Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:00

Азыркы өлкө башчысы жана президентикке талапкер Курманбек Бакиев 14-июлда Араван, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун шайлоочулары менен жолугушту. Өз сөзүндө Кыргызстан жетекчиси 23-июлда кайра шайланып калса, толук беш жыл иштеп, андан кийинки мөөнөткө барбай тургандыгын жарыялап, оппозициянын үй-бүлөлүк башкарууга ыктады деген дооматын четке какты.

Учурда өлкө башчысы жана президентикке талапкер Курманбек Бакиев Ош облусунун шайлоочулары менен жолугушканда республика акыркы эки жылда өнүгүү жолуна түшкөндүгүн, аны менен тышкы саясатта а түгүл Америка Кошмо штаттары өңдөнгөн чоң державалар теңата сүйлөшкөнгө мажбур болуп жатышкандыгын билдирди. Ошого улай оппозициянын «азыркы Ажо үй-бүлөлүк башкарууга ыктады» деген кебин четке какты.

-Үйбүлөлүк башкаруу деген Акаевдин мезгилинен бери келатат. Кудай колдоп сиздер ишенич көрсөтсөңүздөр, экинчи мөөнөткө шайласаңыздар, мөөнөтү бүткөндө кетем. Менин аялымды көрүп атасыздарбы бир жерден, мамлекеттик ишке, же саясатка же кадрга аралашпаса, Татьяна Васильевна. Эки уулум бар. Бирөө КГБда иштегенине 17 жыл болуп кетти. Кичүүсү Максим, анын бизнеси эл аралык деңгээлге чыгып кеткен.

Курманбек Бакиев Кыргызстан кен-байлыктары жана айыл чарбасы аркылуу гана гүлдөбөстөн, заман шартына ылайыкташып, жакынкы жылдарда электрондук өлкөгө да айланаарын жарыялады.

Кара-Суу аймактык ардагерлер Кеңешинин төрагасы Абдиваит Тажибаевдин сөзүнө караганда, Курманбек Бакиевдин президенттик мезгилинде элдин жашоо-шарты айтаарлык оңолуп, айрыкча кары-картаңдардын пенсиясы дээрлик үч эсе өскөндүгү байкалууда. Ошондуктан райондун шайлоочулары бир кишидей өлкөнүн азыркы башчысына добуш берээрин ачыктады.

Ал эми аравандык дыйкан Закир Исаков Курманбек Бакиевдин агрардык тармакты көтөрүп, айыл чарба продукцияларын мамлекет өзү сатып алуусуна шарт жаратам деген демилгесин кубаттады.

Оппозициянын жергиликтүү өкүлдөрүнүн баамында, он миңдеген элдин күнгө какталып ушинтип президент Курманбек Бакиевди тосуп жана узатышы бардык райондордо даярдалган сценарий менен жүргөндүгү административдик ресурстардын бир гана талапкердин пайдасына ачык иштеп жаткандыгын айгинелеп турат.

Мындай пикир күткөн оппозициячыл «Ата Мекен» партиясынын Ош облустук төрагасы Төлөгөн Келдибаевдин айтымында, Курманбек Бакиев президентикке кайрадан шайланып калса, БЭКтин бирдиктүү талапкери, мурдагы премьер-министр Алмазбек Атамбаевге окшогон иштерман лидерлер бийликке жолотулбайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG