Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:49

Окубай калган балдар көбөйдү


"Дордой" базарында иштеген балдар мектеп тарбиясынан сыртта калышкан

"Дордой" базарында иштеген балдар мектеп тарбиясынан сыртта калышкан

Кыргызстанда жакырчылык, миграция, мугалимдердин жетишсиздиги сыяктуу социалдык курч маселелердин айынан көптөгөн балдар мектеп тарбиясынан сыртта калууда.

Токтогул районунан келген Алтынай учурда 14 жашта. Ал учурда Бишкек шаарынын 10-мектебинде 3-классында окуйт. Окуудан кийин Ош базарынын айланасында тараза иштетет. Алтынайдын энеси оорукчан болгондуктан оор жумуш жасоого болбойт. Анын үстүнө жети айлык баласы болгондуктан, аны карап үйдө отурууга туура келет.

Алтынайдын өзүнөн кичүү дагы бир иниси бар. Ал да учурда дарыланып жаткандыктан, бул үй-бүлөнү багуу дээрлик 14 жашар кызга түшөт экен. Алтынай мектепти, бардык сабактарды жакшы көргөнү менен кээ бир күндөрү сабакка барбай калган учурлары да болорун биз менен болгон маегинде айтып өттү.

- Канчанчы класста окуйсуң?
- 8-класста, азыр 3-класста окуйм.
- Кайда окуйсуң?
- Фучикте, 13-мектепте (10-мектеп десең деп ортого бир кыз кошулду), ии, 10-мектепте.
- Бул жакка кайсыл убакта келип иштейсиң?
- Саат 2 лерде келип, бештерде кетем.
- Ата-энең кайда, үйдөбү?
- Ооба, үйдө ооруйт. Кичинекей, жети айлык баласы бар. Ошону карайт. Мен иштеп келем. Дагы бир иним бар. Ал да ооруп, дарыланып жатат.
- Аларды сен багат турбайсыңбы анда ээ?
- Ооба.
- Мектепте дептер, ручка ж.б. алганга акчадан кыйналбай эле турасыңбы?
- Ошолорду алганга да акча керек да.

Ал эми Санжардын Лейлектен Бишкек шаарына келип, Ош базарында араба түртүп иштегенине жарым жылдан ашкан. Ушул убакыт ичинде ал мектепке барган эмес. Санжар ушул аптада окуусун улантыш үчүн кайра Лейлекке кете турганын айтты.

Кыргызстанда азыр Алтынай менен Санжарга окшоп жаштайынан эле турмуштун тегирмени менен кошо тегеренип, убагында мектепке бара албай, же окуусун таптакыр таштаган балдардын саны арбын. Адистердин айтуусунда, Кыргызстандагы балдардын мектептен сыртта калышына өлкөдөгү жакырчылык, миграция, мугалимдердин жетишсиздиги, айрым үй бүлөлөр үчүн мектепке төлөнө турган акынын көптүгү себеп болууда.

Мындай ойлор “Баланы окутууга жагымдуу чөйрө түзүү” деген аталыштагы тегерек үстөлдө айтылды. - Окубай калган балдарды таап, мектепке киргизүү үчүн биз ар бир үйлөргө кирип, базарларды аралап, ата-энелер менен сүйлөштүк. Азыр деле бул ишти улантып жатабыз. Ата-энелердин паспорттору, нике тууралуу күбөлүгү жок. Андай болгон соң балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн ала албай жүргөндөр арбын. Андай балдарды кабыл алгандан айрым мектептер баш тартышты. Мына ушул чоң маселени жаратты, - дейт Балдарды коргоо борборунун өкүлү Фатима Аллаярова.

Балдарды коргоо борбору ата-энелердин өздөрү менен жеке иштеп, айрыкча ички миграция күчөгөн бөлүктөрүнө ата-энелердин демилгечи тобун түзгөн. Бул топ өз аймагындагы окубай калган балдардын санын, себебин аныктоого көмөк көрсөтүп келет. Ушундай топтун мүчөсү, “Келечек” жаңы конушунун тургуну Шакен Мускаева көп учурда балдардын мектепке барбай калышына ата-энелер себеп болорун айтат:

- Айрым ата-энелер өздөрү балдарын окуткусу келбейт. Окубай жургөнүн жашырып, айылда окуп атат, эми кетет деп жооп беришет. Бирок эки айдан кийин деле баягы баласы окубай эле жүргөн болот. Мектепке барсын десең, кайра бизге жини келип, ишиңер эмне, менин жашоом кыйын болуп атат, андан көрө балам иштесин, акча табат дешет. Балдарынын акча тапканына кызыгышат. Ары-бери өткөндө сурасам окугубуз келет, бирок ата-энебиз жөнөтпөйт, үй кайтарабыз деген жоопторду беришет.

Ал эми ушундай эле топтун мүчөсү Айнура Рыскулова балдардын мектептен сырт калышын каражатка байланыштырат. Анын айтымында, бардык эле ата-эне балдарын окутууну каалаган менен шарты туура келбейт. Ошондой эле ушул тапта балдар эмес ата-энелер деле маалыматтан алыс болуп жатканын, базарда иштеген аял, эркектерге тренинг өткөрүлүп турса деген сунушун айтты.

- Ата-энелер деле балам эл катары окусун, билим алсын деп ойлойт. Бирок эртең менен базарга кетебиз, кечинде келип курсакты тойгозобуз да жатып калабыз. Балдардын билими менен алектенгенге да убакыт жок. Анын үстүнө маалыматтан артта калып жатабыз, ой жүгүртүүбүз деле азырак болуп калды. Ошондуктан базарда иштеген ата-энелерге окуулар өткөрүлүп, билимдин маанисин түшүндүрүп тренинг өткөрүп турса жакын болот эле.

Адистер балдарды мектепке тартуу үчүн жагымдүү чөйрө түзүү зарылдыгын белгилеп келишет. Бул жерде окуусун үзгүлтүккө учураткан балдарга жакшы мамиледе болуп, окууга тартуу, сабакты кызыктуу кылып өтүү жана окуучулардын бири-бирине болгон мамилесин, байланышты жакшыртууга мугалимдердин салымы чоң экенин белгилешет.

“Келечек” жаңы конушундагы №87 орто мектептин физика мугалими Айдарова Жанара да ар кандай себептерден мектепке барбай калган балдарды окууга тартууга өз салымын кошуп келет:

- Көчө балдарын окутууга түрдүү методдорду колдонобуз. Стимул кылуучу бааларды коюп, жакшы окушуна, башка окуучулар менен да жакшы мамиледе болуусуна аракет кылабыз. Китептер да ушул балдарга биринчи берилет.

Балдарды коргоо борборунун иликтөөсү боюнча жаңы конуштарда жашагандардын 70 пайызы эч жерде катталган эмес. Ошентсе да, аталган борбор документ жагынын айрымдарга жардам берип, быйылкы окуу жылында 120 баланы мектепке киргизген.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда мектеп жашындагы бир миллиондой бала бар. Жылына өлкөдө мектепти жүз миңге чукул өспүрүм аяктаса, ошончо бала билим босогосун аттайт. БУУнун Балдарды коргоо корунун Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен жүргүзгөн иликтөөсүндө өлкө боюнча элүү миңге чукул бала мектепке барбаганы ачыкталды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG