Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:24

Президентикке аттанган А. Атамбаевдин Ысык-Көлдөгү жолгушуусу тоскоолдуктарга карабай үзгүлтүккө учараган жок. Облустун район-шаарларын 4 күн кыдырганда чагымчылар үн күчөткүч менен топтошуп даяр турган менен жергиликтүү эл аларды жолугушуудан сүрүп чыгарды. Түптүктөр Каркыра жайлоосунун кайтарып алуу талаптарын жана 2007-жылы жумуртка менен таш бараңга алынган Бекназаров, Шерниязов жана Текебаев баштаган оппозиция өкүлдөрүнөн кечирим сурашты. Ал эми бийликчил “Ак жол” партиясы менен шайлоо комиссиясы оппозиция талапкери Атамбаевдин бийликке айткан сын сөздөрүн үгүт учурундагы мыйзамсыздык катары баалашты.

Алмазбек Атамбаев Ысык-Көлдөгү эл менен жолугушуусун 3-июль күнү Балыкчы шаарынан баштап, президенттик программасында бийлик системасындагы кардиналдуу өзгөрүүлөрдү жана бийликтин жоопкерчилигин милдеттендирүү , улуттук байлыкты сарамжалдуу пайдалануу сыяктуу мыйзам күчүн калыбына келтирүү багыттарын белгиледи. БЭКтин талапкери Атамабаев өлкө элге эмес бир үй-бүлөгө иштеп атканын да ачыктады:

- Менин ар бир жерде тааныштарым бар, түн жамынып генералдар, өкмөт мүчөлөрү мага келип атат. Чудинову, губернатор-акимдери президенттин туугандарынын кабалдамасында отурат, эмне тапшырма болот деп. Бул эмне деген өкмөт?! Мамлекеттин өлүп баратканы ушу да!

Пенсия өлчөмүнүн 50 пайызы Орусиянын акчасы менен кошулганы, казынадагы акчаны бийликтегилер өздөрү уурдап актаны Камбар-Ата ГЭСин Бакиев эмес өкмөттө турганда өзү баштап ага 300 млн. сом бөлгөнүн белгилеген Атамбаев шайлоодо добуштарды сактап калууга 100 миң киши даяр турганын кошумчалады:

- Шарият боюнча уурулардын колун балта менен чабат. Биздин курултайга шайлоо комиссиясынын мүөсү келгенде бу жолу добушту уурдасаңар эл колуңарды эмес, балта менен башыңарды чапкандай түр менен турат деп эскерттим.

Алмазбек Атамабев анданы ары Чолпон-Ата шаарынын чыга беришиндеги жаңы конушта жолугушуу өткөрүп атканда Бостери айыл өкмөтүнүн кызматкерлери бузуга аракет кылды. Айыл өкмөт З. Үчкурткаев менен орун басары А. Нургазиев даярдалган балдарды чакырган менен көпчүлүк аларды сүрүп чыгарды.
Бостери айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А. Нургазиев


Атамабаев туштүктөн ууланганы боюнча түшүндүрө баштаганда 2 тарап тиреше баштады эле акасакалдар талапкерге бата берип узатып ийди. Айыл өкмөт кызматкерлеринин бул жоругун БЭКтин басма сөз башчысы Ж.Сапарбаев мындайча чечмеледи.

- Менин билишмче, ар бир район жетекчилигине Атамабаевдин жолугушуулары кайсы аймакка өтсө элдер каршы сүйлөш керектигин , болбосо ошол айыл өкмөтү суракка алынаарын эскертиптир. Ошон үчүн Атамбаевге эч ким каршы сүйлөбөй койгондо айыл өкмөттөгүлөр өздөрү чыкты. Бирок ал ойлору ишке ашкан жок. Эл өзү сүрүп чыгарды. Милиция баарына күбө болду.

Жолугушууларга тоскоолдук уюштурулганын жергиликтүү бийлик мойнуна алган жок. “Ак жол” партиясынын Ысык-Көл районундагы башчысы Жапар Амантуров болсо Алмазбек Атамбаев талапкер катары мыйзам бузууга жол берип атат деген ойдо.

- Атамабаев төбөсү көрүнгөндөрдүн бир эле. Оппозиция менен бийликке көпүрө болом деп өзү өкмөттө иштеп бирок аягына чыккан жок. Бийликке акаарат келтирип атат бийликте отурганда эмне оңдогон жок. Кеткенден кийин башкача сүйлөйт.

“Ак жол” партиясынын райондогу башчысы Амантуров Атамбаевдин президентке айткан сындарын үгүт ишиндеги мыйзымсыздык катары баалап, шайлоо комиссиясына кайрылаарын кошумчалады. Бирок райшайкомдун төрайымы Садыбакова эч кимден расмий арыз түшпөгөнүн маалымдады. Түптөгү жолгушуу болсо 31-майда курултай өтпөй калган жерге уюштурулду.

Аты жөнүн айткысы келбеген Миң-Булак айылынын тургуну 500дөй кишинин атынан Каркыра жайлоосунун кайтарып алуу талаптары менен 2007-жылы жумуртка менен таш бараңга алынган Бекназаров, Шерниязов баштаган оппозиция өкүлдөрүнөн кечирим сураган катты Атамабаевге берди. Талапкердин ар бир райондогу жолгушуусуна үн күчөткүч менен атайын чагымчылдар турганы менен алар кетип калып, үзгүлтүккө учураган жок.

Ысык-Көл 2жылдан бери оппозицияны кабыл албай аткан. Бу жолу Атамабаевди эл ушундай шаң менен тосуп алып жатты. Социал-демократтар менен “атамекенчилердин” жана Атамбаевдин “Бириксек колдон келет деген”чакырыгы жазылган кызыл, көк түстөгү желектерин 50гө жакын автоунаа илип алып коштоп жүрдү.

Мына так ушул көрүнүш көпчүлүккө ишенишчтүү таасир калтырганы айтылууда .

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG