Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:32

Жогорку кеңеште олимпиадалык резерв окуу жайынын жана 38-мектепте болгон рэкетчилик окуясына байланыштуу маселе талкууга алынды.

Мурда маалымат каражаттарында кабарлангандай, үстүбүздөгү жылдын 28-сентябрында №38 мектеп-гимназиясы менен олимпиадалык резерв мектебинин окуучуларынын ортосунда жаңжал чыгып, натыйжада гимназиянын терезелери талкаланган.

Тополоң Свердлов райондук милиция кызматкерлеринин кошумча күчү менен гана басылган.

Өлкөнүн ички иштер министри Молдомуса Конгантиев 7-октябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында "Олимпиадалык спорт мектеби кылмыш дүйнөсүнүн Бишкектеги төбөлүнүн көзөмөлү алдында турат",-деп билдирген.

Ошондой эле парламенттеги жыйында Молдомуса Конгантиев окуучулар ортосундагы чыр-чатакка улуттар аралык маселелер негиз эместигин таксыктайт.

- Бардык интернет каражаттары таратып жаткандай, бул жерде улуттар аралык маселе жок. Бул окуя жөн гана өз ара мамиле териштирүүнүн кесепети. Бул окуу жайлардын мугалимдери окуучуларын көзөмөлгө албай койгондуктан чыр-чатак ырбап кеткен. Чырдын башы 26-сентябрда эле башталып, 4-5 мектептен чогулган балдар олимпиадалык резерв окуу жайына келишип, ташбараңга алып кетишет. Эки күндөн кийин гана спорт мектебинин балдары өч алуу үчүн коңшу мектептерге жөнөгөн. Ачууга алдырган жаш спортчулар милиция кызматкерлерин дагы тоготпой, тополоң чыгарышкан. Милиция кызматкери эскертүү катары асманга алты жолу атып, күч менен басышкан. Мектепке 63 миң 800 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын жетекчиси Кадырбек Эргешевдун айтымында, жаш спортчуларга саат он эки жарымда жарым сааттык тыныгуу берилет. Мына ушул убакыттан пайдаланып, алтымыштай улан 38-мектепти көздөй бет алышкан. Чыр-чатакка себепкер болгон 37 окуучу окуу жайдан чыгарылып жатканын, спорт мектебин жаап салууга эч негиз жоктугун, андан көрө шартын жакшыртып, олимпиадалык академияга айландырып, өкмөттүк деңгээлде камкордук зарылдыгын Кадырбек Эргешов маалымдады.

Спорт окуу жайынын 8 окуучусуна кылмыш иши козголуп, учурда тергөөгө алынып жатат.

Мектептердеги мындай кырдаалды иликтөө үчүн атайын депутаттык комиссия түзүлүп, жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузуулар фактылары, алардын алдын алуу чаралары, мектеп рэкетин ооздуктоо боюнча көптөгөн кайрылууларын талдоого аракет кылууда.

Ушул депутаттык комиссиянын мүчөсү, “Ак Жол” фракциясынан депутат Айгүл Байбураеванын пикиринде жаш спортчуларды окуудан чыгарып салса, алар кылмыш чөйрөсүнө аралашып кетүүсү ыктымал. Ошондуктан жаш спортчуларга шарт түзүп, учур талабына ылайык таалим-тарбия берип, рухий жактан өстүрүү зарыл.

Өлкөнүн дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агентиктин жетекчиси Александр Войновдун пикиринде, милиция менен мектептин ортосунда байланыш болсо, алар чыр-чатактарды алдын алышса болмок.

Чынында окуучулар мамиле териштирген учурлар өлкөнүн бардык мектептеринде жайылган. Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин айтымында, мурда мушташтар кол менен болсо, айрым учурда окуучулардан ок атуучу куралдар, өмүргө коркунучтуу бычактар табылууда:

- Бишкектеги 67-орто мектебинин 11-классынын окуучусу Адыл Алмазбек уулунан 4 огу менен “Ликюр” үлгүсүндөгү тапанча табылган. Анын газ менен атуучу дагы жабдуусу текшерилип жатат. Учурда мектеп окуучулары бычык, маки салып жүрүүсү адатка айланып баратат. Ошондой эле мамиле териштирүү үчүн Бишкектин эки мектебинин окуучулары Кыш сооттуунун аймагына барып, мушташкан. Тогуз айдын ичинде ар кандай кылмыштардын кесепетинен улам 30 баланын өмүрү кыйылган.

Жыйында эл өкүлдөрү билим министринин орун басарына суроолор узатылды. Анткени мектептеги окуучунун билим алышына, тартибине мугалимдер жооп берет.

Парламент депутаты Чолпон Абдуллаеванын пикиринде, Бишкектеги 67, 13, 37, 89-мектептерге канча каражат берсең да балдарды оңой менен албайт.

- Билим деңгээли жогору, тартиби бекем деген айрым мектептердин окуучулары курал менен жүргөнүн кандай түшүнсө болот? Буга ким күнөөлүү? Мектептеги мугалимдерби, ата-энелерби же тартип сакчыларыбы? Ошондуктан ата-энелердин да жоопкерчилигин күчөтүү зарыл.

Жыйынга катышып жаткан Билим министринин орун басары Үмүткан Тыналиева мектепти бир жактуу күнөөлөй бербей, көйгөйлөрдү биргелешип чечүүнүн, мектеп инспекторун ишке алуунун зарылдыгын айтты.

Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев болсо мектеп инструкторунун жетишпестигин айтып, үч-төрт мектепке бирден милиция кызматкери чак келерин, аларды көбөйтүүгө казынадан каражат бөлүнбөстүгүн өкүнүү менен билдирди.

Бишкектеги Аламүдүн-1 кичи районундагы 38-мектептин жетекчисинин орун басары Фатима Чажалиеванын билдиргенине караганда, спорт окуу жайынын балдары катуу келип, мектептин айнектерин таш менен сындырып кетишкен.

Президент Курманбек Бакиев да 6-октябрда мугалимдердин кесиптик майрамында сүйлөгөн сөзүндө мектептин кылмыш дүйнөсү менен экстремисттик күчтөрдүн объектисине айланып жатканына тынчсызданып, Билим министрлиги менен Ички иштер министрлигинен мектеп чөйрөсүндө кылмыштуулуктун тамырын үзүүнү талап кылган.

Парламенттин комитетинин жыйынында рэкетчиликтин негизги себептери катары бир катар жагдайлар саналды. Маселен, үй-бүлөдөгү социалдык абал, миграция, коомдогу терс көрүнүштөр жана ар кандай мыкаачылыкты чагылдырган кино тасмалардын кеңири тарашы жана башка сыяктуулар.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын пикиринде, мектеп рэкеттеринен запкы тарткан окуучулар ата-энесине , мугалимдерине да айтпай жашырып коюшат.

Буга чейин өлкө аймагындагы айрым мектептерде окуучулар бири-бирин бычактап салган, ал тургай үстөмдүк кылуу максатында бир мектептин экинчи мектепке мушташ уюштурган окуя катталган.

Соңку жылдары өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы мектептерде рэкетчилик көрүнүшү катталып, мындай зордук-зомбулукка кабылган окуучулардын каза болгон учурлары Чүй областынын Каптал - Арык жана Талас областынын Тойчубеков атындагы орто мектептеринде катталган.

Өткөн жылы Чүй өрөөнүндөгү бир өспүрүмдүн рэкетчиликтин курмандыгы болуп, зөөкүр окуучулар түрмөгө отурган фактылар да коомчулукка белгилүү.

Себеби мектеп рэкетчилиги базар экономикасынын заманы менен кошо коомдук жашоого кирген социалдык илдеттердин бири болуп келүүдө.

Парламент комитетинин жыйынында "Ак Жол" фракциясынын депутаты, кесипкөй бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаровдун олимпиадалык резерв окуу жайын жаап салуу боюнча сунуш кабыл алынган жок.

Себеби мындай олимпиадалык резерв окуу жай Кыргызстанда бирөө эле. Ал эми Казакстандын ар бир облусунда бир-экиден олимпиадалык резерв окуу жайы бар. Орусияда мындай спорт окуу жайлары үч жүздөн ашуун болсо, Кытайда миңден ашуун олимпиадалык резерв окуу мектеби иштейт. Олимпиада, дүйнө чемпиондорунун көбү ушундай спорт мектептеринен таалим-тарбия алгандар.

Ошондуктан Бишкектеги олимпиадалык резерв окуу жай кыргыз спортунун келечеги экени айтылып, таалим-тарбия маселесине көңүл буруу керектиги белгиленди.

Жыйындын чечимине ылайык, бул окуя боюнча бир айга чукул убакыттан кийин ушул мектептердеги кырдаалды жеринде иликтөө боюнча депутаттык топ бармак болду.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG