Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:13

Ош коогалаңы студенттерди түйшөлттү


Жалал-Абаддагы "Эл достугу" университети тополоңдон кийин, 16-июнь.

Жалал-Абаддагы "Эл достугу" университети тополоңдон кийин, 16-июнь.

Кыргызстандын түштүгүндө болуп өткөн окуялардан кийин аймактагы университеттерге абитуриенттерди кабыл алуу солгундап кетти. Окуу жылын аяктай албай айылдарына кетүүгө аргасыз болгон студенттердин саны аз эмес. Башка окуу жайларга которулууну каалаган студенттер да көп.

Луиза Сейдакмат кызы жакында эле Кара-Суу районундагы мектептердин бирин аяктады. Эми анын алдыдагы максаты жогорку окуу жайга тапшырып билим алуу. Ал үчүн Луиза Ош шаарына барып университетке тапшырышы зарыл.

-Менин окууга өтсөм деген тилегим бар. Журналист болууну, тилди окууну, компьютерде иштегенди үйрөнгүм келет. Бирок жакында болгон жаман окуялардан улам бизде кооптонуу пайда болду. Окууга өтүү үчүн Ошко барууга туура келет. Чочуп турабыз. Окуя болгондон кийин көчөдө беймарал басуудан чочуйсуң.

Кыргызстанда жалпысынын 51 жогорку окуу жай жыл сайын студенттерди кабыл алып, ар кыл адистиктерге окутуп келишет. Бул окуу жайдардын бир катары Ош, Жалал-Абад шаарларында жайгашкан. Түштүктө болуп өткөн окуялардан кийин ал жерде билим алган студенттер башка шаарлардагы университеттерге которлууну көздөшүүдө.

Кыргыз билим берүү академиясынын уюштуруу, илимий методикалык жана басма бөлүмүнүн жетекчиси Сейитбек Жаанбаев Ош, Жалал-Абаддагы окуялардын билим системасына тийгзиген таасирине токтолду:

- Бул окуялар биздин билим берүү тармагына абдан таасирин тийгизди. Өлкөдөгү билим берүү системасынын айрыкча мектепте билим берүү, тарбиялоо маселеси төмөндөп кеткенин ачык көрсөтүп койду. Бүгүн министр баштаган бир топ адамдар түштүккө учуп кетишти. Жайкы окууга кабыл алуу, кадр даярдоо маселелерин жаңы көз караш менен иштеп чыкпасак болбойт. Себеби, бул окуялардан улам билим берүүнүн багытын өзгөртүү талабы келип чыгууда.

- Ош, Жалал-Абадда орун алган окуу жайларда абитуренттерди кабыл алуу белгиленген чекке жетпей калышы мүмкүн деген пикирлер бар?

- Ооба, андай болушу толук мүмкүн. Себеби биз бүгүн жалпы тестирлөөдө биринчи турга тапшырылган талондорду алдык. Кыргыз-орус Славян университети эки экзамендин жыйынтыгын карашты. Юридикалык факультетке 300 бала тапшырыптыр. Салыштырып караганда, түштүктөгү балдардын көпчүлүгү бул жака келе берген. Алар Ош, Жалал-Абаддагы окуу жайлардын келечегине ишенбей калышкан.

- Бир окуу жайдан экинчиге которулабыз деген студенттердин саны канчага жетиши мүмкүн?

- Алардын саны мынчага жетиши мүмкүн деп мен айта албаймын. Бүгүнкү күнгө карата которулса болот экен деген ата-энелер ар бир окуу жайга барышып, балдарынын орундарын даярдап кетишти. Алсак Оштогу кыргыз-өзбек университетинде окугандардын 50-60% Бишкеке келип окусак деп турушат. Август айынын этегине чейин балдардын канчасы кайда которулаары такталып калса керек.

Түштүктөгү коогалаң маалында бир нече мектеп талкаланып, Жалал-Абаддагы “Эл достугу” университети өрттөлгөн. Бул окуу жайда жалпысынын бир жарым миңге жакын студенттер билим алып келишкен.

Университеттин медицина факультетинин методисти Анна Нагасева окуу жайдагы абал тууралуу буларды айтат:

-"Эл достугу" университети талкаланып, өрттөлүп кетти, эми буга акча бөлүнүшү керек. Учурда абитуриенттер кабыл алынган жок, себеби өкмөт тарабынан түзүлгөн комиссиялардын текшерүү, иликтөө иштери аяктай элек. Ал эми экзамен бербей калган студенттер август, сентябрь айларында адаттагыдай эле тапшырышат. Андан сон документтердин жыйынтыктарын чыгарып, диплом алуу үчүн билим берүү минстрлигине жөнөтүлөт.

Ош шаарындагы жогорку окуу жайларда окуган студенттердин тагдыры жана жаңыдан тапшырууну каалаган абитуриенттер үчүн аймакта коопсуздук маселеси дагы деле ачык бойдон калууда.

Баткен жаштарынын бир бөлүгү Ош, Жалал-Абадда билим алып келишкен. Аймактагы окуялардан улам алар окуусун таштап, кичи мекенине кайтууга мажбур болушкан. Баткендик студенттердин чечиле элек маселелери да көп:

-Атым Максат, ОшМУда Эл аралык байланыштар факултетинде окуйм. Биринчи мамлекеттик экзаменди тапшыргандан кийин коогалаң чыгып, сабактарыбыздын баары калып кетти. Азыр бизде окуубуз тууралуу эч кандай маалымат жок. Университеттен дагы бизге чакыруу же эскертүү сыяктуу эч кандай кагаз келген жок.

- Мен Данияр Ульмасов, Ош шаарында окуп жаткан студенттерибиздин коопсуздук маселеси кандай чечилери азырынча белгисиз. Жаштарыбыздын арасында экзамендерин тапшырып, дипломун алалбай калган мисалдар кездешүүдө. Эми алар мамлекеттик ишке орношууда же диплому, же справкасы жок кыйынчылыктарга дуушар болушууда.

Ош, Жалал-Абаддагы окуялардан кийин аймактагы окуу жайларда билим алгандар үчүн мындан ары коопсуздук маселеси алдынкы орунда турмакчы. Учурда Ош мамлекеттик университетинде абитуриенттерди кабыл алуу иш-чарасы жылдагыдан төмөнүрөөк жүрүп жаткандыгы белгиленүүдө. Окуу жайдын ректору Мухтар Орозбеков учурдагы абалга мындайча токтолот:

- Абитуриенттер үчүн экзамендерибиз түшкө чейин аяктайт, ал эми документтерди кечки бешке чейин кабыл алабыз. Башка жылдарга караганда быйылкы жылы документтерди кабыл алуубуз солгун журүүдө. Ошондуктан биз документтерди райондордо кабыл алып жатабыз. Негизинин түштүк аймагына жети кошумча жайды ачтык. Алар абитуриенттерге шарт түзүп документтерди жеринин кабыл алышат.


Ош шаарындагы этникалык кагылышуу убагында Хамза атындагы өзбек мектеби толук бойдон өрттөнүп кеткен. Ата-энелер уул-кыздарынын коопсуздугун ойлоп, үч миңге жакын бүтүрүүчүнү акыркы экзамендерин тапшырууга жөнөткөн жок. Ошондой эле кандуу калабадан чочулап бала бакчаларга бөбөктөрдүн баруусу кескин түрдө азайып кеткен. Бул арада оштук студенттердин да Бишкекке жана башка шаарларга которулуусу күчөп жаткандыгын Оштогу кабарчыбыз Алишер Токсонбаев билдирди.

Өлкөнүн түштүк аймагындагы университетерге тапшыргандардын саны аз болуп жатса, башкалаага келип окууну көздөгөндөрдүн саны өсүүдө. Ошол эле маалда талкаланып, күйүп кеткен мектептер калыбына келмейинче ал аймактардагы окуучулар толук билим алууга мүмкүнчүлүгү жетпеси анык.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG