Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:02

Президенттикке талапкер Курманбек Бакиев 29-июнда Баткен шаарында шайлоочулар менен жолугушту. Жыйын алдын-ала даярдалган сценарий боюнча өтүп, жергиликтүү бийликтин ашыра даярданганы өлкө жетекчисине анча жага бербеди. Жолугушууда аксакалдардан, жаштардан, аялдардын өкүлдөрү сүйлөп, баары жалаң ыраазычылык айтып, 147 пайыз добуш беребиз дегендер да болду.

Президенттикке талапкер Курманбек Бакиевдин Баткен шаарындагы шайлоочулар менен жолугушуусу үчүн жергиликтүү бийлик эртең менен саат жетиден баштап, ураан чакырыктарды ким кай жерде көтөрөт деп, даярдыкты жакшы эле жасады. Ал эми өлкө жетекчиси жыйынды баштап жатып эле ураандарын кереги жок экендигин эскертип алдырып салды.

Андан ары Курманбек Бакиев өлкөдөгү акыркы жетишкендиктерге токтолуп, өлкөдө дагы деле коррупция кээ бир тармакта күч экенин айтты.

- Ошол жанагы салык кызматы менен бажыдагы коррупциянын бир топ кыскарганынан мына каражаттар түшүп жатат. Бирок азыр деле бар, мен билем мисалы үчүн билим берүү тармагында, укук коргоо, сот тармагында башка жактарда дагы деле бар. Бирок эми бул коррупция менен жалпы коомчулук күрөшүү керек.

Мындан тышкары укук коргоо тармактарында реформалар башталаарына да токтолду.

- Укук коргоо органында, сот жаатында реформалар башталат. Мен ойлойм, мына илгертен калган “Аксакалдар сотун” биз жакшырак иштете албай жатабыз. Айылдарда майда-чүйдө болгон кылмышты иш козгоп камай бербей аксакалдар сотуна беришибиз керек.

Ал эми жыйынга сүйлөө үчүн келгендердин дээрлик баары Курманбек Бакиевге ыраазычылык айтып, 147 пайыз добуш берели, Түркмөнбашыдай өмүр бою өлкөнү башкарсын деген аксакалдар да болду.

Мындай жыйынды Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Зайирбек Саипов болсо жергиликтүү бийликтин кошоматчылыкты ашыра аткаргандыгын, жыйналгандардын көпчүлүгү мамлекеттик ишканада иштегендер экенин, ушу жыйын деп түшкө чейин шаарда суу да чыкпай калганын айтат.

- Ар бир айыл өкмөттөрү 200-300дөн кишилерди алып келишти. Көпчүлүгү даярдалган кошоматчыларын дүжүрлөрүн алып келишип, суроо бербей, отура тургандар да болду. Жергиликтүү бийлик Баткенде көйгөйлөр жок, биз сизди колдойбуз деген түр көрсөткүсү келди. Бир да көйгөйлүү суроолор берилген жок. Түшкө чейин көпчүлүк ишканалар иштебей, күн сайын чыгып турчу суу да чыкпай калды ушу күнү.

Ал эми шайлоо өткөрүү боюнча талапкер Курманбек Бакиевдин Баткен шаардык штабынын башчысы Адыбек Набиев болсо, эл жүрөгүндөгүсүн айтты, эч ким эч нерсе уюштурган жок дейт:

- Баткен үчүн болуп көрбөгөндөй жыйын болду. Элдин да, Курманбек Салиевичтин да маанайы жакшы. Бул жерде уюштуруу мүмкүн эмес. Элдин маанайынан эле көрүнүп турат кандай келгени. Кандай сөз айтышты? Дилиндеги болгон каалоолорун айтышты да.

Үгүт иштерин жүргүзүү үчүн талапкерлерден буга чейин Баткенге Темир Сариев, Алмазбек Атамбаев жолугушуу өткөрүп, 100-200дөн ашык шайлоочу топтой алган эмес болчу, ал эми Курманбек Бакиев менен жолугуу үчүн жергиликтүү бийлик 5 миңден ашун адам жыйналды десе, байкоочулар 2,5 миңдей эл чогулганын айтышууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG