Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:04

Өзгөндө Атамбаевдин тарапкерлерине чабуул күчөдү


Өзгөн шаарында «Бакиев» деген жазуусу бар кийимчен спортсмендер президентикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин сүрөттөрүн жана плакаттарын жыйнап кетишти. Мындан тышкары СДПны колдогондорду коркутуп-үркүтүү ачык мүнөзгө өттү.

Бириккен элдик кыймылдын президентикке бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаевдин Өзгөн районундагы үгүт материалдарын белгисиз адамдар күн сайын жыйнап же сыйрып кетүүдө. Мындай мыйзамсыз жорукту жергиликтүү оппозиционерлер бийлик уюштурду деп эсептейт:

- Куршаб кыштагында бирөөнүн эки кабат үйүн төрт миң төлөп, келишимдик негизде штаб кылган элек. Айыл өкмөтүнүн орун басары келип бизди айдап чыгып, ордубузга «Ак жол» партиясына жайгаштырып таштады, - дейт «Азаттыктын» кабарчысына Алмазбек Атамбаевдин Өзгөн райондук штабынын мүчөсү Осмон Эргешов. – Мындан тышкары калк жыш жайгашкан Мырзаке кыштаганда Атамбаевдин жарнактарын илип койсок, айыл башчысы жулуп коюптур. Кайра илсек, ортосунан жыртып, жараксыз кылып таштады.

Ал эми аталган штабдын башчысы, социал-демократиялык партиянын Өзгөн райондук төрагасы Алишер Бакышев көпчүлүк идеялаштарынын өмүрү кыл учунда тургандыгын белгилеп, азыркы бийлик жасаган, же уюуштурган кылыктары үчүн эртедир-кечтир жооп берээрин эскертти.

- Журт башындагылар элди түндүк-түштүккө бөлүп, от менен ойноп жатышат. Жыйырмадан ашуун «Бакиев» деген формачан спортсмен балдар Атамбаевдин Өзгөн шаарындагы миңдеген сүрөттөрүн жана плакатттарын бир эле күндө жыйнап кетишти. А түгүл биздин эки шеригибизди коркутуп-үркүтүшүптүр. «Көчөсүң, урам-житирем, өлтүрөм!» деп. Ушу кезге дейре мынчалык ыплас шайлоону көргөн эмесмин.

Алишер Бакышевдин айтымында, Бишкекте иштеген чоңдор тобу, мисалы, Жогорку Кеңештеги «Ак жол» фракциясынын жетекчиси Улукбек Ормонов, Улуттук Банктын башкармалыгынын мүчөсү Абдыжапар Тагаев өңдүү өзгөндүк аткаминерлер аймакты беймарал кыдырып, жердештерин азыркы өлкө башчысы Курманбек Бакиевди президентикке кайрадан шайлоого ачык эле үндөп жатышат.

Кепке аралашкан райондогу Капар Кулматов атындагы орто мектептин мугалими Канайым Султанованын байкоосунда, административдик ресурстардын бардыгы учурдагы президент Курманбек Бакиевдин пайдасына ченемсиз иштетилүүдө:

- Ушундай тоскоолдуктарды карап олтуруп президенттик шайлоо таза өтөөрүнө ишенбей калдым. Айыл башчысы жана өкмөт адамдарыды үймө-үй кыдырып, Бакиевди шайлоого ачык үндөп, бийлигинен ашкере пайдаланууда. Мисалы, мени айыл өкмөтү чакырып, райондун акимине дейре кирдик. Алардын айтканына көнбөй койдум эле, менин тизмемди бардык укук коргоо органдарына берип ташташыптыр. Аңдып жүрүшөт.

Канайым Султанова Бакиевден башка талапкерлердин программасын колдогон бюджеттик ишкана-мекемелердин кызматкерлерине кысымчылык күчөгөндүгүн билдирди. Ошондой эле анын кебине караганда, мамлекеттик органдар СДПнын жана «Ата Мекен» партиясынын участкалык шайлоо комиссияларына кирген айрым мүчөлөрүн коомдук жумушунан баш тарттууга мажбурлашууда.

Өзгөн районунун акими Байышбек Жуманазаров менен байланышканыбызда, алардын дарегине эч бир партия даттана электигин, эгерде кандайдыр бир арыз түшсө, дароо териштирилип, айыптууларга токтоосуз чара көрүлөөрүн ачыктады.

Мындан тышкары Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бегматов оппозициянын бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаевдин үгүт өнөктүгүнө бийлик тарабынан тоскоолдук болуп жаткандыгын, азыркы президент Курманбек Бакиевге ашыкча шарттар жаратылгандыгын төгүндөдү:

- Биз эми оппозиция же позиция деп бөлбөйбүз. Борбордук шайлоо комиссиясы көз карандысыз орган. Ушул күнгө дейре бут тосуулар же башка мыйзам бузуулар жөнүндө бир дагы талапкер жана алардын өкүлдөрү бизге кайрылган жок.

XS
SM
MD
LG