Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:10

Чүйдө үгүт иштерине байланыштуу нааразылыктар күч алууда. Өзгөчө оппозициялык маанайдагы лидерлердин аймактагы эл менен болгон жолугушуулары ар кандай тоскоолдуктар менен коштолуп, көчөлөргө илинген үгүт материалдары тытылып кетүүдө.

Аймакта үгүт иштерине байланыштуу шайлоочулар тарабынан ар кандай нааразылыктар айтылып жатат. Алардын бири Бириккен элдик кыймылдын Чүй районундагы мүчөсү Бактыбек Нураалы уулу мамлекетик жана жеке телеканалдар бир гана талапкер Бакиевди өтө жактаган маалыматтарды таратып жатышкандыктары үчүн БШКга кайрылуу жолдоп, кол топтоону баштаганын "Азаттыкка" кабарлады.

Мындай маанайдагы нааразылык чүйлүктөр тарабынан арбын айтылып жаткандыктан биз УТРКнын башкы директорунун орун басары Кайыргүл Урумкановга кайрылганыбызда ал Улуттук биринчи каналда бардык талапкерлерге бирдей эле мамиле жасалып жатканын билдирди.

Ошол эле күнү саясатчы Топчубек Тургуналиев президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевди колдоо иретинде Ысык-Ата районунун Кочкорбаев айылына барган БЭКтин мүчөлөрүнө айыл өкмөт башчысы Эмил Алабачаев тоскоолдуктарды жасап, айрымдарына кол көтөргөнгө чейин баргандыгын кабарлады:

- Баарыбызды тилдеп, жалданма адамдарды айдактап, мага жулкунуп, Эмил Каптагаевге кол көтөргөнгө чейин барды. Эми биз аны сотко берсекпи деп турабыз.

Учурда Чүйдүн Москва районундагы “Ата Мекен” жана “Жашылдар” партияларынын өкүлдөрү райондогу жолугушуулар учурунда видео, фото тартууларга каршылык көрсөтүп жатышкандыктарын айтышат. Себеби талапкер Алмазбек Атамбаевди теледен улам-улам каралап көрсөткөн материалдардан соң ушундай чечимге келдик деп түшүндүрүшөт алар.

Ал эми үгүт материалдарынын көптүгү менен бардык аймактарда негизги орунда турган талапкер Курманбек Бакиевдин жолугушуулары кандай өтүп жатканы туурасында чүйлүктөр мындай дешет.

Абдыкалык Рүстөмов (Москва районунун тургуну):

- Бакиевдин эл менен болгон жолугушуулары жабык имараттарда өтүп, аймактагы мугалимдер, дарыгерлер, айыл өкмөт кызматкерлери чакыруу менен барып жатышат. Өздөрү чакырган адамдарды дагы ит менен текшерип жатышканын көрдүк. Элдик президент эч качан карапайым адамдардан коркпой, эч кандай кайтаруусуз келиши керек эле. Алдын-ала даярдалган колдоолор, коштоолор менен жергиликтүү бийлик Бакиевди алдап жатат.

Асан Нурдинов (Токмок шаарынын тургуну) :

- Курманбек Бакиев келди дегенинен атайын жолугушуу үчүн барганбыз. Бирок үч катар тизилген кайтаруулардан өтө албай кеттик. Ага бере турган суроолорубуз көп эле. Жергиликтүү бийлик азыр жанталашып бир гана талапкер үчүн үгүт жүргүзүп атат. Үгүт материалдарын өздөрү каалагандай ар кайсы жерге илип, жазып, азыр дааратканадан башка жерлерде бүт эле “Бакиевди колдоо” сөздөрү жазылып кетти.


Ошол эле учурда Москва районунун акими Кубанычбек Сыйданов оппозиция өкүлдөрүнүн жергиликтүү бийлик шайлоого аралашып жатат дегени туура эмес деп эсептейт:

- Азыр эл саясий жактан өтө билимдүү. Аларга жергиликтүү бийлик буйрук берет, күчтөп шайлоого алып келет деген жалган сөз. Алар кийлигишпеген күндө деле азыркы өлкө башчысы Курманбек Бакиев жеңип чыгат. Төрт жылдан бери ал өлкөгө эң негизгиси тынчтыкты орнотту. Жасаган жакшы иштерин айтпаганда да.

Жалпылай алсак, бүгүн Чүй аймагында үгүт иштери мурдагыдай активдүүлүктө эмес. Себеби чүйлүктөрдүн көбү талапкерлердин айрымдарын толук тааныбайт, алардын үгүт баракчалары дагы көпчүлүк айылдарга жете элек. Ал эми аймактагы байкоочулардын айтымына караганда, мындай абал менен шайлоого эл жетишээрлик келбей калышы да толук мүмкүн.
XS
SM
MD
LG