Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:23

Темир Сариев баштаган топ куугунтукка кабылды


 Темир Сариев Жалал-Абад шаарында. 7-июль, 2009-жыл.
Темир Сариев Жалал-Абад шаарында. 7-июль, 2009-жыл.

Президенттикке талапкер, “Ак шумкар” саясий партиясынын төрагасына жана анын тобуна кечээ түн ортосунда Таш-Көмүр шаарында жергиликтүү бийлик тарабынан кысым болуп, алар түн ичинде шаарды таштап чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Бул тууралуу талапкердин ишенимдүү өкүлү Уланбек Карыпов “Азаттыктын” таңкы түз обосунда кеп салып берди.

- Уланбек мырза, кененирээк айтып берсеңиз, Таш-Көмүрдөн түн ортосунда чыгып кетүүгө эмне себеп болду?

- Биз кечээ Жалал-Абадда бир нече жоолугушууларды өткөрүп, азыр мына Аксыда эл менен жоолугушуубузду өткөрүп жатбыз. Кечээ жолдо келатып Таш-Көмүрдө бир тааныштардыкында токтоп калды элек, анан ошол жерден кечки саат он бир жарымдар чамасында го, биз баардыгыбыз жатып эс алалы деп аттык эле. Ошол учурда үйдүн ээсине жергиликтүү мериянын, милициянын жана Улуттук коопсуздук кызматынан өкүлдөрү келип коркутуп, “эмнеге сен Сариевди үйүңө киргизесиң, эртең сенде чоң проблемалар болот, бүгүн кетиргиниң”, - деп таза айласын кетирди. Анан биз эми “кел демей бар, кет демей жок” дегендей тигил кишинин коопсуздугун ойлоп, түн ичинде кетүүгө мажбур болдук, кайра-кайра келип шайын оодаргандан.

- Өзүңүздөргө карата кандайдыр бир ачык кысымдар болгон жокпу?

- Үйдү тегеректеп УКМКнын балдары турду, алар “булар кетмейинче биз да бул жактан кетпейбиз” деген талабын коюптур, үйдүн ээсин коркутуп. Бизге жеке эч нерсе айта алышкан жок, бирок биз алар менен барып сүйлөштүк. Аларга Курманбек Бакиев өзү айтып атпайбы таза шайлоо болот, баардыгы тең болсун калыс болсун деп дегендей сөз айттык. Эми бул кыргыздын салтына туура келбеген, чоң уят иш болуп калды. Президент Бакиевдин кичи мекенине келсек бизди ушинтип түнөтпөй чыгып кетүүгө мажбурлаганы эмне деген шумдук. Кыргызда эч качан мындай бологон эмес, конокко келген кишини кубалаган. Анан ушул шаардын мэрине жана тиешелүү кызматтардын башчыларына биз атайын кайрылуу, билдирүү жазалы деп жатабыз. Курманбек Бакиев өзүнүн командасындагы, кол астында иштеген кишелерине бир чара көрбөсө, мындай зөөкүрлүк, мындай ыймансыздык менен шайлоону таза өткөрүүгө такыр мүмкүн эмес.

- Уланбек мырза, рахмат сизге.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG