Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:22

Талас: Студенттик кошуун түзүү демилгеси көтөрүлдү


2009-жылы, 26-октябрда ОшМУнун студенттери келишим акы кымбатташына байланыштуу нааразылык акциясына чыккан.
2009-жылы, 26-октябрда ОшМУнун студенттери келишим акы кымбатташына байланыштуу нааразылык акциясына чыккан.

Талас мамлекеттик университетинде демилгелүү топ аймактагы алгачкы студенттик кесиптик кошуунду түзгөн жатат. Студенттердин айтымында, мындай уюмду ачууга окуу жайдын администрациясы жана мугалимдерди алардын укуктарын байма-бай бузуп жатканы түрткү болууда. Ал эми окутуучулар студенттер окууда укуктары менен бирге өз милдеттерин да билсе деген ойдо.

Биринчи курстун студенти Перизат Сыдыкова универститетке өткөндөн тарта окуу жайдын администрациясы тарабынан студенттер ар түрдүү иш-чараларга билеттерди, мугалимдер жазган китептерди сатып алууга, он-жыйырма сомдон акча чогултууга мажбурланып жатканына күбө болуп келет. Андыктан Перизат жана анын бир катар курдаштары мындай укук бузуулар менен күрөшө турган өзүнчө уюмду түзүүгө убакыт келип жетти деп эсептейт:

- Майда-чүйдө укук бузуулар абдан көп болууда. Мисалы, мен окуу жайдын уставын сурайын деп жатам. Себеби окуп жаткан университеттин уставын ар бир студент билиши керек. Биз болсо биринчи курсту аяктайын деп калдык, бирок алигиче уставды жана деканат менен түзүлгөн келишимди көрө элекпиз. Окуу жайга тапшырып жатканда аларга кол коюп койгонбуз, бирок колго кармап, окуй элекпиз. Ушулардын баары студенттердин укугун бузуу деп ойлойм. Ушунун баары келип эле профсоюзга такалып жатат, себеби биздин укугубузду коргой турган уюм болушу керек экен.

Өткөн жылы Талас университетинин ректору студенттердин арыздарынан улам контракттан сырткары жыйымдарга, китептерди, концерттерге билеттерди сатууга тыюу салган буйрук да чыгарган. Бирок студенттердин айтымында, жакында өткөн кышкы сессияда бул буйрук аткарылган жок, жөн гана мурда ошол эле китептер ачык сатылса, азыр студенттерге жашыруун таңууланып жатат. 2-курстун студенти Айнура мындай деп ой бөлүштү.

- Зачет, экзамендердин алдында бизге мугалимдер “китеп алгыла, пайдалуу маалымат бар” деп китептерин сата башташат. Ал китептер чындап эле бизге керектүү деп айтуу кыйын. Албай койсок, сынактарда кыйнап, алган баллдарыбызды төмөндөтүп коюшат. Ал эми билеттер боюнча айтсам, жакында эле айрым мугалимдер Кубанычбек Сатаевдин концертине билеттерди сатып жүргөнүн көрдүм.

Кесиптик кошуунду түзүүдө студенттерге жаштардын укук коргоо тобу жардам берүүдө. Анын мучөсү, жаш активист Шамил Мураттын белгилешинче, жаштардын ушундай көйгөйлөрү менен иш алып баруу үчүн студенттик парламент жана студенттик омбудсмен түзүлгөн эле. Бирок кесиптик кошуундан айрымаланып, алардын мыйзамдык негизи жок болгондуктан, аталган уюмдар толук кандуу иштей албай жатат:

- Студенттик кесиптик кошуундун күчтүү жагы – ал мыйзам менен бекитилген. Студенттер профсоюз ачып алышса, алар ЖОЖ администрациясы менен жамааттык келишим түзүп, ошонун негизинде иштешет. Бул абдан жакшы жөрөлгө, себеби жаштарды себепсиз ишембиликке чыгаруу, жатакана менен камсыздөө өңдүү маселелерди студенттер өздөрү көзөмөлдөй алышат.

Шамил Мураттын айтымында, кесиптик кошуун студенттердин көйгөйлөрүн гана чечпестен, ар түрдүү окутууларды өткөрүп, студенттерди чет өлкөдөгү сынактарга жиберүү өндүү иштерди аткарат. Мындан сырткары юридикалык каттоодон өткөн уюм гранттык жардамды да ала алат. Маселен, буга чейин Нарында түзүлгөн кошуун жакында “Сорос-Кыргызстан” фондунун жардамы менен университеттик китепкананы толуктай алды.

Анткен менен учурда студенттер окууга жоопкерчиликтүү мамиле кылуунун ордуна башка иштер менен алек болуусу туура эмес деген пикирлер да бар. Студенттер менен мугалимдердин тирешүүсү окуу процессинин начарлашына гана алып келет дейт окутуучу Азамат Теишов:

- Студенттер жаш, курч болот, жүрөктөрү жалындап турат. Булар туура эмес иштерди жасап салышса, бул мугалимдер менен тирешүүгө гана алып келет. Студенттер профсоюзу жок эле бизге өздөрүнүн каршы пикирин жеткире алышат. Мисалы, университетте анонимдик кутучалар бар. Ага салынган каттарды мугалимдер окуп турушат. Кесиптик деңгээлин жогорулатуу үстүндө мугалимдер ар дайым иштер турушат.

Демилгечи Перизат Сыдыкова кесиптик кошуунду түзүүгө айрым студенттер да каршы пикирде экенин айтты. “Айрым студенттер үчүн сабактарга катышпай, сессияларды пара берип же китеп алып бүтүрүү кыйла оңоюраак. Ал эми кесиптик кошуун студенттердин окуусуна да ички көзөмөл кылмакчы” дейт Перизат.

Учурда студенттик кесиптик кошуундар Талас мамлекеттик университети менен кошо Ош жана Кызыл-Кыядагы окуу жайларда да түзүлүүдө.
XS
SM
MD
LG