Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:03

Президенттик шайлоо өнөктүгү башталды


Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоо өнөктүгү башталганын жарыялады. Жогорку Кеңеш жума күнү Конституциялык Соттун чечиминин негизинде президенттик шайлоону 23-июлга белгиледи.

- Бүгүнтөн баштап, талапкерлерди сунуштоого, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн шайлоого, кол топтоого киришсе болот. Мунун баары биринчи этапта жасала турган жумуш, - дейт БШКнын төрагасы Дамир Лисовский.

Президент болом деген талапкер элүү минден кем эмес кол топтоого тийиш жана мамлекеттик тил боюнча сынактан өтөт.

БШК 21-марттагы жыйынында президенттик шайлоого даярдык көрүү боюнча тогуз бөлүктөн турган календардык иш планды бекитти. Жер-жерлерде шайлоо комиссияларын түзүү, талапкерлер топтогон кол тамгаларды кабыл алуу, текшерүү жана талапкерлердин ишенимдүү өкүлдөрү менен иштей турган жумушчу топтор жөнүндөгү жоболорду кабыл алды.

"БШКнын коомдук кабылдалмасы", "Массалык маалымат каражаттарын аккредитациялоонун тартиби" жана "Автоматташтырылган мамлекеттик "Шайлоо" системасын уюштуруу" тууралуу жоболорду кабыл алып, жумушчу топторунун тутумун бекитти.

Борбордук шайлоо комиссиянын эсептешинче, президенттик шайлоо өткөрүү үчүн 172 миллион сомдон ашык каражат жумшалмакчы.

Кыргызстанда келерки президенттик шайлоо 23-июлда өтөт. “Ак жол” партиясы бул шайлоого Курманбек Бакиевдин талапкерлигин сунушташарын жарыялаган. Оппозиция президенттик шайлоо боюнча жыйынга майрамдардан кийин чогулганы жатат.

XS
SM
MD
LG