Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:59

Билим күнүн базарда тоскондор


Кыргызстанда айрым балдар билим күнүн мектепте эмес, базарларда тосушту.
Кыргызстанда айрым балдар билим күнүн мектепте эмес, базарларда тосушту.

Бүгүн окуу жылы башталганына карабай, айрым окуучулар билим майрамын базарларда тосуп жатышат. Алар үй-бүлөлүк шартына жана каражатка байланыштуу мектепке өз убагында бара албай, же окубай калгандар.

Көз карандысыз адистер быйыл окубаган балдардын саны 100 миңге жетиши ыктымалдыгын айтып жатат. Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги жылдан жылга окубаган балдардын саны азайып жатканын белгилөөдө.

1-сентябрь болгонуна карабай 9-класска көчкөн Чыңгыз мектепке барбай калды. Ал Ош базарынын четинде жашылча-жемиш сатып отурат. Өзүнүн айтымында, жайкы эс алуу убагында Баткендеги ата-энесине жана карындаштарына жардам берүү максатында Бишкекке келген. Иштеп тапкан акчасын айылга жөнөтүп, өзүнө да анча-мынча кийим кылат экен. Ал шартка жараша быйыл жаңы окуу жылынын башталышына бара албай калганын, бирок кечиксе да мектепке кайтарын айтат.

- Менин үч карындашым, бир эжем бар. Алар Лейлекте турушат. Аларга акча жөнөтүшүм керек. Мен Бишкекке үч айлык эс алуу учурунда келдим эле. Шартка жараша 1-сентябрда бара албай калдым. Буйурса кайра кетем. Окууну бүтүп, артист болгум келет.

3-класстын окуучусу Алтынай Токтогулдан келген. Ал өзүнүн жашы боюнча 8-класста окушу керек эле. Ал алдында турган таразаны көрсөтүп, кардарларды тартуунун аракетин көрүп жатат. Энеси оорукчан, анын үстүнө жети айлык бөбөгү болгондуктан негизги жумуш ушул кызга жүктөлгөн. Күнүмдүк тапкан акчасына нан алат, ашканын дептер, калем алганга аракет кылат экен. Ал окубай калган балдарды мектепке тартуу боюнча бейөкмөт уюмдардын биринин аркасы менен 10-мектепке киргизилген. Алтынай базарда иштегендиктен айрым учурда мектепке барбай да калчу. 1-сентярбь, Билим күнүн да ал адаттагыдай эле базарда тосту.

- Апам ооруйт. Жети айлык бир иним бар. Ал да ооруп, ийне сайдырып жатат. Мен иштеп тапкан акчама нан алам. Мектепке барганга да дептерлерди алыш керек, ага да акча керек да.

Базарда иштеп, мектепке өз убагында барбай калган балдардын көпчүлүгү жашоо-шартынын жоктугун белгилешет. Адистердин баамында, ушинтип айылдардан убактылуу иштөөгө келген мектеп жашындагы балдардын көбү мектепке кайра барбайт. Бишкектеги Балдарды коргоо борборунун социалдык кызматкери Анархан Султаналиева алгач балдар кызыгып, окууга барган шартта деле ар-кандай акча чогултуулардан улам мектепти таштап коюшарын белгиледи:

- Билим берүү акысыз деген менен акча чогултуулар уланып эле келатат. Мугалимдер менен сүйлөшсөң айлык аз деп даттанышат. Аларды да түшүнүш керек. Жашоо-шартынын жоктугунан да окубай калгандар бар.


Анархан айымдын айтымында, окубай калган балдар арасында эч жерде каттоодо турбагандары, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жоктору да арбын. Адистер балдардын окубай калганына күнүмдүк акчага кызыгып, балдарын мектепке жибербеген айрым ата-энелер да күнөөлүү деп эсептешет.

Балдардын окууга жакшы кызыкпай, мектепке барбай жатышынын каражаттан башка да себеби бар. Ал - өтүлгөн сабактардын балдар үчүн кызыксыздыгы. Бул тууралуу “Сапаттуу билим" долбоорунун жаңы конуштарда өткөргөн сурамжылоо, иликтөөсүндө белгилүү болгон. Аталган долбоордун директору Кеңешбек Сайназаровдун белгилешинче, жаңы конуштарда тогуз миңдей мектеп жашындагы бала болсо алардын айрымдары мектепке кантип баруунун жолдорун билбейт.

"Азаттыктын" архивинен: Күнүмдүк оокатына нан тапкан балдар

Быйылкы окуу жылы аяктап, балдар жайкы эс алуу чыккан мезгил. Бирок айылга барып сүт ичип, лагерге барып курбулары менен чер жазгандын ордуна турмуштун айынан базарды аралап коробка, желим бөтөлкө, баштык чогултуп акча тапкан өспүрүмдөр көбөйүүдө. MiT

Күнүмдүк оокатына нан тапкан балдар
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:00 0:00
XS
SM
MD
LG