Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:07

Тиллерсон террорчуларга каршы аракетти күчөтүүгө чакырды


Рекс Тиллерсон
Рекс Тиллерсон

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон "Ислам мамлекети" террордук уюмуна каршы эл аралык коалициянын мүчөлөрүн согушкерлерге каршы аракеттерин күчөтүүгө үндөдү. Мамкатчы антитеррордук коалиция министрлеринин Вашингтондо өтүп жаткан жолугушуусунда ал топту жок кылуу жаңы администрациясынын Жакынкы Чыгыштагы негизги максаты болгонун айтты.

68 өлкөнүн катышуусундагы мындай жыйын 2014-жылдан бери биринчи жолу өтүүдө. Экстремисттик уюм Ирак менен Сириянын ири аймактарын үч жыл мурун басып алган. Бирок былтыртан бери ири жоготууларга учурап жатат.

Тиллерсон Вашингтон "Ислам мамлекети" жана "Ал-Кайида" террор уюмдарына каршы күрөштүн эмки баскычында качкындардын үйлөрүнө кайтуусун камсыздоо үчүн “убактылуу коопсуздук тилкелерин” түзүүнү пландап жатканын билдирди.

АКШ тышкы мекемесинин жетекчиси Ирак менен Сириядагы экстремисттердин катарын толуктаган чет өлкөлүк согушкерлердин саны өткөн жылы кескин азайганын белгиледи.

XS
SM
MD
LG