Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Атамбаев менен Салянованы тирештирген көмүр


13-февраль, 2012-жыл
13-февраль, 2012-жыл

Мурдагы баш прокурор Аида Салянова президент Алмазбек Атамбаевдин дооматтарына жооп кайтарды.

Президент Алмазбек Атамбаевдин дооматтарына Аида Салянованын жообу көпкө күттүргөн жок.

Мурдагы баш прокурор президенттин айткан дооматтарын четке кагып, “көмүр чырына” Атамбаев аралашты делген маалымат болгонун билдирди. Буга далил катары Салянова Бишкек жылуулук борборуна көмүр ташуу укугуна ээ болгон казакстандык “Прогресс компани” ишканасынын артында Атамбаев турганын ошол кездеги жогорку жетекчилер айтып жүрүшкөн:

- 2014-жылы күзүндө Бишкек жылуулук борборунда коррупция болуп жатат, бир эле компания тендерди утуп жатыптыр деген маалымат келип түшкөн. Көп өтпөй эле Атамбаев бул маселе боюнча чогулуштарды өткөрө баштады. Ошондо ал кездеги энергетика министри Артыкбаев Атамбаевдин атынан барып, Бишкек ТЭЦтин жетекчилигин “Прогресс” компаниясы утушу керек деп коркутканы тууралуу айтылды. Мындай сөздөр президентке да жеткен. Бирок эки-үч күн өтпөй эле Атамбаев Артыкбаевди кызматтан алып салды. Мен анда Артыкбаев оозу ачыктыгынан, президентке байланыштуу ким-ким менен жолугушуп, кандай убадаларды бергенин ар кайсы жакка айтып жүргөнү үчүн жазасын алды деп ойлоп калдым.

Парламент Саляновадан “өч алдыбы”?

Парламент Саляновадан “өч алдыбы”?

Парламент мурдагы баш прокурор Салянованын күйөөсүнө козголгон кылмыш иштеринин мыйзамдуулугун иликтөө боюнча комиссия түзүү чечимин жокко чыгарды.

Аида Салянованын маалыматында “Прогресс” компаниясы теги кыргызстандык “Граф” деген каймана ат менен белгилүү олигарх Алижан Ибрагимовго таандык болгон. Бул ишкердин өлкөдөгү таасирдүү адамдар менен жакшы мамиледе экени айтылып келген.

Салянова бул маселе ошол учурда парламентте көтөрүлүп, бирок аны иликтөөгө Социал-демократтар фракциясы каршы чыкканын кошумчалады:

- Бул маселе парламентте көтөрүлүп, ошол кезде Феликс Кулов парламенттик комиссия түзүүнү сунуштаган. Бирок Социал-демократтар фракциясы колдогон эмес. Эгерде чындык керек болсо, Салянованын жолдошунун катышы барбы же жокпу аныктап, чын-төгүнүн билели десе, эмнеге ал демилгени колдобойт? Азыр деле кеч эмес. Азыр да түзүп иликтөөгө мен каршы эмесмин.

Мурунку баш прокурор президент маалыматтарды терең текшербей туруп, анын дарегине доомат айтышы чеки иш экенин эскертүүдө.

Президент Атамбаевдин жылдык жыйыны

Президент Атамбаевдин жылдык жыйыны

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүнкү жылдык маалымат жыйынында 2016-жылы аткарган иштери жана Кыргызстандагы коомдук-саясий абал боюнча суроолорго жооп берди.

1-декабрда президент Алмазбек Атамбаев маалымат жыйынында Аида Салянованы сындаган. Өлкө башчысы Салянованын жолдошун паракор деп атап, андан көңүлү калганын билдирген эле:

- Мага анын күйөөсү пара алат деген маалыматтар келип, кыш киргенине карабай Бишкек жылуулук борборуна көмүр келбей кечигип жаткан абал жаратканда Аида Салянованы чакырдым. Мен ага “Аида, сенин күйөөң паракор экен, эмнелерди жасап жатканын карачы” деп айттым. Анткени мен Саляновага аябай ишенип келгем. Анын “менин күйөөм андай эмес, мындай болбойт” деп айтканы мени таң калтырды. Анда мен “Аида, сен эс алууга чыгып кел, биз дагы бир жолу сүйлөшөбүз” деп айттым. Мен эмнегедир Салянова эс алуудан келип, “күйөөм өз кылганы үчүн жооп берет, мен болсо ак ниет адаммын” деп айтат деп ойлогом. Бирок ал эс алуудан келип, күйөөсүн дагы коргоду. Чынын айтканда, бир топ адамдар үчүн күйөөсү, аялы, үй-бүлөсү, акча баарынан жогору болуп кетет экен.

Ал эми ошол кездеги энергетика министри, учурдагы Социал-демократтардан депутат Осмонбек Артыкбаев “Прогресс” компаниясына президенттин жана өзүнүн катышы болгон деген маалыматты четке кагууда:

- Бишкек жылуулук борбору кышка даярдыкты кечеңдетип баштаганда, мен кандайдыр бир басым болуп жатканын байкагам. Анан мен өкмөткө, президентке бул боюнча таасирдүү күчтөр аралашып жатканын айткам. Бирок мага президент кайсы бир компанияны колдойсуң деген тапшырма берген эмес.

Бирок Бишкек жылуулук борборуна көмүр сатып алуу боюнча тендердик комиссиясынын мүчөсү, укук коргоочу Качкын Булатов “Прогресс” компаниясынын артында таасирдүү адамдар турганы ошол кезде эле белгилүү болгонун айтууда:

- Бул компаниянын артында жогорку бийлик турарын мен айтып эле келгем. Аны бир нече жолу айткам. Таасирдүү адамдар болгону үчүн тендерди утуп, кылмыш иш козголбой келатат. Абдан коррупциялык иштер бар экени белгилүү эле болчу.

Качкын Булатовдун маалыматы боюнча, казакстандык компаниялар Кыргызстанга эң төмөнкү сапаттагы көмүрдү алып келишет. Алардын чыныгы баасы 10-15 доллардын тегерегинде. “Электр станциялар” болсо андай көмүрдүн бир тоннасын жыл сайын 43-45 доллардан сатып алып келген.

Бишкек жылуулук борборуна көмүр тартуудагы коррупциялык иштер боюнча чыр эки жыл мурун орун алган эле. Анда Аида Салянованын жолдошу Бакыт Абдыкапаров башында турган топ “Электр станциялар” ишканасынын жетекчилигин мажбурлап, казакстандык "Жезказганэнергосбыт" компаниясынан көмүр сатып алууну уюштурганы айтылган. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, Бакыт Абдыкапаров жети жылга шарттуу соттолгон.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов бул иште президенттин бейтарап позицияны карманбаганын айтууда. Андыктан бул ишти көз карандысыз иликтөө керектигин белгилейт:

- Атамбаев бул ишти мен көзөмөлдөп жатсам, менден таасирдүү адам болгон экен деп өзүнүн бейтарап эместигин билгизип койду. Эмне үчүн ал тендерге кийлигишет? Бул өзүнүн жеке кызыкчылыгы болгонунан кабар берип жатат.

Аида Салянова мүчө болгон “Ата Мекен” фракциясы менен президенттин ортосундагы мамиле Баш мыйзамды өзгөртүү маселесинен улам бузулуп, тиреш күчөп кетти.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG