Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:13

“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы орто мектепте билим берүү, окубай калган балдар, китептердин жетишсиздиги жана ата-энелерден мыйзамсыз акча жыйноо маселесине арналды.

Талкууга катышкандар:


Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов







Билим берүү, илим министрлигинин статс-катчысы Акунжан Абдрашев








“Азаттык”:
Өткөн жумада Билим берүү министрлигинин коомдук палата жана Жогорку Кеңеш, Коррупцияны алдын-алуу агенттиги тарабынан түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын жыйынтыгы министрликтин коллегиясында талкууланды. Бирок ошол талкуудан кийин мектептерде ата-энелерден мыйзамсыз акча каражат жыйноого бөгөт койгон чечим кабыл алынган жок деп кээ бир ата-энелер нааразы болуп жатышат. Буга эмне себеп, же текшерүү мыйзамсыз акча жыйноолор болуп жаткандыгын далилдеген жокпу?

Акунжан Абдрашев: Бизге, министрликке, жүздөн ашык жазуу түрүндө кат келип түштү. Андан башка бизде ишеним телефону бар. Ага ата-энелерден 109 атайын кайрылуу түштү. Мына ушул коллегияда биз эмнеге көңүл бурдук? Биринчиден, акча топтоону, бул мектептерге жардамды мыйзам чегине алып келүү жөнүндө аракет кылып атабыз. Мектепке берилген жардамга биздин каршылыгыбыз жок, бирок ал мыйзам чегинде болуш керек. Кандай болуш керек? Ыктыярдуу, максаттуу, ачык болуш керек.

“Азаттык”: Ошол коллегия кандай чечимдерге барды? Бул коомдук ыктыярдуу түрдө акча чогултууга негиз бере турган коомдук фонддорду түзүүдөн тышкары ага жол берип жаткан административдик кызматкерлер, мектеп директорлору жоопко тартылдыбы?

Акунжан Абдрашев: Албетте. Бул маселе коллегияда каралып чыгып, бир топ директорлорго сөгүш жарыяланды, бир топ директорлорго эскертүү берилди. Ошону менен бирге эки айдын ичинде мыйзам чегине алып келиш керек деген атайын талап болду.

“Азаттык”: Иса мырза, сиз буга чейин Жогорку Кеңеште Билим берүү комитетин жетектеп келдиңиз. Мына ушундай ата-энелерди мажбурлоо маселеси көп эле жолу парламенттик угууларда да талкууланды. Бирок эменегедир андан жыйынтык чыккан жок. Анын ичинде укук коргоочулар айтып жаткандай, Бишкектин кээ бир мектептеринде бир айда бир баладан 200 сомдон 2 миң, 20 миң сомго чейин акча чогулткан учурлар болот экен. Эмне үчүн акча чогултуу маселеси мыйзам чегинде такталып, анан ага жол берген мугалим, директорлор, керек болсо Билим берүү министрлигинин жетекчилерине деле парламенттин, өкмөттүн күчү келбей жатат? Мунун негизги көйгөйү эмнеде?
Мугалимдерди, мектеп директорлорун ремонт, парта, отургуч, компьютер, техникалык жабдуу деген маселенин бардыгынан тең бөлүп ташташ керек. Бүгүн мектептин директорлору чарба жетекчилеринен айырмасы жок.


Иса Өмүркулов: Бул бүгүнкү күндө биздин коомдогу, мамлекеттеги эң бир көйгөйлүү маселе болуп эсептелет. Билим берүү, илим министрлиги, жергиликтүү бийлик жана өкмөт - баары эле ушунун тегерегинде иш кылып аткансыйт. Бирок натыйжасы жок. Менин оюмча натыйжасы жакын арада да болбойт.

Себеби бүгүнкү күндө жыргап кеткенинен мугалимдер акча чогултуп аткан жок да, жыргап кеткенинен окуу каражатына, же ремонтко, же кошумча төлөмдөргө деп, же ар кандай мектептерде өткөрүлгөн конкурстар, олимпиадаларга акча жетпегендиктен келип чыгып атат.

Бүгүн мамлекеттик бюджетти карасак ал акча бүгүн да, эртең да жетпейт. Ошон үчүн бул жогортодон чара болот. Бир-эки директорду жумуштан алып, он директорго сөгүш берүү менен иш бүтүп калса, анда оңой эле бүтмөк. Бирок мунун мааниси өтө терең. Терең жагы - бул биздин бүгүнкү күндөгү жалпы экономикалык, социалдык мамлекеттин абалы.

Бүгүн, мисалы, билим берүү тармагындагы кризистердин бардыгына тең эмнегедир министрлик, мугалимдер жооп берет. Буга мамлекет, өкмөт, жергиликтүү бийлик жооп бериш керек.

Мисалы, бүгүнкү күндө мектепте жаңы китептер менен жылына 37 гана пайызга камсыз болот. Ал эми канча жылдан бери чогулуп аткан китептердин быйылкы жаңы чыкканы менен салыштырса, 69 гана пайыз болот экен. Ошондо 31 пайыз китеп жетишпейт.

Компьютер деп атабыз. Бүгүн Кыргызстанда 58 балага бир компьютер. Ал балдарды качан окутабыз? Мисалы, бүгүнкү күңдө мугалимдердин 50 пайызы бул пенсиядагы, же пенсияга жакындап калган жаштагы мугалимдер. Мектепте балдарга чексиз берилген гана адамдар калып атат. Демек бул жерде кадр маселеси бар. Акыркы он жылда кандай гана жогорку окуу жайлары ачылган жок: элүүнүн ары-бери жагы жогорку окуу жайы болду. Ошонун ичинде бир да мамлекеттик программа түзүлүп, билим берүү тармагына жакшы кадр даярдаган жокпуз.

Эртең менен – акча, түштөн кийин – билим

“Азаттык”: Акунжан мырза, Камкордук кеңеши түзүлүп жаткан экен. Ал түзүлсө, ага түшкөн акча кеңештин чечими менен бөлүштүрүлөт турбайбы. Бул маселени чече алабы? Себеби мурда коомдук фонддорго чогулуп келген акчалар азыр камкордук кеңешке түшөт экен, баары бир директордун көзөмөлүндө болот турбайбы. Андыктан директордун калоосу менен бөлүштүрүлөт. Айырмасы эмнеде? Мурда акча берип келген ата-энелер дагы эле акча берүүгө милдеттүү болот. Сиз ыктыярдуу деп жатасыз, бирок ата-энелердин ыктыярдуу бербеске чарасы жок болуп жатпайбы?
Акча бере албагандардын балдары эмне кылышы керек? Тачка сүйрөш керекпи?


Акунжан Абдрашев: Иса Шейшенкулович туура айтып кетти. Билим берүү - жалпы коомдун иши. Муну биздин президентибиз Курманбек Бакиев да өзүнүн сөзүндө “бул Билим берүү жана илим министрлигинин гана иши эмес, бул бүтүндөй ведомстволордун, ошону менен бирге коомчулуктун, бизнес чөйрөсүнүн да иши” деп айтпадыбы. Албетте мектептерге жардам беришибиз керек, бирок ал мыйзам чегинде болуш керек. Мурда коомдук фонддор иштеп, аны эч ким текшерчү эмес, аны Камкордук кеңеш гана текшерип, ошонун макулдугу менен иш жүрчү.

Азыр Камкордук кеңешин “атайын эсепке түшүп, казна аркылуу кетсин” деп биз атайын баса көрсөтүп жатабыз. Казна аркылуу болгондон кийин мектепке канча акча чогулду. Ал акча кайсы тармакка иштетилип атат? Ремонтко алып атабы, китепке жөнөтүп атабы, же болбосо башка мектептин чарба ишине жумшалып атабы - бул тарабынан көзөмөл болот. Коомдук фонддо болсо эч ким текшерчү эмес.

“Азаттык”:
Буга чейин райондук билим берүү бөлүмдөрү өздөрүнүн атайын эсептерин ачып алышпады беле. Ошол жакка акча түшүп, анан мектептерге берип, мектептерден мурун райондун инфраструктурасын, же болбосо бир нерсесин жасалгалоого акча каражат керек деп, ошону берүүгө мажбурлап жатышпады беле. Ал практиканы кантип жоебуз?

Акунжан Абдрашев: 2006-жылга чейин өкмөттүн № 755-токтому бар эле. Бул токтом боюнча райондордо ар бир ата-эне мекетепке өзүнүн материалдык базасын чыңдаш үчүн 100 сомдон кошчу, шаарда 160 сомдон кошчу. Мындайча айтканда, эквивалент менен алганда тиги жакта бир, шаарда 1,6 минималдуу айлык акынын эсебинен кетчү.

2006-жылы бул токтом токтотулду, ошону менен бирге “эч кандай жыйноо болбосун” деген буйрук чыкты. Ошондон кийин гана коомдук фонддор түзүлө баштабадыбы. Бул кооомдук фонддун эсебине бир адам жооп бербейт, ата-энелер жооп берет. Ата-энелердин көзөмөлүндө болот. Ошол жерде директор да конкреттүү көрүп турат.



Жоопкерчилик бардыгы үчүн бир

“Азаттык”: Иса мырза, буга чейин Акунжан мырза айтты, азыркы ата-энелерден жыйналган каражат ата-энелердин өзүнүн көзөмөлүндө болот, ошолордун каалоосу менен чечилет деп. Сиз бул чара боюнча кандай көз караштасыз?

Иса Өмүркулов: Менин оюмча, ушундай иш-аракеттер менен бул маселени толугу менен жоюуга мүмкүн эмес. Бул жерде маселени экиге бөлүш керек. Билим берүү, методика, кадрларды даярдоо, алардын китептердин сапатына көңүлдү буруп, Билим берүү министрлигинен, билим берүү тармагынан сурасак болот.

Ал эми мугалимдерди, мектеп директорлорун ремонт, парта, отургуч, компьютер, техникалык жабдуу деген маселенин бардыгынан тең бөлүп ташташ керек. Ошондо биз билим берүү боюнча окуунун, окутуп атканынын сапатын билебиз, сапатын сурап алсак болот. Ошондо мугалимдер да берилип, толугу менен билимдин сапатына маани берип, көңүл бөлөт эле. Ал эми бүгүн мектептин директорлору чарба жетекчилеринен айырмасы жок. Ошон үчүн бүгүнкү күндө губернаторлорду, шаарлардын мэрлерин, акимдердин биринчи жетекчилери ушул маселеге жооп бериш керек.

“Азаттык”: Акунжан мырза, Иса мырза айтып жаткандай, маселелерди сиздер өкмөттүн жыйындарында коюп жатасыздарбы?
Республикада 2188 мектеп болсо, мунун 137си гана лицей-гимназия статусун алган.


Акунжан Абдрашев: Бул маселе боюнча атайын билим берүү мыйзамы бар. Ошол мыйзамда чарба иштери, мектепти камсыз кылуу жактары, финансы маселелери жергиликтүү бийликтерге жүктөлгөнү тууралуу атайын жазылган. Бирок ошону менен бирге билим берүү тармагындагы бул маселени көзөмөлдөн алынбайт, биз да жооп беребиз, бизден да сурайт. Ошондуктан параллелдүү кетип бараткан.
Чындыгында мыйзам боюнча муну жергиликтүү бийлик органдары камсыз кылыш керек. Мына азыр мектеп курулуп атат, ал курулуп бүткөңдөн кийин парта, стол, стул жок. Ошондуктан азыр биз ошол курулуп жаткан мектепке, ошол суммага, сметага отургучу да, партасы да кирсин, ал каржылансын деген маселе коюп атабыз. Мына ошондо гана биз маселени чече алабыз.

Каттоосуз ата-эне, окубай калган балдар

“Азаттык”: Иса мырза, азыр орто мектептерде, мисалы, Бишкекте, же башка шаарларда деле каттоосу жок балдарды, же туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок, ата-энелеринин паспорту жок балдарды мектепке кабыл албоо чоң проблемага айланды. Бул укук бузуу боюнча чоң маселе болуп жатат. Аны укук коргоочулар да иликтеп чыгышты, каттоосу жок, баласынын туулгандыгы жөнүндө күбөлүгү жок ата-энелер каалаган мектепке балдарын киргизүүгө мыйзам чегинде жол берилет да. Эмне үчүн ошол ишке ашпай жатат?

Иса Өмүркулов: Бул маселе бүгүнкү күндө эң бир көйгөйлүү маселелердин бири. Өзгөчө Бишкек жана Ош шаарларында. Себеби бул биздин жашоо шартка байланыштуу ички миграциянын күчөшү. Албетте адам укугу бузулуп атат. Анткени ар бир жарандын окуганга, иштегенге жана саламаттык сактоосун камсыз кылууга мамлекет кепилдик берет.

Мисалы, кайдан келдиң, сен Оштон, Нарындан, Таластан келдиң деп, адам укугу бузулуп атат. Ошон үчүн бүгүнкү күндө ушунун баарын жоюш керек, баары тең алыныш керек. Ал балдарда, ата-энелерде күнөө жок. Ошон үчүн мунун бардыгы каттоого алынып, ачык болуш керек. Ошондо элдин бардыгы билет.

Мына, мисалы, бир класска 30 бала алына турган болсо, 30 алынды, фамилияларынын бардыгы жазылып туруш керек. Ал эми жанагыдай жең алдынан келип, тааныш-билиш болсо, мына ушул жерде да паракорлук болуп атат, анда маселе өзгөрүп атат.

Акча бере албагандардын балдары эмне кылышы керек? Тачка сүйрөш керекпи? Мына ушуга да кайрылып келип, жергиликтүү бийликтен сураш керек, айтып аткан биринчи жетекчилерден сураш керек.

Мисалы, Бишкек шаарынын билим берүү департаменти бул өзүнчө министрлик. Бир мамлекетте андай болбош керек, бул толугу менен Билим берүү министрлигинин алдына өтүш керек. Кадр даярдоо маселеси да, ошону берип аткан сапаты боюнча да, башка маселелердин бардыгы тең албетте жергиликтүү бийлик менен макулдашыш керек.

Мисалы, бүгүн шаар өзүнчө каржылайт, өздөрү кадрлардын баарын каалагандай жасайт да, анан эмне үчүн министрлик жооп бериш керек? Андай болбош керек.

Мектеп формасы: пайдасын ким көрүүдө?

“Азаттык”: Акунжан мырза, балдардын укугун коргоо маселеси боюнча сөзүбүздү улантсак. Мына, эки жылдан бери менин маалыматым боюнча мектеп формасы боюнча маселе “Балдардын укугун коргоо лигасы” укук коргоо уюму менен министрликтин ортосундагы соттук териштирүүнүн негизи болуп келе жатпайбы. Ошол лигага көп ата-энелер кайрылган экен. Бул коррупциянын башы болгон себеби бир уюшкан топ өздөрүнө каражат топтош үчүн атайын мектеп формасын киргизишкен. Кийин Санэпидстанциянын көзөмөлүнөн өтпөстөн, макулдугун албай туруп синтетикадан тигилип жатат. Өздүк наркы 300 сомдук форманы 600 сомдон 2 миң сомго чейин сатууда деп арызданып жатышпайбы. Ушул мектеп формасы жөнүндөгү токтомду жокко чыгаруу мүмкүнбү?
Мектептин базасында бүгүн өтө шамдагайлар, өздөрүнүн кызыкчылыгына иштеп аткандар бар.


Акунжан Абдрашев: Балдардын укугу боюнча азыр туура сөз болуп атат. Мектепке кабыл алуу боюнча. Бул жерде туура айтып атабыз, балдарда, ата-энелерде күнөө жок. Мектепке келген бала окуш керек, бирок анын документи болуш керек да. Кайсы мектептен кайсы жакка которулуп жатат. Келген баланы эле документисиз кабыл албайт да. Эгер документи болуп мыйзам чегинде келген, ата-энеси көчүп келген болсо, микроучасток деп коет, ошол мектептин тегерегинде жайгашкан участокто болсо, ал бала сөзсүз ошол мектепте окуш керек.

Ал эми форма боюнча айтсам, 2008-жылы атайын өкмөттүн токтому менен 1-класстан 4-класска чейин атайын форма киргизилген. Бул форманы министрлик дизайны менен эскисин бекитип берди да.

“Азаттык”: “Атайын бир фирмалар форманы синтетика материалынан тигип, балдарыбыз үшүп, аллергия болуп жатат” деп арызданган ата-энелер бар...

Акунжан Абдрашев:
Аны бир конкреттүү фирмага бекитип берген жок.

“Азаттык”: Кимдин көзөмөлүндө?

Акунжан Абдрашев: Министрлик эскиси менен дизайнын бекитип берди. Эми аны көптөгөн фирмалар тигип атат, бир эле фирманын каражатында эмес. Ал ата-эненин өзүнүн каалоосу менен, кааласа алсын, каалабаса албайт.

“Азаттык”: Мектептин директорлору, же класс жетекчилери “бул контейнерден барып аласың” деп кагазын жазып берген учурлар бар экен. Муну балдардын укугун коргоо лигасы аныктап чыкты.

Акунжан Абдрашев: Эгерде андай фактылар болсо, бизге кайрылса, биз бул маселени чечебиз. “Тиги контейнерден барып аласың” деген установка жок. Бул кээ бир адамдын кызыкчылыгы үчүн болуп калышы мүмкүн, бирок ага жол бербешибиз керек.

Мектептен лицейге чейинки кыска жол

“Азаттык”: Иса мырза, акыркы кезде орто мектептерди лицейге айландыруу мода болуп калды десек болот. Мисалы, Бишкектеги эле мектептердин 30 пайызы лицейге айланган экен. Анан Жогорку Кеңеш ушул лицейге айландыруудан мурун лицензия алыш керек, мектептин деңгээлин лицейге жеткирүүгө чейин деңгээлин көтөрүш керек деген мыйзамдуу чектерди, талаптарды кое алабы?

Иса Өмүркулов: Менин жеке оюмча, бул да бүгүнкү күндөгү билим берүү тармагындагы терс көрүнүштөрдүн бири. Лицензияны өзүнчө бир ведомство бере турган болду, же сиздер бересиздерби?

Акунжан Абдрашев: Биз, министирликтин алдында атайын мамлекеттик инспекция.

Иса Өмүркулов: Министрликте иштеген айрым чиновниктер бир мектептин базасында лицей ачып, анан эки жылдык билимди бир жылда берип атышат. Ал жерде албетте бекер эмес, ага акча төлөш керек.
Эми кандай өспүрүм бала эки жылдык программасын бир жылда өздөштүрөт? Бул медициналык жактан, биологиялык данныйлары боюнча да мүмкүн эмес. Ошол эле мектептеги мугалимдер колдонуп, анан ар бир баладан 10-15 миң сомго чейин бир жылга ала турган болсо, ошонун эсебинен 5 миң аренда дейби, мугалимдерге айлык дейби, калган 10 миңин чөнтөккө салып атат. Ошондуктан мындай нерсени, мектептин негизинде түзүлгөндүн баарын жоюш керек.
100 миллионго китеп ала турган болсок, бүгүнкү күндө ошол эле 100 миллиондук китеп керектен чыгып калат.


Акунжан Абдрашев: Менин оюм боюнча, лицей, гимназия - бул тереңдетилип окутулган мектептер. Мына, республикада 2188 мектеп болсо, мунун 137си гана лицей-гимназия статусун алган. Лицей-гимназия статусун алуу үчүн ал 7-класстан баштап тереңдетилип окута баштайт. Аны атайын жергиликтүү бийлик өзүнүн чечимин чыгарып берет, ушул лицей-гимназиянын статусуна 15 пайыз кошумча жергиликтүү бийликтин эсебинен берилет деп. Ошонун базасында бизде мамлекеттик атайын лицензия инспекциябыз бар, алардын кызматкерлери жер-жерлерге чыгып, биринчиден, окутуу-материалдык базасы, китеби, предмети туура келип тереңдетип окутууга кадрдык курамы жетишсе, ошондо гана лицензия берилет.



“Азаттык”: Бул жерде өң-тааныштык болгон жок деп айта алабызбы?

Акунжан Абдрашев: Айта алабыз. Себеби азыр шаардагы лицей-гимназияларын алсак, алар тереңдетип окутуп атат, жөнөкөй мектептерге караганда булар тереңирээк, ал жерде кружоктор ачылган.

Иса Өмүркулов: Эмне үчүн лицейде тереңдетип окутуш керек, терең билим бериш керек, жөнөкөй мектепте андай билимди бербеш керек? Эмне үчүн? Ушундай маселе туулат да. Эмне үчүн жөнөкөй мектепте үстүртөдөн окутуу, ал эми лицейде тереңдетүү делет? Мындай болбош керек.

“Азаттык”: Демек бул жагында коррупция бар дейсизби?

Иса Өмүркулов: Албетте, түздөн-түз көрүнүп турат. Бул жерде жалпы билим берүү мектептердин баары бирдей болуш керек, толук-терең билим бериш керек, бир гана максат болуш керек. Анан кийин лицей деп бул бөйрөктөн шыйрак чыгаруу, бул жерде финансылык кызыкчылык гана, акча тапмай. Мына, коррупция дегендин баары ушул жерде. Мектептин базасында бүгүн өтө шамдагайлар, өздөрүнүн кызыкчылыгына иштеп аткандар бар.

Форма тууралуу айтсам. Эгерде бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча балдарды толугу менен мектептердин бардыгын китеп, окуу куралдары, компьютер менен камсыз кылсак, парта, столдун баары тең жетиштүү болуп, мектептер жылуу болгондон кийин анан форманы ойлосок болот эле да.

Мен Ош облусунун Кара-Суу районуна командировкага бардым. Мектептерде форма өзүнүн наркы 300 сом болсо, аны 2-3 эсе ортодон саткандар далилденип, ал көрүнүп эле турат. Ошондуктан биринчи кезекте окуу куралы менен камсыз кылышыбыз керек, анын программасын, сапатын.

Кадрларды бүгүнкү күндө эмгек маянасын көбөйтүп, ошого кызыкдар болуп, ошого иштей тургандай кылыш керек. Ал болмоюнча билим берүүнү 5-6 жылдын ичинде жоготуп алышыбыз мүмкүн.
Эмне үчүн лицейде тереңдетип окутуш керек, терең билим бериш керек, жөнөкөй мектепте андай билимди бербеш керек?


Акунжан Абдрашев: Токтомдо ыктыярдуу деп жазылган. Аны биз милдеттүү түрдө киргизип аткан жокпуз да. Ал эми китеп боюнча айтсам, мамлекет каражат бөлүп атат. Мисалы, 100 млн. китепке, 100 млн. ремонтко, андан башка компьютерге. Мына бүт мектептерде компьютер бар, бирок бул албетте жетишпейт. 2010-жылкы бюджетке да ушул сумма каралды.

Иса Өмүркулов: Бул өтө жетишпеген сумма. Себеби быйыл 100 миллионго китеп ала турган болсок, бүгүнкү күндө ошол эле 100 миллиондук китеп амортизация болуп, керектен чыгып калган китептер бар. Анын ордун толтуруп, ошонун үстүнө дагы 100 миллион болсо ошону жылыш бар деп айтсак болот. Ошон үчүн өтө деле көзгө көрүнө турган жылыш жок. Ошондуктан мамлекет бүгүн бюджетти карап атканда, өкмөт бул маселеге терең маани бербесе, албетте маселе өтө кыйын.

Сандар сүйлөйт... Бирок алар ар башка

“Азаттык”: Акунжан мырза, орто мектептердин статусун жөн эле жерден көтөрмөлөп, аларга ошол мектепте окуп жаткан балдарды жөндөмсүз деген шылтоо менен сырттан окууга которуулар болуп жатат, же болбосо мектептен чыгарууга мажбурлап жатышат. Маселен, «Балдардын укугун коргоо лигасы» Лебединовкадагы №2 мектепте иликтөө жүргүзгөн экен, ошондо 3 жыл ичинде 700дөн ашык бала мектептен чыгып кеткен экен.

ЮНИСЕФтин эсеби боюнча азыр 80 миң бала окубай жатат деп атат, ал эми бейрасмий маалыматтар боюнча 120 миң бала окубай жатат деп атпайбы. Чыгып кеткен балдар ошолордун катарын толуктоодо. Эмне үчүн ушуну токтото албай жатасыздар?

Акунжан Абдрашев:
Мектептен ал балдарды эгер жакшы окуса эч ким чыгарбайт. Кээ бир жүйөлү себептер менен кээ бир балдар башка ата-энелердин түшүндүрмөсү, же объективдүү себептер менен, саламаттыгына байланыштуу окубай калган балдар болсо, калган балдардын бардыгы окуш керек. Ага биз аракет кылып атабыз.

“Азаттык”: Ушундай маселелерди чечүүдө класс жетекчилер жана мектеп директолору чечим кабыл алат да. Мектеп директорлорун кандай критерийлер менен тандайсыз?

Акунжан Абдрашев: Мектеп директорлору, класс жетекчи, мектептин завучтары, жааматы мына ушул маселенин үстүндө иш алып барат. Бул айыл өкмөттөрүнүн жергиликтүү мыйзамда жазылгандай, айыл өкмөттөр тарабынан да жардам болсо жакшы болмок.
Министрликтин статистикалык маалыматы боюнча 80 миң эмес, аз деп атышпайбы. Ушуну жашырбаш керек, бул маселени ачык айтыш керек.


Мисалы, кээ бир балдар кийими жок, же буюму жок мектепке шылтоо болуп барбай калышы мүмкүн. Ал эми 80 миң дегенге кошулбайм. Себеби бизде окуу жылдын башында “августовский учет” деген болот, ошондо республика боюнча бир жарым миңге чейин балдар сабакка тартылбаганы аныкталды. Бирок бүгүнкү күндө анын 700-800үн мектепке тарттык, 400гө жакыны башка себептер менен мектепке келалган эмес.

Мектепке эмес, мечитке...

“Азаттык”: Иса мырза, азыр укук коргоочулар мугалимдердин, балдардын укугу бузулган учурлар бар деп айтып жатышат. Ушул дискриминацияга жол берген жоболорду мыйзам чегинде жоготууга мүмкүнбү? Парламенттин күчү жетеби?

Иса Өмүркулов: Андай мыйзам кабыл алса болот. Бирок ал мыйзам иштебей турган мыйзам болот. Ал мыйзамды аткарууга мүмкүн эмес. Себеби маселе ошонун аткарылышында болуп атат.

Акунжан Абдрашев: Мына кадр маселеси, анан мектепке тартылбай калган 80 миң окуучу деп атабыз. Мисалы, бардыгыбыз эле ата-энебиз да, мектепке барып калсаң класста 3-4 бала келбей калган учурлар болот, ооруп калган ж.б. Бул такыр мектептен чыгып кетти дегенди түшүндүрбөйт да.

Ал эми биз мектепте окубай калган 400 бала деп жатабыз. Булардын жүйөлү себептери бар. 80 миң деген чоң цифра, ал көзгө эле көрүнүп турбайбы. Анын үстүнө ата-эне, класс жетекчи иштеп атат, ошого мен айтып атам, жергиликтүү бийликтерди да тартсак жакшы болот. Социалдык жактан камсыз болбой калган үй-бүлөлөргө шарт түзүп берсек, алар келет.

Кадр маселеси туура коюлууда. Бүгүнкү күндө бизде кадрлар жетишпейт, бирок өкмөт жакшы колдоп, бүгүнкү күндө бизде «Жаш мугалимдин депозити» бар.

Иса Өмүркулов: Ал программа иштеген жок.

Акунжан Абдрашев:
Азыр программа 1900 депозит. Мына жакында эле октябрь айында дагы тоолуу аймактардан 700 мугалимге депозит өткөрүп келди. Бул конкурс мурдагыга караганда жандуу болду. Мурда бирден-экиден боло турган болсо, азыр үчтөн-төрттөн бүтүрүүчү катышып атат. Кандайдыр бир эффект, жылыш болуп атат. Бирок чынын айтыш керек - жетишпейт. Ошого карабастан ушуларды толуктасак болот.

Иса Өмүркулов: Дагы бир маселе бар. Мисалы, министрликтин статистикалык маалыматы боюнча 80 миң эмес, аз деп атышпайбы. Ушуну жашырбаш керек, бул маселени ачык айтыш керек. Аны кимден жашырасыздар? Экинчиден, бүгүнкү күндө бул орчундуу маселелердин бири. Ошол окубаган балдар кайда барып атат? Бардыгы медресеге, мечиттерге барып атат. Ал жерде алар китепке акча төлөбөйт, окуганга, ремонтко төлөбөйт деп көп ата-эне балдарын медресеге берип атат. Ал эми медреседеги билим берүүнүн сапаты бардыгыбызга малым.

Акунжан Абдрашев: Медреседе окуй турган болсо, анын жогорку окуу жайына тапшырууга мүмкүнчүлүгү жок, ал жерде аттестат берилбейт. Биз азыр медреселерди, министрликтин алдындагы госинспекция, лицензированный акредетациясы, алар лицензия берсе гана ал окутууга уруксат болгон кагаз болот. Эгерде анысы жок болсо, ал жерде эч ким албайт. Ал бала мектепте да окуйт, бирок мектептен сырткары бош убактысын ата-эне көзөмөлдөш керек да.
Парламент эл агартуу, билим берүү тармагына көңүл бөлбөй турган болсок, андан бизден да чоң кемчилик болот.


“Азаттык”: Акунжан мырза, мектепке кабыл алууда тест сынагын өткөрүп жатышпайбы. Ошол тест сынагы да жөндөмсүз деп, кээ бир ата-энеси акча төлөй албаган балдарды мектепке кабыл албай коюунун бир формасы болуп жатат. Ушул тест сынагын өткөрбөй койсо болобу, ушул мыйзамдуубу?

Акунжан Абдрашев: Мыйзамдуу, бул боюнча атайын министрликтин тест өткөрбөстөн кабыл алат деген буйругу чыккан.

“Азаттык”: Иса мырза, декабрдын аягында билим берүү маселеси боюнча парламенттик угуу болот экен. Ошондон кийин укук коргоочулар балдардын билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүүгө көзөмөл жүргүзүү кеңешин сунуштап жатышыптыр. Аны парламент колдойбу?

Иса Өмүркулов: Албетте, парламент көзөмөлгө алыш керек. Парламент эл агартуу, билим берүү тармагына көңүл бөлбөй турган болсок, андан бизден да чоң кемчилик болот. Ошон үчүн, мен ойлойм, биз колдошубуз керек.

“Азаттык”: Сиздерге чоң рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG