Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:11

А. Жооданбеков: Мектептердин абалын куру чакырык менен оңдой албайбыз


Бишкектик мектеп окуучулары

Бишкектик мектеп окуучулары

Орто мектептердеги абал боюнча суроолорго Билим берүү академиясынын инновациялык программалар жана технологияларды интеграциялоо секторунун башкы адиси Асылбек Жоодонбеков жооп берди.

- Азыр Кыргызстанда орто мектептерде мугалимдер тартыш. Өзгөчө коогалаң болгон Ош жана Жалал-Абад облустарында мугалимдердин тартыштыгынан улам студенттерди ишке тартуу пландалып атат. Ал жакта деле коопсуздук маселесинен чочулап турушат, жаңы окуу жылына болсо саналуу күндөр калды. Андыктан эң оболу кандай иштер аткарылыш керек?

- Көз карандысыздыкты алганга чейин мугалимдердин шарты жакшы болуп келсе, кийин саясий-экономикалык абалдардан улам, айлык акынын төмөндөшүнөн улам мугалимдер жетишсиз болуп келүүдө. Жыл сайын жетиштүү өлчөмдө 5-6 миңдин айланасында мугалимдер чыгат, бирок тилекке каршы анын көпчүлүгү мектептерге барбастан, башка кесиптерди аркалап кетип калууда. Ал эми быйылкы жылдагы Ош окуясынан кийин өзгөчө Ош, Жалал-Абад жергесинде мугалимдердин тартыш болгондугу мыйзам ченемдүү көрүнүш. 4-5-курстун студенттеринин жардамы менен чечүү маселеси албетте бир аз жардам берет. Бирок тилекке каршы бул маселени толугу менен чечпейт. Дагы бир маселе бар бул жерде, жогоркуу окуу жайлардын студенттерин тартуу менен биз мектепти бүгүнкү күндө аксатабыз деп ойлойм. Себеби университеттерде дээрлик методикалык кафедарнын бардыгы жоюлуп калган дагы, алардын сабак берүү жөндөмдүлүгү абдан төмөн деп айтсак болот.

- Эми кандай токтоосуз иш аракеттерди башташ керек?


- Жакынкы июнь айында чыккан «Кут билимдин» санын карасаңыздар, Балыкчы шаардык мугалимдердин кесиптик бирдиги биригип билдирүү жасады, мугалимдердин айлык акысын 20 эсеге чейин көбөйтпөсөңөр, 2-сентябрдан тартып иш таштоого аргасыз болобуз деген талаптар чыга баштады. Бул саясий эмес, түздөн-түз экономикалык талаптар. Бул талаптардын чыкканы мыйзам ченемдүү. Ошондуктан мамлекет бүгүнкү күндө мугалимдердин айлыгын 20 эсе болбосо дагы, жок дегенде 2 эсе көтөрүш керек. Албетте бул жерде серепчилер, экономисттер айтышат жетпейт деп. Жетиш үчүн мамлекет бардыгын колуна албастан бүгүнкү күндө коомчулукту, кесиптик бирдиктерди, ири-ири компанияларды ишке тартуу менен, анан эң негизги мектепке финансалык булак бере турган ата-энелер жана коомчулук менен тыгыз иштебесе бүгүнкү күндө бардык милдетти мамлекет өзүнүн колуна алып алып, толугу менен чече албайт деп ойлойм.

- Эл аралык иликтөөлөрдө, же көрсөткүчтөрдө Кыргызстандагы билим берүүнүн, өзгөчө орто билим берүүнүн сапаты кыйла төмөн экени көрүнүп келет. Сиз айтып атасыз, айлыкты 2 эсе көбөйтүп берүү керек деп. Бирок кардиналдуу реформалар болбосо бул дагы маселени чечпейт деген пикирлер бар?

- Албетте маселени чечпейт. Буга чейинки маегибизде да айттык эле «Азаттыкта», бүгүнкү күндө Советтер Союзунда көптөгөн тармактар өзгөргөнүнө карабастан, билим берүү тармагы тилекке каршы советтик билим берүү системасынын элементтерин сактап калды. Ошондуктан жакын арада өтө кардиналдуу реформалоого барбасак чече албайбыз. Бүгүнкү күндө министрлик билдирүү таратып атат, патриоттуу бололу, мектепке келгиле деп. Куру чакырыктар менен тилекке каршы чече албайбыз. Андан тышкары 5-6 жылдан бери мектептердеги депозит программасы да өзүнүн натыйжасын өтө эле аз берип атат. Ошондуктан мектептерди реформалоо боюнча бүгүнкү рыноктук талаптарга жооп бере турган абалга келтирмейинче тилекке каршы биздин абалыбыз абдан оор. Ошондуктан бизнес, коомчулук тармагы менен абдан чечкиндүү иштебесек бүгүнкү күндө абалдан чыгыш абдан эле оор.

- Рахмат маегиңизге.
XS
SM
MD
LG