Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:18

Э.Каптагаев: Садыркулов бийликке коркунуч туудурган


М. Садыркуловдун өлүмү жана алдыдагы президенттик шайлоого байланыштуу суроолорго “Улуу биримдик" партиясынын төрагасы Э.Каптагаев жооп берди.

- Эмилбек мырза, президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Сарыкуловдун табышмактуу өлгөнүнө 4 айдын жүзү болду. Бирок эмдигиче күч органдары ушул өлүмдүн бир ынанымдуу себебин коомчулукка айтып бере элек. Ушул окуя боюнча сиздердин партиянын, БЭКтин азыркы учурдагы көз карашы кандай?

- 13-март күнү Медет Садыркуловдун өлүмү жөнүндө биринчи болуп кабар айтып, өзүбүздүн партиянын атынан позицияны билдирдим эле. Садыркуловдун өлүмүнүн себептерин биз анын саясий ишмердигинен издешибиз керек, бул саясий буюртма өлүм деп. Андан кийин тергөө иштери жүрдү, мына сот да бүттү ошол тергөөдө дагы, соттун жүрүшүндө дагы башкаларга билбейм бирок мага ынандыра турган, жөнөкөй эле кырсыктын кесепетинен болуп кетти, бул жерде башка себеп жок дегенге ишендире турган бир да жүйөө уккан жокмун.

Баардыгы эле будамайлап өлүм жөнүндө сөздү кыскартып, коомчулукта айтылбагандай кылып, автокырсыкка эле такап барып бүтүрүп коюшту. Эми бул жерде бул кишинин өлүмүнөн биз шайлоо астында деле чоң сабак чыгарышыбыз керек. Анткени ушул кишинин өлүмү, дагы башка көптөгөн кишилердин өлүмү, ошондой эле журналисттердин сабалып жатканы, колу-буттары сындырылып жатканы бул биздин азыркы кездеги жашап жаткан заман, мына ушул шайлоодон кийин келе турган замандын түрүн көрсөтүп турат.

- Садыркулов менен өлөөргө жакын жолугуштум эле деп айтып кеттиңиз ошол мезгилде Садыркулов оппозицияга кошулуу, башака иш-аракеттери жөнүндө сизге айтты беле?

- Ал киши оппозицияга кошулуу эмес, ал киши “өлкөдө конструктивдүү күчтөрдүн жалпы биригүүсү астында турабыз, бир-эки күндөн кийин көрөсүңөр” деп айткан. “Эки күндөн кийин кандай саясий процесстер башталаарын көрөсүң, биз азыр чоң саясий кыймылдын астында турабыз”, деп айткан. Бул маркумдун өзүнүн сөзү.

- Демек анын өлтүрүлүшүнө мына ушул аракеттери, сөздөрү себеп болуп калдыбы?

- Мен ошондой деп ойлойм, мисалы Алматыдан барып жолуккан, бул жактагы кишилер анын жасайын деп аткан иштеринин түбүн, тамырын карап көрсө эле ошонун себептери чыгат. Менин оюмча, бийликке абдан чоң коркунуч туулган. Алар Садыркуловдун уюштуруу дараметинен, саясий авторитетинен корккон, ошого карата ушундай кырсык өзүнөн-өзү чыгып калды деп ойлойм да.

- Маркум Медет Садыркулов президенттик администрациясынын башчысы болуп турган учурда, 2008-жыл жаңырып жаткан убакта ага белгисиз бирөөлөр аркылуу кишинин кулагы менен сөөмөйү белек катары берилгендиги айтылып жүргөн. Ошол эле учурда бул белектин ээси президентке жакын адамдардын бири болушу керек деген дагы жоромолдор айтылып чыккан. Мына ушундан кийин деле кандайдыр бир жыйынтык чыгарууга болобу? Медет Садыркуловдун өлүмү ушул президенттин өзүнө жакын адамдарга керек болгон дегендей...

- Эми антип айтыш үчүн так далил керек, бирок кимге коркунуч туулуп атат, кимге ушунун өлүмү керек эле деген суроону ар ким бериш керек да. Ошол сөөмөй менен кулак берилгенде ошону жасаган милиционерлер кармалды, сурак болуп атат деген маалымат прессада болгон. Төрт милиционер кармалды, сурак берип атат ошолор талаага алып барып таштап атканда машинасынын номерин ошол жергиликтүү эл көрүптүр деп чыккан да. Андан кийин эле ың-жыңсыз жок болуп кетти, ал милициялар эмне болду, сот жообуна тартылдыбы, ал байкуш кулагы, сөөмөйү кесилген киши ким, өлгөн кишиникин кестиби же тирүү кишиникин кесип туруп анан өлтүрүп коюштубу деген суроолорго коомчулук жооп алган жок да. Бул уяты бар, ыймандуу мамлекетте болчу иш эмес да мамлекетте экинин бири болуп турган кишиге сөөмөй менен кулакты белек кылып жибериштин өзү менин оюмча бул биздин мамлекет кандай деңгээлде жапайычылыкка, каракчылык, ууру-кескиликке кетип калганыбыздын далили болуп атпайбы.

- Эмил мырза, эми сөздү чукулдап калган президенттик шайлоо тууралуу улантсак. Мына БЭК 23-июлду добуштарды сактап калуунун улуттук күнү деп жарыялады, ушуга токтоло кетсеңиз.

- Бүгүн кимден сурабагыла, көчөдөн жолугуп сурайсыңарбы, кошунаңардан, туугандардан сурайсыңарбы, мен Бакиевди колдойм, добушумду берем деген кишини табыш кыйын. Өзүлөрүндө иштеп аткан кызматкерлер кызматын жоготуп алам деп корккон кишилер эле болбосо калгандары ачык эле айтып атат “биз добуш бербейбиз” деп. Ушундай шартта бийликти сактап калуу деген маселени чечүү менен таза шайлоо өткөрүү бири-бирине карама-каршы маселе болуп калды. Эгер бийлик таза шайлоо өткөрсө бийлигинен кол жууйт, бийлигин сактап калам десе шайлоону бурмалайт, элдин добушун уурдайт. Мына ошон үчүн биз азыр айтып атабыз таза шайлоо өтүш керек, таза шайлоонун өтүшүнө эл өзү кепил болуп, эл өзү көзөмөл кылыш керек. Ошон үчүн жалпы эл туруш керек, “биз добушубузду уурдатпайбыз, укугубузду, келечегибизди уурдатпайбыз, өз келечегибизди өзүбүз чечебиз” деген ураан менен ошол күнү жалпы эл көтөрүлөт деп чакырык чыгарып жатабыз.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG