Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:34

Айылдыктардын президенттик шайлоодон күткөнү - калыстык


Кыргызстандын коомчулугунун бүйүрүн кызытып турган алдыдагы президенттик шайлоо жана ага даярдыктар “Азаттыктын” айыл жеринде уюштурган “Тегерек үстөл” талкуусунда да козголду. Талкуу Кочкор жана Жумгал райондорунун малчылары жайлаган Кызарт жайлоосунда уюштурулду. Ага Жумгал районунун Доскул айылынын, Кочкор районунун Чекилдек айылынын тургундары катышты.

“Азаттык”: - Урматтуу биздин маектин катышуучулары, мына азыр президенттик шайлоого кызуу даярдыктар жүрүп, жарышка алты талапкер түшүп жатат. Шайлоону уюштуруп жаткан Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо таза, калыс өтөт деп жатат. Ал эми оппоцизиянын талапкерлери анын калыс болорунан шек санап, азыркы президент Курманбек Бакиевдин жеңиши үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатат деп жатышат. Мунун чындыгы барбы жана шайлоо калыс өтөт деп ишенип турасыздарбы?

К. Шаимкулов:-Таза шайлоо болбойт.

Б. Жаналиев: - Кимиси акчаны көп берсе, ошону шайлайбыз. Бербесе шайлабайбыз.

Т. Кадыркулова: - Шайлоо жасалма да, жасалма. Мисалы өткөндөгү шайлоодо Текебаевдин партиясын шайладык. Аягында анын партиясы илинбей эле калбадыбы! Шайлоо жасалма!

К. Шаимкулов: - Айыл өкмөт жана шайлоо комиссиясынын баары эле бир талапкер үчүн иштеп атпайбы, анан кантип калыс болот? Берилген добуштарды керектүү жакка эле буруп коюп жатышпайбы!

А. Түнкатарова: - Биздеги комиссиянын мүчөсүнө мен элдин атынан шайлангам. Жакында мени тизмеден алып салып, менин ордума айыл өкмөтү өзүнө жакын санаалашын коюп койду.

Т.Кадыркулова: - Ооба, так ушундай болуп жатат. Мына элдин эле сөзү, биз айылда жатып угабыз да. Азыр университеттердин окутуучуларынын баары айылга келип, жардамыбыз тиет, Бакиевди колдогула деп жүрүшөт.

“Азаттык”: - Азыр талапкерлердин бири Алмазбек Атамбаев башкы маселе - берилген добуштарды сактап калуу деп айтып жатат. Мисалы үчүн сиз Атамбаевге же Бакиевге добуш бердим эле, ошол такпы деп коргоп калуу керек деп жатат. Добуштарды коргой аласыңарбы?

Т.Кадыркулова: - Кантип коргойбуз? Добуштарды берип гана коебуз, андан башка эч нерсе кыла албайбыз.

К. Шаимкулов: - Ал үчүн Шайлоо Кодексин өзгөртүп, комиссия мүчөлөрүнүн теңин оппозициядан, теңин “Ак жол” сыяктуу партиядан түзүш керек. Ошондо тең салмак болмок. Азыр комиссиянын мүчөлөрүнүн 70-80 проценти бийлик тараптын адамдары. Анан бюллетень салынган үкөктү төгүп туруп, санаганда эле кимге кандай добуш берилгени билинбей калып жатпайбы!

Б.Жаналиев: - Ооба да!

“Азаттык”: - Берилген бюллетенди кайра төккүлө, добуштардын мынча пайызы Атамбаевге, тигинчеси Бакиевге, Мотуевге мынча киши бериптир деп тактаса болбойбу?

Т.Кадыркулова:- Байкоочуларды босогого коюп, бери жолобогула деп коюп, алыс жерде санашат. Анан кимге кандай добуш берилгени көрүнбөй калып жатпайбы!

Б. Жаналиев: - Ооба, так ошондой болуп жатат. Калыстык деген жок!

“Азаттык”: - Мисалы үчүн ошол убакта сотко кайрылып, добуштардын саналышына ишенбейбиз деп талап кылууга укугуңар бар да?

Б. Жаналиев: - Ооба, укугубуз бар! Аны тактоо үчүн жогор жактан же талапкер болуп жаткан адамдардан өзүнчө топ болуп келип, карап туруш керек. Андай адамдар келген жери жок.

Т. Кадыркулова: - Келген адамдардын баары эле Бакиевди колдогула дейт.

Б. Жаналиев: - Ошон үчүн бардык талапкерлердин өкүлдөрү келип, кимди колдодуңар деп сураш керек. Мисалы үчүн мени атып жиберсе да кимге добуш бергенимди ачык айтам. Аны сураган киши болгон жери жок.

“Азаттык”: - Демек, азыр бийликтин талапкеринин өкүлдөрү келип, башка талапкерлердин өкүлдөрү айылдарда үгүт иштерин жүргүзгөн жери жокпу?

Б. Жаналиев: - Келген жери жок.

Т. Кадыркулова: - Айылда жогорку окуу жайлардын мугалимдери келип, Бакиевге добуш бергиле деп үгүт жүргүзүп жатышат. Калгандары келген жок.

“Азаттык”: - Ал эми жалпы талапкерлер тууралуу телевизордон маалымат алган жеринер жокпу?

К. Шаимкулов: - Телевизордон баарын көрсөткөн жери жок. Анда Бакиев тигил жакта мектеп ачып жатат, бул жакта бала бакча ачып жатат, жолду көрүп жатат деп көрсөтүп жатат. Башка эч ким тууралуу айткан жери жок.

Б.Жаналиев: - Башка эчтеке айтпай жатпайбы...

“Азаттык”: - Силердин оюңарда, талапкерлер өз программа, максаттары тууралуу маалыматты кантип жеткириши керек?

Б. Жаналиев: - Мисалы үчүн, Кочкор районунда баланча күнү чогулуш болот, анда баланча талапкер болот десе, ошол жерге чогулуп барат элек да. Андай чогулуш болгон жок.

“Азаттык”: - Айрым талапкерлер эл менен жолугушууга жергиликтүү бийлик мүмкүнчүлүк бербей жатат деп айтып жатышат. Демек, анын чындыгы барбы?

Б. Жаналиев: - Ошо, бербей жатат.

Т. Кадыркулова: - Чын эле бербей жатат, көргөн жерибиз жок.

“Азаттык”: - Сиздер азыркы президент Бакиев менен башка талапкерлер бирдей укукта үгүт иштерин жүргүзө албай жатат деп атпайсыңарбы. Бирдей шарт түзүү үчүн кандай аракет керек эле, мисалы үчүн БШК, Бакиев тарабынан?

Б. Жаналиев: - Бакиев мындан үч-төрт ай мурун кызматын өткөрүп берип туруп эл катары чыгышы керек болчу. Азыр эмне, бийликти бүт бойдон басып алып, салгыла деп мажбурлап жатат. Мисалы үчүн, өткөндөгү парламенттик шайлоодо “Ак жолго” саласыңар деп бийликтин кишилери кадимкидей элге акча таратышты.

Т. Кадыркулова: - Акча таратты. Анан ар кимисине өң карап таратты. Мисалы менин кайнимдикиндеги ар бир шайлоочуга 100 сомдон бериптир. А биздикине келип 50 сомдон берди.

Б. Жаналиев: - Айрымдарына 20 сомдон берди. Бул жерден да орто жердеги адам пайдаланып калды.Жакындарына 100 сомдон, алысыраактарга 50 сомдон, жөнөкөй адамдарга 20 сомдон берди.

Т. Кадыркулова: - Арак ичкендерге бир бөтөлкө арак эле берип коюшту.

Б. Жаналиев: - Ооба, арагын алдык, ичтик.

Т. Кадыркулова: -Акчасын алдык да “Ата Мекенге” добуш бердик. Биздин айылдын 80 проценти ошол партияга салган. Анан эле “Ак жол” утуп кетти. Эмне болуп утуп кетти билбей эле калдык.

Б. Жаналиев: -Көрдүңүзбү? Бирдеме берип туруп эле өткөрүп жиберди. Бийлик колдо. Бул көрүнүктүү эле иш болуп турбайбы, айланайын!

“Азаттык”: - Азыр эл арасында оппозициянын талапкерлери шайлоочуларга акча берип жатат деген сөздөр бар. Чын эле берип жатышабы?

Т. Кадыркулова: - Жок, жок, акча таратышкан жери жок.

Б. Жаналиев: - Жок, таратканын көргөн жокмун.

“Азаттык”: - Эл бардык талапкерлер менен толук таанышы үчүн үгүт иштери кандай уюштурулса жакшы болор эле?

Б. Жаналиев: - Мисалы үчүн азыр талапкер болуп жаткандар ортого баары чыгыш керек. Бакиевдики мындай, Атамбаевдики мындай деп райондорго чогулуш кылыш керек. Бакиевден башка киши чыккан жери жок.

“Азаттык”: - Демек, азыр Бакиев өтөт, ага бийлик өкүлдөрү толук иштеп жатат деген ойдо турасыздарбы?

Б. Жаналиев: - Ооба, чын, ушундай ойдо турабыз. Канча кылса да үстөмөндүк кылат. Себеби бийлик колдо. Биздин талап аткарылбайт.

К. Шаимкулов: - Чын эле ошондой болот.Таза шайлоо болбойт да!

“Азаттык”: - Анан шайлоонун жыйынтыгына ишенбейбиз деп, чындыкты талап кылганга элдин күчү жетпейби?

Т. Кадыркулова: - Жетпейт, жетпейт.Элдин күчү каяктан жетет?

“Азаттык”: -Эмне үчүн?

Б. Жаналиев: - Канча кылса да бийлик басымдуулук кылып кетет.

Ж. Түнкатарова: - Азыр бюллетендер боолап келип жатпайбы!

Т. Кадыркулова: - Анан алар жасалып жатпайбы!

К. Шаимкулов: - Антип- минткичекти эле БШК жыйынтыгын чыгарып, Бакиев баланча процент добуш алды деп коет. Ага негиз берген добуштарды бул жактагылар жасап коет.

Б. Жаналиев: - Ал үчүн эл кадимкидей талап кылып чыгыш керек да! “Азаттык”-Эл биригип, жыйынтыкка макул эмеспиз деп чыга албайбы?

К. Шаимкулов: - Аны уюштурганга бир лидер керек.

Б. Жаналиев: - Аны көтөргөнгө киши керек.

Т. Кадыркулова: - Ага убакыт да керек.

Б. Жаналиев: - Мисалы үчүн биз чөптө, тоодо жүрөбүз.Атайын барып, комиссиядагылар менен кырылышайын десем малым калат таалада.

К. Шаимкулов: - Анан кышта малын эмне менен багат? Малын карышкыр кырып кетсе же ууру алып кетсе, кышта бала-бакыраны эмне менен багасың? Макул болбой талап кылып жүргөндө оокаты кантет? Эгер мурдагыдай айлык алса, дагы көрөрмүн деп, кимге салсам өзүм билем деп аракет кылмак...

Б. Жаналиев: - Бул шайлоонун азыр кереги жок болчу. Эгер жумуш бүтүп кол бошогондо болсо эл бир чечимге келмек. Азыр кырылышайын десем малым калат талаада.

Т. Кадыркулова:-Азыр баары бир биз барбасак деле күч колдонуп, биздин атыбыздан салып коюшат.

“Азаттык”: -Эми ушундай көрүнүш көнүмүш адат болуп кала береби же эл системаны өзгөртүүгө өзү аракет кылабы?

К. Шаимкулов: - Өзгөртүү кыйын го...Анткени эл азыр байларга, ортозаарларга жана кедейлерге бөлүнүп калбадыбы! Элүү-жүз кою барлар жаным тынч болсо дейт, кедейлерге болсо баары бир. Канча киши бирөөнүн коюн кайтарып жалданып жүрөт. Мына дыйкандар деле эккен эгинин жыйнап алсам дейт, митинг өткөрүп жүрсө оокаты эмне болот?

“Азаттык”: - Демек, азыр бийлик өзүнчө, карапайым эл өзүнчө болуш керек деп, бири-бирибизге тийишпейлик деген маанай күчтүүбү?

К. Шаимкулов:- Жок, жалпы эл нааразы эле. Бирок, каршылык көрсөтүп, митинг кылып жүрсө келечеги эмне болот? Ал үчүн оппозиция күчтүү болуш керек. Оппозиция болсо өз ич ара бөлүнүп жатпайбы! Азыр Атамбаев менен Сариев бөлүнүп кетип калышты.

Б. Жаналиев: -Атамбаев көпүрө болом деп алданып жүрөт...

У. Токтогулов: - Эл ызылдып-ызылдап эле тим болот. Элдин колунан эч нерсе келбейт.Үйдө баатыр жоодо жок болуп жатышат.

Б. Жаналиев: - Ошон үчүн президенттикке талапкерлер өз программасын элге жеткириш керек. Мисалы үчүн Алмаз Атамбаев элге программасын, жол-жобосун түшүндүрүп, алдына кое турган мыйзамын, максатын элге жеткириш керек болчу. Ал мына ушундай иш баштайбыз, завод-фабрика иштетебиз, эл үчүн жасап, силерди ушундай шарттан чыгарабыз деп айтыш керек. Мисалы үчүн мен Атамбаевдин максатын түшүнгөн жерим жок. Ал элди үгүттөсө кыргыз баласы көнгөн адаты менен ат менен эле бара бермек. Ии ушундан бирдеме чыгат турбайбы деп эл ишенмек. Мен азыр алтымыштан аштым. Мага керек болбогон менен келечек үчүн керек. Биздин балдарыбыз, неберелерибиз үчүн керек. Ошон үчүн чыкмакпыз.

“Азаттык”: - Эгер добуштар бурмалана турган болсо, мисалы сиз эмне үчүн анын чындыгына жетүүдөн коркосуз?

Б. Жаналиев: - Мен барып айтканды угабы? Сен өзүң мыйзамдын чегинен чыккан неме экенсиң деп камап салбайбы? Баш көтөргөн кишини жоготконго аракет болуп жатпайбы! Анан кантип сүйлөйм? Ошон үчүн бир киши чыгыш керек. Карапайым элге келиш керек. Мен мисалы үчүн окуган эмесмин, бирок көкүрөгүм менен жакшы жагын сезип турам. Айлаң жок, эмне кыласың? Балдардын келечеги үчүн бир эр азамат туруп берсе эл эмне үчүн колдобойт? Колдойт. Келечек оңолуп кетсе кимге жаман?

“Азаттык”: - Бийликтен басым болгонуна карабай өзүңөр каалаган талапкерге добуш берсеңер жеңишке жетиши мүмкүн да! Эмне үчүн ага ишенбей жатасыздар?

К. Шаимкулов: - Бюллетенди каалаган кишиге салабыз, бирок баары бир тигил жактан аны жасап коюп жатышпайбы...

“Азаттык”: - Шайлоо Кодексине ылайык, шайлоо комиссияларынын мүчөлөгүнө саясий партиялар өз өкүлдөрүн көрсөтүш керек болчу, бирок оппозициячыл партиялар өз ыкшоолугун көрсөттү деп БШК билдирбедиби?

К. Шаимкулов: - Жөн эле ошентип коюшат. Андай болсо мамлекеттик кызматта иштеген бир да адамды комиссияга кошпош керек болчу. Жок дегенде 70 проценти башка партиялардан болсо теңдик болмок. Ал болбогон сөз. Бюллетенди канча салган менен натыйжасы оң чыкпайт. Анан Бакиев бийликке келгенде берген убадасынын бирин да аткара алган жок.

Б. Жаналиев: -Мисалы, кредитти алалы. Акавдин убагында 17 процент менен кредит алганбы. Аягында 14 процентке түшүрөбүз, кредитти өз убагында төлөп турсаңар өз кишиге айланасыңар, жыргатабыз деп чогулуш кылышкан. Азыр аны “Айылбанк” 22 процентке көтөрүп жиберди. Мына бул өкмөттүн иши. Анан кантип өкмөткө ишенебиз.

“Азаттык”: - Демек, сиздердин пикир боюнча азыркы бийлик жүргүзүп жаткан саясаттын жакшы жагы такыр жокпу? Азыр коррупцияга, кылмыштуулукка каршы күрөшүү болуп жатат, айрым алдым-жуттумдар камалып жатат, тең укуктуулукту орнотуу аракети күчөдү деген маалыматтар көп...

У.Токтогулов: - Албетте, ким кылмыш кылса ал жазасын алыш керек. Азыр жылыштар көп. Мисалы мурда армияга ким барчы эле? Армияга карапайым элдин балдары барчу, байлардын балдары барчу эмес.

Т. Кадыркулова: -Азыр деле ошондой!

К. Шаимкулов:
- Азыр байлардын балдары барып жатабы? Алар Улуттук гвардия же башка жакшы жерлерге барып атат.

У. Токтогулов: - Мурда дунгандардын балдары да барчу эмес. Азыр бара башташты. Мурда кылмыш кылса кедейлер гана кесилип, байлар менен чоңдор жаза алчу эмес. Азыр теңдик орной баштады.

Е. Кадыркулова:-
Мисалы мен кедейликтин айынан сенин ботиңкеңди уурдасам мен кесилем. Бийлик өзүнө каршы адамдарды эле камап жатат. Ал эми канча киши буйрук менен өлтүрүлдү? Бири табылган жери жок.

“Азаттык”: - Ал эми мурда бийликте жүргөн кызматкерлердин оппозицияга өтүшүнө, алардын айрымдарынын жазаланышына кандай карайсыздар? Мисалы үчүн казынага зыян келтирди деген Жекшенкулов оппозицияга өткөндөн кийин кылмыш жообуна тартылып жатат?

У. Токтогулов: - Жекшенкулов Акаевдин учурунда эч нерсе көргөн жок беле? Жалгыз эле Бакиевдин убагындагыны көрүп калдыбы? Акаевдин убагында деле ушундай кемчиликтер болгон, бирок унчукпай келген. Качан гана кызматтан кеткенден кийин унчуга баштады.

“Азаттык”: - Ал эми бийликке кандай адам келсе тууган,тааныш кылтагынан чыга алат?

У. Токтогулов: - Тууганчыл бийде ыйман жок дейт. Сиз экөөңүздөр азыр бакылдаган менен эртең башыңызга бакыт конуп, Нарындын губернатору же Жумгал совхозунун айыл өкмөтү болуп калсаңар бүгүнкү сүйлөп жатканыңардын баары унутулат, таптакыр башка пейил күтөсүңөр. Ээ, бул пендечилик да! Кайсы күнү бийлик колуңузга тийсе ошол күнү бирөө келет баламды бул жерге кыпчып койчу деп. Анан кыпчып-кыпчып отуруп, ыйманың кетип жатпайбы! Анан кантип эл үчүн иштейсиң же кадыр-көңүлдү карабай кое аласызбы?

Т. Кадыркулова: - Көңүлдү карабаш керек!

У. Токтогулов: - Карайсың, карабай кое албайсың!

“Азаттык”: - Демек, шайлоодо президент болгон адам кандай болушу зарыл?

Б. Жаналиев: -Бизге таразага салгандай тең салмактагы падыша керек. Болгону ошол.

Талкууну уюштурган Бүбүкан Досалиева

“Азаттык”: - Анда эмесе маегиңиздер үчүн рахмат!

XS
SM
MD
LG