Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Украина шайлоосу кыргызстандыктардын көз карашында


Бишкекте добуш беришкен украин жарандарынын бир тобу
Бишкекте добуш беришкен украин жарандарынын бир тобу

Украинадагы президенттик шайлоодо кайсы талапкердин ташы өөдө кулайт деген суроо кыргызстандыктардын да бүйүрүн кызытууда. Кыргызстандык айрым талдоочуларда эки талдоочунун тирешүүсү үчүнчү айлампаны шарттайт деген көз караш да болуп жатышат. Бул аралыкта Бишкекте шайлоого катышкан украиналыктардын 81 пайызы Виктор Януковичке добуш бергени такталды.

Украинадагы президенттик шайлоонун болжолдуу тыянагы чыгаарга жакын калганы менен, шайлоонун жыйынтыгын расмий жарыялоо мөөнөтү дагы бир топ убакытка созулушу мүмкүн. Украинанын Кыргызстандагы элчиси Иван Бунечконун айтымында “Украинанын БШКсы "бар" же "жок" деген акыркы расмий тыянагын берүүгө он күн чектелген.

Ага кошумча участоктор боюнча соттордон ар кандай чечимдер болушу мүмкүн”.Украинадагы президенттик шайлоодо кайсы талапкердин ташы өөдө кулайт деген суроо кыргызстандыктардын да бүйүрүн кызытууда. Кыргызстандык айрым талдоочуларда эки талдоочунун тирешүүсү үчүнчү айлампаны шарттайт деген көз караш да болуп жатышат. Бул аралыкта Бишкекте шайлоого катышкан украиналыктардын 81 пайызы Виктор Януковичке добуш бергени такталды.

Бул аралыкта дүйнөдөгү бардык башка байкоочулар сыяктуу эле кыргызстандыктар да саргылт ыңкылаптын мекенинде жүрүп жаткан шайлоону кылдат акмалап турушат.

Талдоочу Марс Сариевдин көз карашында эки талапкердин – Юля Тимошенко менен Виктор Янукович топтогон добуштарда айырмачылыктын өтө аз болуп калышы учурда опурталдуу жагдайды түзүп турат:

- Кырдаал начарлап кетиши мүмкүн. Себеби экөөнүн айырмасы өтө аз болуп атпайбы. Менимче үчүнчү айлампа болбосо кырдаал күчөп кетет. Үчүнчү айлампа болсо кырдаал оңураак болот.

Ал эми БШКнын мурдагы мүчөсү Акылбек Сариев Украинада шайлоо алдында кабыл алынган мыйзам эки талапкердин биринин утулушун шарттайт:

- Шайлоонун алдында Жогорку Радасы шайлоо комиссиясынын курамындагы квота боюнча мыйзам кабыл алып бербедиби. Эгер мындай өзгөрүү болбогондо шайлоо жыйынтыгы чыкпай калышы мүмкүн эле. Азыркы шартта 50=50гө жол берилбейт, менимче бирөө уттурат го.

Кыргызстандык байкоочулардын катарында журналист Султан Каназаров талапкер Виктор Януковичтин кичи мекени Донецк аймагында добуш берүүгө байкоо жүргүздү. Байкоочуну Украинадагы президенттик шайлоонун жыйынтыктары нааразылык акцияларын күчөтүп, 2004-жылкы саргылт ыңкылаптын деңгээлине чыгарат деген көз караш ынандырган жери жок. Мунун себебин Каназаров элде саясий активдүүлүктүн төмөндүгү менен негиздеди:

Султан Каназаров
- Саясий активдүүлүк төмөндөдү. Саясий активдүү адамдар ошолордун каршылыктарынан, күч-аракеттеринен кандайдыр бир позитивдүү жыйынтык болобу деп чыгып жүрүшкөн. Бирок бийликтегилер менен алардын оппоненттеринин ортосундагы күрөштүн жыйынтыгында жөнөкөй адамдардын жашоосу оңолбой жатканы андан кийинки шайлоонун тынч өткөнүнө өбөлгө түзүүдө. Азыркы Украинадагы шайлоо өтө тынч өттү десек болот.

Анткен менен “Азаттык” сурамжылаган жергиликтүү талдоочулар Украинадагы президенттик шайлоонун расмий жыйынтыкталганга чейин кандайдыр бир бүтүм чыгаруу эртелик кыларын белгилешти. Талдоочу Марс Сариев Кыргызстанда президенттик шайлоонун жыйынтыгын алдын ала боолгоого болот, ал эми демократиялык баалуулуктарга басым жасап, мыйзамдарга баш ийген Украинада жеңүүчүнү алдын ала аныктоо мүмкүнчүлүгү чектелүү дейт.

Бул аралыкта Украинанын Кыргызстандагы элчилиги Бишкектеги добуш берүүнүн жыйынтыктарын жарыя кылды. Ага ылайык уюштурулган добуш берүүгө украиналык 122 жаран катышты. Алардын ичинен Орусияга ыктаган талапкер саналган Виктор Януковичке 98 шайлоочу, ал эми Батышка артыкчылык берген талапкер Юля Тимошенкого 20 шайлоочу добуш беришкен.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG