Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:51

Элетте класстар ээнсиреп, окуучулар азайган чакта, Бишкекте, айрыкча мигранттар жашаган конуштарда мектепке бала батпай чоң көйгөйгө айланды.

Кичинекей Бакыт санаганды, тамгаларды мыктылап үйрөнүп быйыл 1-класска барууга камынып жатат. Бирок анын апасы Нурзада бир нече айдан бери баласын мектепке киргизе албай катуу кыйналууда. Ал Дордой базарынын жанындагы “Келечек” конушунда төрт жылдан бери жашайт:

- Баламды 1-класска алып барсам, орун жок, класстардын баары толуп калган Гоин дүкөнү жакка алып барып окуткула деп албай жатат. Мурун конушта жашаган жергиликтүү тургундар үчүн орун бар деп айткан эле. Эгер мектеп жергеликтүү тургундардын балдары менен толуп калса, квартиранттарды албайбыз деген, эгер толбой калса алабыз дешкен. Бүгүн барсак орун жок деп айтты.

Нурзаданын баласын “Келечектеги” №87 мектеп албай жатат. Бул мектепке баласын киргизе албай жаткан жалгыз эле Нурзада эмес. Мындай ата-энелер ондоп саналат. Азыр алардын баары чогулуп алып балдарын мектепке киргизүүнүн аргасын-амалын издеп жатышат. Кыйналган ата-энелер ылаажы издеп конушта көптөн бери иш алып барган “Балдарды коргоо” борборуна да кайрылышты.

Айрымдары шаардын билим берүү бөлүмдөрүнүн ишеним телефондоруна чалып, бирок тыңгылыктуу деле жооп ала алышкан жок.

“Келечектеги” мектептин кире беришине эле 1-11-класстарга орун жок экени бадырайта жазылган. Мектеп деректири Жаңыл Исанованын айтымында, чынында эле орун жок. Жети жүздөй балага ылайыкташтырылган мектеп быйыл бир жарым миндей баланы окутканы жатат:

- Негизи жыл сайын бир жарым миңдей баланы окутабыз. Долбоорго ылайык мектеп болсо 754 окуучуга ылайыкташтырылган. Конушта квартиранттар абдан көп. Жашоо-шартка байланыштуу Келечекке көчүп келген ата-энелер абдан көп. Экинчиден Ак-Бата, Дордой конуштарында мектеп жок болгондуктан бизде окуучулар көбүрөөк.

Ички мигранттар арбын жашаган конуштарда балдардын мектепке батпай калышы өңдүү проблемалар жылда эле кайталанат. Былтыр Билим министрлиги ушул жаатта атайын жардык чыгарган. Анда орун жок болсо кечки класстарды ачып болсо да шарт түзүү каралган. Билим министринин орун басары Үмүткан Тыналиева жардыкка ылайык, ички мигранттардын балдарын мектепке киргизүү кыйла жеңилдетилгенин айтат:

- Министрликтин буйругу менен, булар үчүн башкача шарт түзгөнбүз. Эгер ички мигрант болсо, шаарда каттоосу, документтери жок болсо да мектептин деректирлери аларды кабыл алганга милдеттүү.

Бирок иш жүзүндө министрликтин буйругу аткарыла бербейт. Мисалы “Келечектеги” №87 мектептин деректири Жаңыл Исанова жакында эле “Балдарды коргоо” борбору документтери жок балдарды кабыл алгыла деп кайрылганда, алардын өтүнүчүн орундата алган эмес:

- Алар (“Балдарды коргоо” борбору) туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок төрт баланы алыңыз дейт. "Үч ай окутуңуз, анан документтери даяр болот" дейт. Бир четинен биз балдарды алгандан кийин эртеси эле буйрук чыгарышыбыз керек да. Министрликтен көчүп келгендерге керектүү докмументтерди топтоого үч ай мөөнөт бергиле деген жардыгы чыккан. Мен аларга “мен муну көрдүм, мен ал балдарга атайын орун алып коеюн, документтерин сентябрдын ортосуна чейин алып келсин анан алам, бала 2 жума сабак калтырса эч нерсе болбойт”, дедим. Мен “документсиз балдарды кабыл албайм” дедим. Эгер үч айга чейин документтерин алып келбесе мен аларды барагой деп кантип чыгырып салам? Бул деген адамгерчиликке жатпайт да. Алтүгүл күчүк багып алсаң, аны деле айдап чыгарып салбайсың го?

Укук коргоочулардын айтымында, мектепке баласын киргизе албай, чүрпөсүн таптакыр окуудан калтырып шаабайы сууган ата-энелер саны көбөйүп жатат. Өлкөнүн билим министрлиги мектепке окубай калган балдары саны эки миңдей дегени менен Улуттар Уюмунун балдар кору – ЮНИСЕФ мындай балдар саны элүү миңге чукулдаганын маалымдаган.

Укук коргоочулар эгерде билим жетекчилери, айрыкча мектеп деректирлери балдарды кабыл алууда тоскоолдуктарды жойбосо, окубай калган балдар саны жакынкы күндөрү азайбай турганын эскертишүүдө.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 2288 мектеп бар жана быйыл аларда 1 миллиондон ашык бала окуйт. Алардын ичинен 96 миңден ашык бала мектеп босогосун алгач аттап 1-класска барат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG