Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:43

Ош окуясы Кыргызстандагы чет элдик студенттерди чочутуп койду


Ош мамлекеттик университетине быйыл бир дагы чет элдик абитуриент келген жок.

Ош мамлекеттик университетине быйыл бир дагы чет элдик абитуриент келген жок.

Быйыл Кыргызстанга келип окуган чет элдик студенттердин саны 20 пайызга кыскарды. Адистер муну Ош жана Жалал-Абаддагы кандуу июнь окуялары менен байланыштырууда.

Маселен Ош мамлекеттик университетинде окуган чет элдик студенттердин көбү азыркыга чейин келер-келбесин билдире элек.

Кооптонгон студенттер

Иорданиядан келген Ахмед Алсгур Медакадемияда 4-курста окуйт. Ал түштүктөгү июнь айында болгон кандуу окуядан коркуп өзү тааныган, билген бир топ тааныштары кайра Кыргызстанга келбей калганын айтат:
Оштон чыгарылып кеткен пакистандык студенттер Равалпиндидеги Чаклала авиабазасына түштү, Пакистан, 2010-жылдын 15-июну.

- Кыргызстанда кырдаал турукташа элек. Менимче 50 чакты студент келбей калды го дейм. Албетте, коркуп жатабыз. Ата-энебиз башка өлкөгө которобуз дешкен. Бирок ал ишке ашпай калды.

Биз менен маектешкен пакистандык Али атуу студент да Пакистандан көп эле студенттер кайра келишкен жок дейт. Кыргызстанда окуусун улантууга көбүнесе ата-энелери каршы болууда. Алинин айтымында, Пакистандан жылына Кыргызстанда билим алуу үчүн 150 студент тапшырса, быйыл алардын отуздайы эле келген. “Кыргызстанга келем деген тааныштарыма барбагыла деп кеңеш бердим. Анын үстүнө окуу үчүн келишим акы жылдан жылга абдан кымбаттап жатат. Кечки саат алтыдан кийин кооптонуп эшикке чыга албайсың”, - дейт Али.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, сырттан келип окугандардын так саны октябрдын башында даяр болот. Анктени Пакистан, Иран сыяктуу айрым өлкөлөрдө аттестаттарын октябрь айында алышат экен. Министрликтин кесиптик билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Абдыманап Жолдошевдин айтымында, быйыл чет элдик студенттердин саны кыйла аз болчудай.

- Азыр баяндамалар даярдалып атат. Быйыл бир топ эле аз болот деп турабыз. Мисалы Ошко бир дагы чет элдик студент кайра кайтып келген жок. 1-курска да тапшырган жок. Кээ бирөөлөрү, мисалы тажикстандыктар кетип атат.

ОшМУга бир да чет элдик студент келген жок

Кыргызстанда жыйырмадай чет өлкөдөн 24 миңден ашуун студент билим алышат. Кыргызстандагы соңку окуяларга байланыштуу алардын саны 20 пайызга азайганы айтылууда. Министрликтин эл аралык бөлүмүнүн башчысы Сонун Адрешованын айтымында, Кытайда жашаган этникалык кыргыздар үчүн 20 орун бөлүнсө, быйыл алардын бешөө гана келген. Этникалык кыргыздар отурукташкан Түркиянын Ван облусунан буга чейин көптөрү Кыргызстандан жогорку билим алса, быйыл бирөө да келген эмес. Ушул тапта Түркмөнстан атайын расмий кат менен Тышкы иштер министрлиги аркылуу 1300гө чукул өзүнүн студенттерин которуп, документтерин алып кетүүдө.

- Быйыл Түркмөнстан студенттерин жибербей жатат, Түркиядан да кырдаалга жараша балдар аз келди. Өзбекстан дээрлик бардык студенттерин токтотуп койду. Алыскы чет өлкөлордөн, мисалы Түркия, Кытайдан келип аткан этникалык кыргыздардын да саны азайды. Өзбекстандан эле 7 миң бала окучу, ал эми төрт миң Түркмөнстандан келчү. Быйыл Түркмөнстан тыюу салып койду.
Ош коогасында каза тапкан пакистандык студент Али Резанын жердештери - Шоркот шаарынын тургундары пакистандык студенттердин Кыргызстандан чыгарылышын талап кылууда, 2010-жылдын 14-июлу, Пакистан.

Кандуу капсалаңдын айынан Ош жана Жалал-Абаддын жогорку окуу жайларында окуган чет элдик студенттердин дээрлик бардыгы Бишкекке которулган. Арасында өз өлкөлөлөрүнө которулуп кеткендер да бар. Ош мамлекеттик университетинин ректору Муктар Орозбековдун билдиришинче, тополоң учурунда өлкөдөн чыгып кеткен студенттердин бири дагы азырга чейин кайра келип окуу ниетин билдире элек.

- Алардын бүгүнкү күнгө чейин кабары жок. Келе тургандан келбей турганы көбүрөөк болуп жатат. Быйыл тапшыргандары да, окуйбуз дегендери да болгон жок. Окуусун уланта турган да мүмкүнчүлүгү жок болуп атат. Окуу Ошто 18-октябрдан тартып башталат. Чет өлкөлүк студенттердин саны да ошондо белгилүү болот. ОшМуда ондон ашуун өлкөдөн үч миңге жакын студент окуйт эле.

Министрлик ушул тапта башка өлкөлөр менен сүйлөшүп, студенттерди тартууга жана мурда окуган студенттерди кайра окуусун улантууга үндөп жатат. Ошондой эле кырдаалдын турукташып баратканын билдирген кайрылуу каттарды жолдоп, элчиликтер менен иштешүүдө. Министрликтин маалыматы боюнча, Африка, Иран, Нигерия жана Пакистан сыяктуу өлкөлөрдөн студенттер келип, окууга тапшырууда.

Июнь айындагы коогалаңда жабыркагандарга жардам берип жаткан жеринен бир пакистандык студент каза тапкан. Кыргызстандын жогорку окуу жай тармагы чет элдик студенттердин азайганынан улам ондогон миллион сомду жоготууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG