал эми эл аралык туризм андан бир аз сестенип калып, апрель-май айларында кичине токтотолуп калган. Бирок июлда жаңыра турган мүмкүнчүлүктөр түштүктөгү кануду окуялардан кийин көбүрөөк токтоп калды. Ошондуктан биз жайкы жана эл аралык туризмди башка айларда бир топ эле жоготуп алдык.

Эмил Үмөталиевдин айтымында, жайкы көлдүн сезонун өтө деле начар болду деп айтууга болбойт. Ар бир пансионат жана тейлөөчү мекемелер өз дараметине, аракетине жараша кардарларды тартты. Министр мырзанын айтымында, жалпысынан быйыл пансионаттар 50 пайыздан 80 пайызга чейин толду. Айрым экономикалык серепчилер эркин соода базарына шылтап мамлекет туризмге жакшы көңүл бурбай жатканын сынга алып келишет.

Ал эми Ысык-Көлдөгү аскер санаториясынын бөлүм башчысы Чалканбек Эшимбековдун белгилешинче, быйыл пансионаттардын көбү кыргызстаныдктарга жолдомону 50 пайыз арзандатуулар менен сатты.

- Туристтик сезон быйыл Көлдө болгон жок десек болот. Башка өлкөлөрдөн, Казакстан, Орусиядан келчү эл быйыл келген жок. Аяк жагында гана Казакстандан бир партиясы гана келип кетти. Жакшы эле күтүп жатканбыз, бирок былтыркыга салыштырмалуу эс алуучулардын 20 пайызы гана келди.

Туристтерди тартуу аркети

Адистер сырттан эс алуучулардын аз келишин өлкөнүн ичиндеги саясий стабилдүүлүктүн жоктугу менен байланыштырууда. Ушул максатта жайкысын “Кадыр түн” фестивалы Ысык-Көлдө уюштурулуп, ага Казакстандан да коноктор чакырылган болчу. Бирок бул деле көп натыйжа бербеди көрүнөт. Тескерисинче, Эмил Үмөталиевдин белгилешинче быйыл бала-чакасын, үй-бүлөсүн чет өлкөлөргө эс алууга жөнөткөндөр арбын байкалды. Жергиликтүү маалымат каражаттары Экономиканы тескөө министрлигинин маалыматына таянып, быйылкы туристтик сезондун ойдогудай болбой калышы өлкө казынасын болжолдонгон 120 млн. доллардан куру жалак калтырганын жазышууда.

Ал эми “Шоро” компаниясынын ээси, белгилүү ишкер Табылды Эгембердиев Кыргызстанга келген туристтердин саны апрелден кийин эле токтогонун, бул көрүнүш өлкөнүн экономикасын бир топ аксатканын белгиледи:

- Мага 6-апрелге чейин жалаң эле туристтер келчү. Келгендердин 80 пайызы туристтер, чет элдик кишилер болчу. Андан кийин тып эле токтоду. Азыр 5 пайызга жетпейт. Стабилдүүлүк болсо эле келе берет. Эми коркуп жатышпайбы, башканы айтпайлы кошуна казактар коркуп быйыл келген жок. 10-октябрда шайлоодон кийин дагы бир чатак чыгып кетсе, дегеле эч ким келбей калат. Бул далайга чейин созулат. Мамлекет аракет кылып, өлкөнүн тынч экенин айтып жарыялап, аракет кылыш керек. Таң калып атам, азырга чейин эч ким жок. Кыргыз экономикасы чоң жоготууга учурады. Былтыркы деңгээлге жетиш үчүн 4-5 жыл керек го деп ойлоп атам.

Анктен менен бийлик учурда Кыргызстандагы абал, коопсуздук маселелери туурасында так маалыматтарды жайылтуу аракетин көрүүдө. Алдыда кышкы туристтик сезон турат. Адистердин баамында, туризмдин бул түрү Кыргызстанда өтө өнүкпөсө да сырттан тоо туризмине, альпинизмге кызыккандар арбын. Ошондуктан мамлекет бул багытта да бир топ аракеттерди көрүүсү зарыл. Министр Эмил Үмөталиевдин айтымында, чет өлкөлүк эл алуучулардын келиши жеке туристтик фирмаларга жана алардын байланышына да жараша болот.

Кыргызстанды туризм өлкөсүнө айлантуу мүмкүнбү?

Жергиликтүү да, эл аралык да айрым эксперттер Кыргызстанды толугу менен кышы-жайын туризм өлкөсүнө айлантууга шарттар бар экенин белгилеп келишет. Деги эле Кыргызстанда туризмдин кайсы түрлөрүн өнүктүрүп, кандай киреше алса болот?

Нургазы Кадыров: - Бизде туризмдин эч кандай түрү өнүккөн эмес. Кыргызстанга келген туристтер кийинки жылы, бир-эки айдан кийин бул жакта бизнес кылып жүргөн болот. Бизге чыныгы туристтер келиш керек. Ал үчүн экономикалык жактан өнүгүш керек. Азыр мамлекет алсыз болуп атат.

Марс: - Кыргызстанад туризмдин 20 пайызы гана өнүксө керек. Жакшы эмес. Мисалы Ысык-Көлдүн деңгээлин дагы көтөрүш керек. Көп туристтерди чакырып, инвесторлорду тартыш керек. Жолдорду оңдоп, пансионаттар өзүнүн стандартына жооп бериш керек. Ысык-Көлдө кызмат көрсөтүү абдан начар. Тоо-таш, жайлоолорду көтөрүп, тарыхый жактан гана чет өлкөлүктөрдү тарта алабыз го дейм.

Бактыгүл: - Быйыл жакшы болгон жок, туристтер, эс алуучулар да аз. Бул өткөндөгү окуяларга байланыштуу болсо керек. Бирок Орусиядан келбейт го деп ойлогом, келишиптир. Мен өзүм Оштон болом. Биз жакта Апшир деген жер бар, шаркыратма абдан сонун жер. Ошондой жерлерге да шарт түзсө жакшы болмок.

Айбек: - Кыргызстанда туризм жакшы өнүгө элек. Бизде тоолор көп, жайлоо. Мен өзүм Европада жүрүп келгем. Ал жакта өмүрүндө тоону көрө электер бар. Алар үчүн тоону көрүш чоң керемет. Египет же Түркияга баргандан көрө тоодо бир жума эс алуудан абдан чоң ырахат алышат. Мен өзүм болсо быйыл эс алууга колум тийген жок. Негизи эс алгым келсе жайлоого чыгам, кымыз, саамал ичем.

Алмаз: - Мен өзүм Орусиянын тургунумун, бул жакка ата-энемдерге келгем. Ал жакта жашагандар да “силерде Ысык-Көл деген жериңер болчу эле, азыр жок болуп кетсе керек” деп айтышат. Эс алуучулар көп дегенге көп ишенбегендей мамиле кылышат. Буга мамлекет көңүл бурушу керек. Экинчиден, бизде эс алчу жерлер, ресурстар абдан көп. Болгону шарт жок. Кыргыздар бир гана туризм менен эле жашаса боло тургандай түрү бар. Ал тургай кээ бирөөлөр Ысык-Көлгө баргандан көрө Түркияга барып эс алып келген арзанырак деп айтып калышат. Балким ошонун чындыгы бардыр.

Кудайбергенов: - Кыргызстанда туризм мамлекетке пайда алып келе турган деңгээлде өнүгө элек. Жаратылыш жакшы мумкүнчүлүктү берген, бирок бул багытта бир канча адистерди даярдаш керек. Туризмдин быйыл начар болгону соңку окуяларга да байланыштуу болушу мүмкүн, бирок бул негизги себеп эмес.

Сезон алдындагы күтүүлөр орундалдыбы?

Жай айларынын алдында айрым серепчилер быйыл Кыргызстанда эл аралык туризм жокко эсе болот деген жоромолдорун айтышкан. Бирок ага карабастан өлкө бийлиги туристтердин коопсуздугун камсыз кылууга күчүбүз жетет деп ишендирип, бир катар чараларды көрүп жатышкан маалымдашкан эле. Эми болсо жайкы эс алуу бүткөн чакта туризм жаатындагы алгачкы жыйынтыктар кандай болду, сезон алдындагы күтүүлөр орундалдыбы деген суроолорго экономиканы тескөө министри Эмил Үмөталиев жооп берди.

Эмил Үмөталиев: - Ысык-Көлдөгү биздин туризм быйыл бир топ өзгөрүлдү. Жылдагыдай Казакстандан келчү эс алуучулар болгон жок. Мурда алардын саны 80 пайызга чейин жетсе, быйыл 10 пайызга да жеткен жок болуш керек. Бирок анын ордуна Бишкектен эс алуучулар абдан көбөйдү. Пансионаттар, мейманканалар толук бойдон иштей алган жок болуш керек, бирок такыр эле иштебей калды деп айта албайбыз. Акыркы айларда жакшы эле иштери жүрүп жатты. Чет өлкөдөн келген эс алуучулардын саны июнь айынан кийин бир топ ылдыйлаган, азыр кайрадан жанып келе жатат. Азыр былтыркыдан ылдыйыраак, пландалган толук бойдон келе элек. Бирок калыбына келиши ыктымал.
Эмил Үмөталиев

“Азаттык”: - Айрым маалыматтарга караганда, быйыл мейманканалардын 20-30 пайызы гана толгондугу айтылып жатат. Ушундай болдубу?

Эмил Үмөталиев: - Ар кандай болду болуш керек. Бул ар бир мейманканыны өзүнүн ишкерлигине жана аракетине жараша да болду окшойт. Чындыгында эле сезондун башында 30-40 пайыз гана толуп турду. Бирок июль жана август айларында көпчүлүгү 50-80 пайызга чейин толтуруп жатышты.

“Азаттык”: - Кыргызстандагы апрель жана июнь айындагы окуяларга байланыштуу баалар арзандап, туристтер азайыптыр. Анын айынан өлкө казынасына киреше да азайды да?

Эмил Үмөталиев: - Кирешени азайтты. Азайтпай койбойт. Бул өлкөгө туристтердин ишеничин төмөндөтүп, Кыргызстанга келгендердин саны азайганда киреше сөзсүз азаят.

“Азаттык”: - Канча пайызга азайышы мүмкүн?

Эмил Үмөталиев: - Мен азыр пайызды айтпай турайын. Биз статистикалык маалыматты толуктай элекпиз. Ушул күндөрү жаңы маалымат алабыз.

“Азаттык”: - Жайкы сезондо Кыргызстан канча туристти кабыл алганы тууралуу маалымат барбы?

Эмил Үмөталиев: - Азыр толук маалымат жок.

“Азаттык”:
- Мурда өзүңүз да Кыргызстан кызмат көрсөтүү жагынан да артта калганын белгилечү элеңиз. Ушул багытта кандай аракеттер көрүлүп жатат?

Эмил Үмөталиев: - Адистердин, меймандардын, серепчилердин жана өзүмүн да байкоом боюнча бир топ өзгөрүүлөр бар. Азыркы күндө бул тармактагы ишкерлердин көбүрөөк тажрыйбага ээ болгондугуна байланыштуу тейлөө кызматтардын сапаты көтөрүлүп келе жатат. Көбүрөөк ишкерлер эл аралык тейлөө окууларды бүтүп келип жаңы кызматтарды киргизип жатат. Пляждын үстүндө дагы барлардын саны көбөйүп, кызыктыруу, убакытты өткөрүүгө жардам берчү тейлөө кызматтары көбөйүүдө. Көп жаш адистер Түркиядан тажрыйба алып келип жатат.

“Азаттык”: - Сиз министр боло электе туризмди өнүктүрүүгө толук шарттар бар экенин айттыңыз эле. Эми сиз ушул тармакты көтөрүү багытында кандай шарттарды көрүп жатасыз?

Эмил Үмөталиев: - Эң биринчиден, биз жок дегенде быйыл тоскоолдукту түзгөн жокпуз. Мурдагыдай туроператорлорго тынчын алып, аларга жаңы тоскоолдук түзгөн жокпуз. Мурдагыдай жаңы коррупциялык текшерүүчү, уруксат берүүчү жаңы мыйзамдарды жандырган жокпуз. Экинчиден, биздин көрсөтө турган көмөктөрдү, ишканалардын пикирлерин сөзсүз эксе алып, чаралардын бардыгын алар менен акылдашып жасаганга аракет кылып жаттык.

“Азаттык”: - Сыртка эс алып кеткендер көп болдубу?

Эмил Үмөталиев: - Сыртка эс алып кеткендер болду го. Анткени ички шарттар ыңгайсыз болгон учурда биздин адамдар ар кандай шылтоо, ар кандай иштер жана себептер менен сыртта болгонго аракет кылышты. Айрыкча бала-чакасын, үй-бүлөсүн алысыраак жөнөткөндөрү байкалды.

“Азаттык”: - Кыргызстанда туризм дегенде эле Ысык-Көлдү айтышат. Алдыда кышкы туризм турат. Ушул жаатта аракеттер көрүлүп жатабы?

Эмил Үмөталиев: - Менин да оюм ошондой эле. Мурдатан көп адис, мамлекеттик кызматкерлер менен талашып жүрдүм эле. Биз баардыгын жыйыштырып бир гана Ысык-Көлгө чогулуп, бир гана тарапты карабастан жылдын башка мезгилдеринде туризмдин түрлөрүн өнүктүрүүгө аракет кылышыбыз керек деп айтчумун. Биз ошол аракеттерибизден баш тартпашыбыз керек. Биринчи кезекте өнүккөн өлкөлөрдун туристтерине ыза чектөөсүн алып салууга чечкиндүүлүк кылышыбыз керек эле. Бирок азырынча бул чечим кабыл алына элек.

P.S: Өткөн жылдын биринчи жарымында Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнөн 977 миңден ашуун туристти кабыл алып, 214 миллион АКШ долларына барабар киреше тапкан. Айрым маалыматтарга караганда, быйыл туристтердин саны мунун жарымын да түзгөн жок. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн өткөн жылы 41 миң турист келген. Адистер туризмдин өнүгүшүнө бир гана өлкөдөгү стабилдүүлүк жана коопсуз жагдайдын түзүлүүсү зарылдыгын белгилешүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG