Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:22

Шайлоодогу “айлампаны" кимдер айлантат?


БШК өкүлдөрү шайлоодо бурмалоолорго жол берилбесин байма-бай айтып келет.
БШК өкүлдөрү шайлоодо бурмалоолорго жол берилбесин байма-бай айтып келет.

Коомчулукта алдыдагы президенттик шайлоо калыс өтөөрүнө эмитен эле күмөн саноолор күч. Бирок БШК бул олуттуу саясий өнкөтүк мыйзам чегинде өтүп, бурмалоого жол берилбесин байма-бай билдирүүдө.

Кыргызстан эгемен болгону президенттик шайлоо болобу, парламенттик шайлоо болобу таза өтпөй, Борбордук шайлоо комиссиясы Ак үйдүн тапшырмасын аткарып, жергиликтүү шайлоо участкаларында шайлоону бурмалоого жол берилип келатканы коомчулукта айтылып келет.

Алдыдагы президенттик шайлоодо дагы азыркы бийлик жеңишке жетиши үчүн шайлоонун жыйынытыгын бурмалоого азыртадан эле даярдык көрүп, айрыкча мектеп мугалимдерин, шайлоо комиссиялардын мүчөлөрүн ар кандай ыкмаларга үйрөтүп жатат, деген маалыматтар бар дейт БЭКтин мүчөсү Болот Шерниязов.

-Мына азыр атайын айтып жатышат, кээ бир комиссия мүчөлөрүнө тырмактарыңарды өстүргүлө дегенге чейин барып жатышыптыр. Алар алдына ручкаларды салып алып, жанагы бүллетендерге дагы бир белги коюп жараксыз кыласыңар дегенге чейин барып жатат дейт. Атайын көчмө “летучий” отряддар түзүлүп атат, эки-үч жерге барып добуш бердире турган. Эми шайлоону бурмалоого толтура ыкмалар бар да.

Болот Шерниязовдун пикирин толук колдогон Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Жеңиш Акматовдун айтымында, буга чейин БШК шайлоолорду бурмалоого жол бербөө үчүн эл аралык, дүйнөлүк тажрыйбанын негизинде бармакка белги коюу эрежесин киргизишкен. “Бул ыкма шайлоодо кошумча бүллетен салууга, бир адамдын шайлоо участкаларына бир нече ирет кирүүсүнө бөгөт болуучу. Азыркы бийлик шайлоону бурмалоо максатында бармакка белги коюу эрежесин алып салды”,-дейт Акматов.

-Азыркы “Ак жол” фракциясынын мүчөсү, айым депутат Динара Молдошеванын демилгеси менен быйылкы жылы февраль айларында
ошол маркировка, кошумча тизме, айдоочунун күбөлүгү деген А.Акаевдин тушундагы "айлампанын"(“каруселдин”) элменттеринин бардыгы Шайлоо кодексине кайра киргизилди. Мынабу шайлоо алдында Шалоо кодексине кайра киргизилгени,балит системанын, балит технологиялардын кайра колдонулат дегенине чоң ишеним берип турат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын каржы жана материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Аманкул Молдалиев эл арасында кошумча бүллетендер колдонулат, шайлоо ар кандай жолдор менен бурмаланат деген айың кептерге негиз жоктугун айтты:

-Бул көчөдөгү эле адамдардын сөзү. Тизме даярдалып жатыптыр, анан эмитеден эле кол койдуруп алыптыр деген сөздөр жалган. Эч бир андай болушу мүмкүн эмес.

Аманкул Молдалиев 23-июлдагы президенттик шайлоо Шайлоо кодексине ылайык, мыйзам чегинде жүрүгүзүлөрүн, шайлоонун жүрүшүнө жүздөн ашуун эл аралык байкоочулар, бардык шайлоо учсаткаларында жергиликтүү байкоочулар көзөмөл кылышарын белгиледи.

Президенттикке талапкерлердин айрым өкүлдөрү Шайлоо кодексинин 2-беренесинин 1-пунктунда “Жарандардын шайлоого катышуусуна же катышпасына, ошондой эле өз эркин ыктыярдуу билдиришине мажбуролоого эч кимдин укугу жок”,-деп даана жазылып турганын белгилешүүдө.

Буга болбой эле мамлекеттик мекемелерде, жалпы билим берүү, саламаттык сактоо тармагында, өзгөчө жогорку окуу жайлардын окутуучуларына бийликтин талапкерине добуш бересиңер деп, жетекчилери катуу көрсөтмө берип жатканын айтышууда.

Аты-жөнүн айтпоону өтүнгөн Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринин окутуучусу окуу жайдын ректорунан мурда райондук акимчилик шайлоого үч кишини алып келип, добуш бердиресиң деп азыртадан эле тууган-уруктарынын фамилияларын жаздыртып алып, эки-күндүн биринде текшерип жатышканы тажатып бүтүргөнүн белгиледи.

БШКнын мурдагы мүчөсү Жеңиш Акматов президенттик шайлоодо колдонулуучу “айлампа” деген ыкманы мындайча чечмеледи.

- Бүджеттик мекемелердин кызматкерлерин автобуска салып алып, мисалы Бишкекти алсак эки миң мугалимди жүз автобуска салып алып эртең мененки саат 8ден баштап кечки саат 8ге чейин ар бир шайлоо участкаларды кыдырып, келбеген кишилердин ордуна элдин санын көбөйтүш үчүн добушун салдырышат. Анан алар жалгыз бир талапкерге добуш салышат да.

Шайлоолордун бурмаланып өткөрбөө үчүн элибиз ыкшоолук кылбай, алдыдагы президенттик шайлоону бурмалатпоого жалпы көзөмөл кылуусу зарыл,- дейт Акматов.

Парламенттик шайлоо. 16-декабрь 2007-жыл.
- Буга биздин элибиз өзү күнөөлүү. Шайлоого барбай койгон кайдыгерлиги да. Мен учурдан пайдаланып Кыргызстандын жашоочуларына кайрылып кетер элем. Беш жылда бир келген шайлоого келип, келечегибизди аныктай турган ушундай саясий иш чарага эч кайдыгер карабай активдүү катышууларын суранып кетер элем.

XS
SM
MD
LG