Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Ошто студенттер митингге чыкты


ОшМУнун миңге чукул студенти нааразылык акциясына чыгып, окуу жай жетекчилигинен окуу үчүн келишим акыны жана жатакана баасын төмөндөтүү талабын коюшту.

Окуу жай алдына чогулган студенттер «Студенттер алданбайт», «Талаптар аткарылбаса, ректор кетсин» сыяктуу ондогон плакаттарды көтөрүп турушту. Алар ОшМУ жетекчилиги министрликтин буйругусуз эле келишим акыны жыл санап кымбаттатып жатканын, аталган окуу жайда башка ЖОЖдорго салыштырмалуу жатакана баасы да эки эсе жогору экенине даттанышты.

Филология факультетинде 4-курста билим алып жаткан Эрнис Нурматов «Азаттыка» буларды айтты:

- Жыл сайын өздөрү каалагандай кошо берсе, окууну бүткөнчө эмне отуз миң сом төлөйбүзбү? Анча акчаны биздин ата-энебиз төлөй албайт! Окуу акыны тез аранын ичинде арзандатсын, акчабызды кайрып беришсин! Жатаканаларда болсо таптакыр шарттар жок, баасы болсо төрт миң сом. Ал суммага биз батирге да жашасак болот. Эмне үчүн мындай, студенттер эмне жетекчилер үчүн малбы?

Окутуучулар, декандар, проректорлор баш болуп студенттерди таратууга аракет жасаганына карабай, миңге чукул студент мына ушинтип «Келишим акы арзандасын!» ураанын кыйкырып турушту. Митингге чогулгандар, окуу жай жетекчилигинин имаратка кирип сүйлөшүү сунушунан да баш тартып, аларды колдоп чыкчу миндеген студенттер ар кайсы факультеттерде камалып турганын айтышты.

Алар койгон талаптарына жооп алыш үчүн ректор Орозбековдун сыртка чыгышын талап кылышты. Студенттердин алдына чыгууга аргасыз болгон окуу жай жетекчиси Муктар Орозбеков, бүгүндөн тарта жатакана үчүн жашоо акысы 4 мин сомдон 3 миң сомго арзандай тургандыгын айтып, жакынкы күндөрү окуу үчүн келишим бааны да төмөндөтүп берүүгө убада берди:

- Келишим акынын баасын мындан да төмөндөтүп берүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Жардам беребиз. Жатакана баасы да мин сомго арзандайт, ашыкча акчаңарды кайтарып беребиз. Акчаңарды кассадан аласыңар.

Бирок ректордун убадасына ишеним артпаган студенттер алардын өкүлдөрүнө да микрофон берүүнү талап кылышып, окуу жай жетекчилигинен бир канча көйгөйлөрдү чечип берүүнү сунушташты.

Адылбек: - Карагылачы, бизге микрофон бербей жатат. Микрофон сурасак, балдарды буйруп, бизди ур-соккуга алууга даярданып жатышат.

Миргүл: -Урматтуу студенттер, керек болсо, 50 сомдук зачеттук китепчени бизге 100 сомдон сатып жатышат! Бул эмне деген көрүнүш!

Эрнис: - Достор, өз укугунарды коргоп чыкканынар үчүн рахмат! Бизди ректорат малга эле теңеп жатат го!

Сөзгө чыккан жаштардын көтөргөн маселелери чогулагандардан катуу колдоо таап, кыйкырык сүрөөндөр менен коштолуп жатты. Ал эмес, нааразылык акциясына чыккандарга, алардын укугун коргоо максатында түзүлгөн окуу жайдын акыйкатчы аппараты да кошулуп, университет жетекчилигин талаптарды эртерээк аткарууга чакырды.

Митингге чыккан студенттер «Азаттыка» билдиришкендей, аларга окутуучулары тараптан «окуудан кетесиң», «эртең сүйлөшөм» деген ачык коркутуулар башталды. Бирок ошого карабастан митинг уюштуруучулардын акыркы чечимине ылайык, эгерде ректорат бир жума аралыгында окуу акысын төмөндөтүп, жатаканалардагы шарттарды ондобосо, анда алар мындан да көп сандагы студенттердин катышуусунда нааразылык иш-чараларын уюштуруп, сабактарга катышуудан баш тартып, ачкачылык жарыялоого чейин барышаарын маалымдашты.

Окуу жай жетекчиси Муктар Орозбеков митингде убада кылгандай, келишим акынын баасын төмөндөтүү чечимин чыгарбаса, анда бир жумадан соң кайрадан «Ректор кетсин!» урааны менен студенттер көчө чыгышаарын билдиришти.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG