Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:15

Талапкерлердин Оштогу жолугушуусу кайым айтышуу менен коштолду


Президентикке талапкерлердин айрымдарынын жана алардын өкүлдөрүнүн түштүк баш калаасынын шайлоочулары менен жолугушуусу кайым айтышуу мүнөзүндө жүрдү. Азыркы өлкө башчысынын тарапкерлери жетишилген ийгиликтерди көрбөй жаткандарды сокур деп атаса, оппозициялык маанайды тутунгандар жаңы лидер шайланмайынча, жашоо оңолбойт деген пикирлерин ачыкташты.

Борбордук шайлоо комиссиясы уюштурган жолугушууга талапкерлерден Нурлан Мотуев, Токтайым Үмөталиева, ал эми атаандаштар Алмазбек Атамбаевдин, Курманбек Бакиевдин өкүлдөрү катышты. Жыйынды башкарган Ош шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Мухтар Пайзилдаев маалымдашынча, талапкерлер Темир Сариевге, Жеңишбек Назаралиевге кабар жетсе да, кездешүүгө келген жок.

Президентикке талапкер Токтайым Үмөталиева өлкөдө жарандардын, айрыкча аялдардык укугу көбүрөөк басмырланып жаткандыгын ашкереледи.

- Ар бир энеге 10 000 сомдон каражат бере алганга мамлекеттин мүмкүнчүлүгү бар. Бир жылда эң ашса 300 000 бала төрөлөт экен, 300 000 балага 10 000 сомдон төлөсө 30 миллион сом болот экен да. Бул жети-сегиз депутаттардын чет өлкөгө барып келгенге кеткен чыгымы. Биз бул мыйзамды кабыл алсак, биздин апалар, кыздар көз каранды болуп көрүнгөн чиновниктин бутуна жыгылбайт.

Ушинткен Токтайым Үмөталиеванын пикиринче, бийликке жалаң кесипкөйлөрдү тартканда гана жемекейлер тыйылып, мамлекет жакынкы жылдарда ар тараптан өнүгөөрүнө ишеним чоң.
Анткен менен дагы бир талапкер Нурлан Мотуев 2005-жылдагы март ыңкылабынан кийин өлкөдө коррупция гүлдөп, Курманбек Бакиев үй-бүлөлүк башкаруунун барымтасында калды деген кептерди четке какты.

- Алтыныбыз боюнча дүйнөдө 10 мамлекеттин катарында экенбиз. Көмүр боюнча дүйнөдө Россиянын Кузбасынан кийин 2-орунда экенбиз, электр энергиясы Кыргызстан элине бекер болот, ысык суу, муздак суу, сугат сууну бекер кылам. Он беш жылдан кийин буюрса АКШнын деңгээли деп айта албайм бирок, Малазиядай, болбоду дегенде Кытайдай жашап калышыбыз керек.

Мындан тышкары Нурлан Мотуев атаандашы Бакиев борпоңдук кылып жаткандыгын белгилеп, режимди катуулатмайынча Батыштан жайылган чаржайыт демократия эртедир-кечтир өлкөнү саясий кризиске кептээрин эскертти.

Талапкер Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Алымбай Кадыров Конституциялык реформа жасамайынча, бийлик бутактарынын көз карандылыгы же тирешүүсү өнүгүүгө жолтоо болоорун билдирди.

- Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда президент эки мөөнөт эмес, беш жыл иштесе жетишет экен деп атат. Президенттин ыйгарым укуктарын кескин түрдө кыскартып премерь-министрге, парламентке башка дагы башкаруу органдарына бөлүп берем деп атат.

Ушундай деген Алымбай Кадыров стратегиялык мааниге ээ жайларды менчиктештирүүгө чукул арада тыюу салынбаса, мамлекет кирешелүү тармактардан кол жууп калаарын бышыктады.

Президент жана талапкер Курманбек Бакиевдин ыйгарымдуу өкүлү Кубаныч Исаков өлкөдө конституциялык реформа 2007-жылы жаңы парламентти шайлоо, өкмөттү түзүү аркылуу жүзөгө ашырылгандыгын эске салды.

- Оппозициялык күчтөр албетте бийликке көптөгөн талаптарды коюп атат биринчи талап болуп аткан ошол эле конституциялык реформа өзүнүн аягына чыкты деп ойлойбуз.

Кубаныч Исаков Кыргызстандагы акыркы ийгиликтерди көрбөй жаткандарды сокур деп атады.

- Чет элдик инвистиция тартуу жагы дагы жакшырып 653,2 миллион АКШ доллары кыргыз экономикасына тартылды. 2008-жылы Кыргызстан дүйнөдөгү активдүү реформачыл өлкөлөрдүн катарына кирип, мурда ээлеген 99-орундан 68-орунга жылды.

Ошентсе да, жергиликтүү талдоочулар президентикке талапкерлер жана алардын өкүлдөрү шайлоочулар менен жолугушуу учурунда кайым айтышуу, бири-бирин жүйөөсүз сындоо деңгээлинен көтөрүлө албай жатышканын белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG