Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:52

Мөөнөтүнөн мурда добуш кайсы учурда берилет?


Шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна БШКнын маалымат-талдоо бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Жумагулов жооп берди.

- Бүгүн президенттик шайлоо өткөрүү боюнча республикалык штабдын жыйыны болгон атат. Анда кайсы маселелер каралат?

- Эми азыр шайлоону уюштуруу учурунда шайлоо комиссиялары өздөрү гана баардык иштерди кылышууда. Анан негизинен биз да шайлоого даярдык көрүүдө жардам берип, телефондорду өткөрүү, имараттарды берүү жактары боюнча штаб түзүлгөн. Жергиликтүү бийлик органдары дагы участкалык комиссияларга, райондук комиссияларга жардам берүү боюнча иш аракеттерди жүргүзүп жатат. Шайлоо өткөрүү боюнча республикалык штабдын башчысы, премьер-министр Игорь Чудинов жана биздин төрага Дамир Лисовский андан сырткары республикалык деңгээлдеги жетекчилердин катышуусу менен бүгүн селектордук кеңешме өткөнү жатат. Анда облус губернаторлору, облустук шайлоо комиссияларынын төрагалары шайлоого даярдык боюнча доклад кылышат.

- Ошол эле учурда шайлоо участкалары техникалык жактан жабдылганы менен комиссияларынын курамын түзүүдө, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде кандайдыр бир калпыстыктар бар деген маалымат бар. Мунун канчалык чындыгы бар?

- Бизге андай маалыматтар дагы жетип жатты. Кайсы жерде шайлоо комисияларынын үчтөн бир бөлүгү саясий партиядан, үчтөн бири шайлоочулардын жыйынынан, калганы болсо мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерден түзүлүшү мүмкүн эле. Анан кээ бир жерлерде болсо саясий партиялар активдүү болбой, райондук комиссиялардын ткурамын түзүүдө туура эмес жактары болуп калыптыр. Бизге түшкөн ар бир маселе боюнча барып карап, чечимдерин бузуп, анан алардын курамын кайра жаңыдан түзүп жаттык. Жакында Сокулукта дагы ошондой нерсе болду. Келген маалыматтар боюнча өзүбүз дагы текшерип, карап атабыз. Кайсы жерде ушундай туура эмес жагдайлар болсо дароо реакция жасайбыз.

- Президенттик шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүнө байкоо салып жаткан “Менин тандоомдун мезгили” жарандык уюмдар биримдиги мөөнөтүнөн мурда добуш берүү мыйзам бузуулар менен коштолуп жатканын айтууда. Бул боюнча маалыматыңыздар барбы?

- Ооба, маалыматыбыз бар, бул боюнча БШК төрагасына дагы айтканбыз. Төрага мени Биринчи май райондук шайлоо комиссиясына жиберди. Анткени ушул жерде ошондой мыйзам бузуулар болуп жатканы тууралуу кабар түшкөн да. Эми Шайлоо кодекси боюнча мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, аскер кызматкерлери, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана өлкөнүн сыртына чыгып кетип аткан Кыргыз Республикасынын жараны гана катыша алат, тактап айтканда ушул төрт категорияга кирген кишилер гана добуш бере алат. Бул үчүн алар өздөрүнүн тиешелүү документтерин көрсөтүш керек.

Анан кээ бир жетекчилердин Кодекстин нормасын түшүнбөстүгү болуп кеттиби, же кандай иши кылса ушундай мыйзам бузуулар болуп жатат дегендей сөздөр чыгып кетти. Бирок биз келсек райондук комиссия мындай нерселерди өткөрбөй, милиция кызматкерлери өздөрү эле келиптир добуш беребиз деп. Милиция кызматкери добуш бериши үчүн анын жетекчисинин буйругу болуш керек, ушул күнү, ушул жерде коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-аракеттер болот дегендей буйругу болуш керек. Алардын андай буйругу жок экен, райшайкомдун төрагасы аларды кайра жиберди. Ошол эле учурда медицина кызматкерлери келип жатыптыр, биз шайлоо күнү нөөмөттө болобуз, операцияга кирип кетебиз, добуш бергенге убактыбыз жок болот деген сөздөрдү айтышты. Бирок Кодекстин нормасында жогоруда айткан төрт эле категория бар. Анан биздин райондук комиссияны дагы туура түшүнүгү бар экен, алар мыйзам чегинде өткөрүп атыптыр.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG