Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:12

“МЕН ИШЕНБЕЙМ” КЫЙМЫЛЫНЫН МҮЧӨЛӨРҮНҮН УКУКТАРЫ КОРГОЛОТ


Айгүл Жунушалиева, Бишкек Кечээ, 16-сентябрда Акыйкатчы институтунун алдындагы жаштардын жана студенттердин укуктарын коргоо боюнча кеңешмеси “Мен ишенбейм” акциясынын катышууучуларын камакка алгандар жоопко тартылуусу керек деген сунуш менен чыгышты. Кеңешме мүчөлөрүнүн пикиринде, мындай демилге жаштарга карата репрессиялардын мындар ары кайталанбашы үчүн көтөрүлүүдө. Демилгени Акыйкатчы Турсунбек Акун дагы колдоорун билдирди.

“Мен ишенбейм” кыймылынын мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо демилегесин Акыйкатчы институтунун алдындагы жаштардын жана студенттердин укуктарын коргоо боюнча кеңешме кечээ Акыйкатчы Турсунбек Акун менен жолугушуу учурунда көтөрүп чыкты.

Кеңешме жетекчиси Тимур Шайхутдиновдун айтымында, аталган кыймыл мүчөлөрүн камоого буйрук бергендердин жана аларды жазага тарткандардын ысымдарын коомчулук билиши керек:

- “Мен ишенбейм” кыймылынын мүчөлөрү бир нече жолу чакан пикеттерди өткөрүшкөн. Бирок муну менен алар эч кандай мыйзам бузууга барышкан эмес.

Ошол маалдагы Бишкек шаардык кеңешинин нааразылык акцияларын чектеген токтому Баш мыйзамга кайчы келген. Жакында эле аны Конституциялык сот жокко чыгарды. Демек, аларды кармоого буйрук бергендер, аларды кармаган милиция, соттогон соттор жаза алышы керек.


Т. Шайхутдиновдун айтымында, жаш активисттерди камагандарды аныктап, аларды жоопко тартуунун максаты - жаштарга карата репрессиялык аракеттерди токтотуу.

Кеңешменин мындай демилгесин Акыйкатчы Турсунбек Акун толугу менен колдоорун “Азаттыкка” билдирди:

- Ооба, мен жаштардын демилгесин толугу менен колдодум.”Мен ишенбейм” кыймылынынын мүчөлөрү мыйзамсыз эле түрдө кармалып, административдик жазага тартылышкан. Ушул тапта биз бул маселе боюнча мониторинг жүргүзүп, керектүү иш-аракеттерди көрүп жатабыз. Бул иштер жыйынтыкталган соң мамлекет башчы, өкмөт жана башка тиешелүү органдарга ушул маселе боюнча кат жолдойбуз.

“Мен ишенбейм” кыймылы былтыр парламентик шайлоонун жыйынтыгына нааразыланган жаштар тарабынан түзүлгөн. Андан бери кыймыл мүчөлөрү онго чукул ар кыл акцияларды өткөрүшкөн. Нааразычылык иш-чарасына чыккан жаштарды дээрлик баардык учурда милиция кармап кетип, алардын көбү бир нече күнгө камакка алынып, бир канча жолу административдик жоопко тартылышкан эле.

Жаш юрист Асел Токтобекованын айтымында, кеңешменин жаш активисттердин укугун коргоо демилгесинен эч кандай деле майнап чыкпайт:

- Ошол кезде Бишкек шаардык кеңешинин нааразылык акцияларды чектеген токтому күчүндө эле, туурабы? Жаш активисттерди кармаган милиция кызматкерлери, аларды соттогон соттор ошол токтомдун негизинде өз иштерин аткарышты да. Айрымдар ал токтом Конституцияга дал келбейт деп чырылдаганы менен, өйдө жактагылар “ ушул токтом боюнча иштейсиңер” деп койсо алар эмне дешмек? Бул жерде токтом боюнча иштегендерди эмес, баш мыйзамга кайчы келген токтомду иштеп чыккандарды жазага тартуу оң болмок.

“Мен ишенбейм” кыймылынын активдүү мүчөсү, “Ата-Мекен” партиясынын жаш канатын жетектеген Жоомарт Сапарбаев дагы сөз болуп жаткан демилге жыйынтык беррээрине көзү жетпегендердин бири. Анын айтымында, кеңешме көтөрүп чыккан маселеден майнап чыгаарын күтүү жөн гана куру кыялга алдануу:

- Менимче мындан эч кандай жыйынтык чыкпайт. Албетте, жакшы маселе көтөрүлүп жатат, бирок бизди камакка алуу саясий иш болгон. Мыйзам денгээлиндеги чечим эмес, саясий денгээлдеги чечим болгон. Андыктан бул ишке мыйзам чегинде, акыйкат чечим чыгарууга жол берилбейт болуш керек. Мен муну бөркүмдөй эле көрүп турам.

Дегени менен Акыйкатчы институтунун алдындагы жаштардын жана студенттердин укуктарын коргоо боюнча кеңешмеси сөз болуп жаткан маселени аягына чейин жеткирүүнү көксөп турат. Т.Шайхутдиновдун айтымында, ушул тапта “Мен ишенбейм” кыймылынын бир топ мүчөлөрү жергиликтүү жана шаардык кеңешке депутаттыка талапкерлигин көрсөтүп жаткандыктан, алар үчүн үгүт иштерин жасагандай болбой, шайлоонун бүтүшүн күтүп туруу зарыл. Шайлоо жыйынтыкталган соң кыймыл мүчөлөрү менен жолугушуу, иликтөө жүргүзүү иштери башталат.

XS
SM
MD
LG